ПАЙДАЛУУ ДУБАЛАР

https://kyrgyzcha.site/?p=64108&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

~ПАЙДАЛУУ ДУБАЛАР~

 

📝1.Карыздан кутулуу үчүн дуба:

Хазрети Абу Саьид Худри (р.а) баян кылат:

«Бир киши Пайгамбарыбызга айтты:

«Мен каффараларга жана карыздарга аябай батып калдым». Пайгамбарыбыз (саллолоху алайхи уа салам) айтты:

Пример HTML-страницы

«Мен сага ушундай бир сөз айтайынбы? Эгерде сен ушул сөздөрдү айта турган болсоң кафыараларыңдан жана карыздарыңдан кутуласын!». Ал айтты:

«Мага сөзсүз айттыңыз!». Ошондо Пайгамбарыбыз (саллолоху алейхи уа салам) айтты:

«Сен эрте менен жана кечинде бул дубаны айтып жүргүн:

Аллоохумма иннии аьуузу бика минал хамми вал-хузни ва аьуузубика минал ьажзи,вал касли,ва аьуузубика минал бухли,вал-жубуни ва аьуузубика мин голабатиддайни ва кохри рижаали». (Абу Дауд).

Мааниси:

«Эй,Алла!Албетте мен Сенин жардамың менен ойлоно берүүдөн жана кайгыдан паана тилеймин жана Сенин жардамың менен алсыздыктан,жалкоолуктан паана тилеймин жана Сенин жардамың менен бакылдактан,коркоктуктан паана тилеймин жана Сенин жардамың менен карыздан көюөйүп кетишинен жана адамдардын каардуу зулумунан паана тилеймин.

 

📝2.Карыздан кутулуу үчүн дуба:

«Аллоохуммакфинии бихалаалика ьан хароомика ва агнинии бифазлика ьан ман сиваака». (Мишкаттан)

Мааниси:

«Эй,Алла! Мага Өзүңдүн халал ырыскыңды берип,харамыңдан куткар жана Өзүңдүн фазли карамың менен мени Өзүңдөн башкага көз каранды кылба».

ПАЙДАСЫ:

«Бул сөздөрдү Пайгамбарыбыз (саллолоху алейхи уа салам) Али (р.а)га үйрөткөн болчу жана айткан:

«Эгерде сенде тоого барабар болгон карызың болсо да Алла Таала сенин карыздарыңдан кутултат».

(Тирмизи).

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️