Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят:
«Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:
«Аллах Тааланын жүздөн бир кем токсон тогуз Аты бар. Ким аны жаттаса бейишке кирет. Аллахтан башка кудай жок.
Ал♥
1) Ар-Рохман — Мээримдүү; 2) Ар-Рохиим — Ырайымдуу; 3) Аль-Маалик
— Чыныгы падыша; 4) Аль-Куддус — Ар бир кемчиликтен таза; 5) Ас-Салаам — Ар-бир аапаттан Сактоочу, 6) Апь-Му‘мин — Бардык нерселерге
амандык, тынчтык, бейпилдик Берүүчү; 7) Аль-Мухаймин-Макулуктардын үстүнөн күзөтүп туруучу; 8) Апь-Азииз — Ыззат жана
кудурет Ээси; 9) Аль-Жаббаар — Каалоосу мажбур түрдө таасир этүүчү;
10) Аль-Мутакаббир — Улуулук Ээси; 11) Аль-Хоолик — Ар бир нерсени
жаратуучу; 12) Аль-Баариу — Ар бир нерсени өлчөп жоктон бар кылган;
13) Аль-Мусаввир — Сүрөт берүүчү; 14) Апь-Гоффар — Күнөөлөрдү өтө
көп кечирүүчү; 15) Аль-Коххар — Ааламдагы бардык макулуктарды
Өзүнүн кудурети менен баш ийдирүүчү; 16) Аль-Ваххаб — Белек берүүчү;
17) Ар-Роззак — Бардык макулуктарга ырыскы жеткирип берүүчү;
18) Аль-Фаттах — Бардыгына рахмат эшиктерин ачуучу; 19) Аль- Алиим
— Өте билимдүү; 20) Аль-Кобииз — Ырыскыны азайтуучу; 21) Аль-Баасит
— Ырыскыны көбөйтүүчү; 22) Аль-Хоофиз — Каапырлардын мертебесин
төмөндөтүүчү; 23) Ар- Роофи — Момундардын мертебесин кетөрүүчү;
24) Аль-Муиз — Мартабалуу кылуучу; 25) Аль-Музиллу — Кор кылуучу,
26) Ас-Саами — Жашыруун же ашкере болгон добуштардын
баарын угуп туруучу; 27) Аль-Басиир — Бардык нерсени көрүүчү;
28) Аль-Хакам — Эң жакшы өкүм чыгаруучу; 29) Аль- Адл — Адилеттик
кылуучу; 30) Аль-Латииф — Сырларды билүүчү; 31) Аль-Хобир — Кабардар; 32) Аль-Халиим — Пенделерине жумшак; 33) Аль-Азиим
— Улук, Бийик; 34) Аль-Гофуур — Толук кечирүүчү; 35) Аш-Шакуур
— Аз эле ибадатка да көп ажыр сооп берүүчү; 36) Аль-Алиййу — Эң
улук мартабалуу; 37) Аль-Кабиир — Улук; 38) Аль-Хафииз — Өз паанасында сактоочу, коргоочу; 39) Аль-Мукиит — Материалдык
жана рухий азык берүүчү; 40) Аль-Хасииб — Барына жетиштүү;
41) Аль-Жалил — Улук, Айбаттуу, 42) Аль-Кариим — Жоомарт,
43) Ар-Рокииб — Пенделерди ар даиым күзөтүп туруучу; 44) Аль-
Мужииб — Кабыл кулуучу; 45) Аль-Васииу — Өтө кең; 46) Аль- Хакиим —
Чексиз даанышмандык жана акыл Ээси; 47) Аль-Вадууд — Сүйүүчү;
48) Аль-Мажиид — Улуу урматтуу; 49) Аль-Бааис — Кайра тирилтүүчү;
50) Аш-Шахиид — Көрүп билип туруучу; 51) Аль-Хакк — Чындыгында
бар; 52) Аль-Вакиил — Бардык иштерди өзүнүн кепилдигине алуучу;
53) Аль-Ковий — Чыныгы күчтүү; 54) Аль-Матиин — Бекем күч кубаттуу;
55) Апь-Валий — Жардам берүүчү дос; 56) Аль-Хамиид — Мактоого
татыктуу; 57) Апь-Мухсий — Эсептеп туруучу; 58) Аль-Мубди
— Биринчи жолу пайда кылуучу; 59) Аль-Муьиид — Кайрадан жаратуучу;
60) Аль- Мухйи — Тирилтүүчү; 61) Аль-Мумиит — Өлтурүүчү; 62) Аль- Хайй — Түбөлүк тирүү; 63) Аль-Коййум — Бардык нерсени тургузуучу жана
башкаруучу; 64) Аль-Ваажид — Каалаган нерсени табуучу; 65) Аль-
Маажид — Өтө улуу; 66) Аль-Ваахид — Жападан жалгыз; 67) Аль-Ахад —
Жалгыз; 68) Ас-Сомад — Эч кимге жана эч нерсеге муктаж болбоочу;
69) Аль-Коодир — Кудуреттүү; 70) Аль-Муктадир — Өтө кудуреттүү;
71) Аль-Мукоддим — Өзүнө жакын кылуучу; 72) Аль-Муаххир — Өзүнөн узак кылуучу; 73) Аль-Аввал — Баардык нерселерден мурдагы;
74) Аль-Аахир — Түбөлүктүү акыры жок; 75) Аз- Зоохир — Далилдер
менен ачык ашкере; 76) Аль-Баатин — Зат жагынан жашыруун;
77) Аль-Валий — Бардык макулуктарды башкаруучу өкүмдар;
78) Аль- Мута’али — Өтө улуу; 79) Аль- Барру — Жакшылык кылуучу;
80) Ат-Тавваб — пенделерине тообону жеңил кылып берүүчү жана ошол
тооболорду кабыл кылуучу; 81) Аль-Мунтаким — Өч алуучу; 82) Ал-Афувру — Каталарды жууп жиберүүчү; 83) Ар-Роуф — Өтө мээрбан;
84) Мааликул-Мулк — Ааламдагы бардык нерселердин Ээси; 85)
Зулжалаали вал Икроом — Улуулук жана урмат Ээси; 86) Аль-
Муксид — Акыретте ыза чеккендерге зулум кылуучулардан
акысын алып берүү менен бирге Адилеттүү; 87) Аль-Жамии — Топтоочу;
88) Аль-Гоний — Бай; 89) Аль-Мугни — Камсыз кылуучу; 90) Аль-
Маани’у — Кайтаруучу; 91) Аз- Зоорру — Зыян жеткирүүчү; 92) Ан-Наафи’у
— Пайда берүүчү; 93) Ан- Нуур — Жарык кылуучу; 94) Аль-Хаади — Туура жолго баштоочу; 95) Аль-Бадии’у — Үлгүсүз жаратуучу; 96) Аль-Баакии —
Түбөлүк калуучу; 97) Аль-Ваарис — Мурас алуучу; 98) Ар-Рошиид
— Туура жол көрсөтүүчү; 99) Ас-Собуур — Сабырдуу».
(Тирмизи).
Түшүндүрмө:
Аллах Тааланын ысым-сыпаттары Куранда жана башка риваяттарда
көп кездешет.
Ошолордун ичинен ушул хадисте токсон тогузу айтылган.
(«Музаахир хак»).