Пайгамбарыбыз мындай болоорун 14 кылым мурун айтып кеткен!

https://kyrgyzcha.site/?p=49696&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Пайгамбарыбыз мындай болоорун 14 кылым мурун айтып кеткен!

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) бизге анын үммөтүнөн бир топ адамдар жөөттөр менен христиандарды ээрчип, аларды бардык нерседе туурашат деп алдын ала айтып кеткен. Абу Саид аль-Худри риваят кылды, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:

«Силер өзүңөрдөн мурункулардын жолун карышын карыштай, чыканагын чыканактай сөзсүз ээрчийсиңер. Жадагалса алар кескелдириктин уясына кирсе, силер да киресиңер». Биз сурадык:

«О Алланын Элчиси!

Жөөттөр менен христиандарды айтып жатасыңбы?». Ал айтты:

«Алардан башка ким болмок эле». (Сахих аль-Бухари)

Имам ан-Навави айтты:

«Бул хадистеги мисал катары айтылган карыш, чыканак жана кескелдириктин уясынан максат – аларга окшошуу жана ашыкча ээрчүү. Мындагы окшошуу – куфурлукта эмес, күнөө иштерде жана карама-каршылыктагы окшошуу. Бул хадисте Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) дын ачык муъжизасы камтылган. Анткени бардыгы анын айтканындай болду». (Шарх Сахих Муслим)

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) дын, 1400 жыл мурун айткан бул сөзүн бүгүнкү күндө өз көзүбүз менен көрүп жатабыз.

Кээ бир адамдарга таң калыштуу болушу мүмкүн, бирок чыныгы мусулман үчүн бул жаңылык эмес♥

Анткени ал чын жүрөктөн Аллага ыйман келтирип, кыйынчылыктарга карабастан Анын динин бекем карманат. Балким мындай сөздөр анын Алла Таалага жана Мухаммад пайгамбарга болгон ыйманын жана сүйүүсүн күчөтөт. Мусулман адамдын ыйманы тоодой бекем жана адамзаттын табиятына каршы келген негизсиз идеологияларды тутунуудан дайым алыс.

•Ал эми коомдун агымына туруштук бералбай, өзүнүн диний милдеттерин аткармак турсун аны билүүгө да аракет кылбастан башкаларды тотукуштай туурап өзүнүн динин, ыйманын, ар намысын, уяттуулугун жарыбаган дүнүйөгө саткан мусулмандарды кандай мүнөздөсөк болот?! Же базар экономикасы деп эле ыйманыбызды да сатып жиберебизби?! Же бүгүнтөн баштап өзүбүздүн мусулман деген атыбызды жаманатты кылбай Ислам динин терең окуп үйрөнүп, аны менен жашоого умтулабызбы?!

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) башка хадисинде мындай деп айткан:

«Жакындап калган жамандыктан (бейкапар) араптарга балээ болсун! (Акыр заман жакындаганда) түндүн караңгы бөлүктөрүндөй фитналар болот. Адам эртең менен ыймандуу болсо, кечинде кафир болот. Кээ бир адамдар динин арзыбаган дүнүйөгө сатышат. Ошол күндө динин карманып жашаган адам – кызыган чокту кармаган адам сыяктуу болот». (Имам Ахмад)

Ал эми башка хадисте айтты:

«Чындыгында, силерден кийин сабырдуулукту (талап кылган) күндөр келет. Ошол күндө сабыр кылуу кызыган чокту кармаганга барабар болот жана (динине) амал кылган адамга так ошондой кылган элүү адамдын сообундай сооп жазылат. Сахабалар сурашты:

«О, Алланын Элчиси! Ал адам ошол кездеги элүү адамдын сообундай сооп алабы?». Ал айтты:

«Жок, силерден элүү адамдын сообундай сооп алат». (Имам Абу Дауд)

Мусулмандар да майрамдашат.

Биз билишибиз керек, Исламдагы майрамдар ибадат болуп саналат. Мусулмандар аларды майрамдоо менен Алла Таалага сыйынып жакындайт. Баарына белгилүү болгондой Ислам дининде үч гана майрам бар.

Алар Орозо айт менен Курбан айт жана ар Жума күнү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️