Өз напсиме эскертүү

https://kyrgyzcha.site/?p=66885&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Өз напсиме эскертүү⬆⬆⬆

Биринчи эскертүү⬆

Өз напсиме кайрылып, мындай деп айткан элем:

Эй, кайдигер Инсан! Билгиниң⬆

Бул ааламдын өмүрү бүткөн соң сени менен бирге болбой турган жана бу дүйнөнүн урап жок болушунан улам сени менен коштошо турган бир нерсеге жүрөгүңдү байлоо сага ылайык эмес. Өзгөчө сенин өмүрүңдүн бүтүшү менен сени таштап сенден жүз үйрүгөн, өзгөчө кабырда сага достук мамиле кыла албаган, айрыкча сени мүрзөнүн босогосуна чейин узатып келе албаган, анан дагы бир-эки жылдын ичинде сенден түбөлүккө айрылып, күнөөлөрүн сенин мойнуңа асып таштап койгон, өзгөчө сенин тилегиңе каршы жемишин берип жаткан кезде, сени таштап кетүүчү убактылуу нерселерге көңүлүңдү байлоо акылдуулукка жатпайт.

Эгерде акылың болсо, наркы дүйнөгө тийиштүү өзгөрүүлөрүңдө, кабырдагы абалдарыңда жана бу дүйнөгө тийиштүү өзгөрүүлөрүңдүн астында эзиле турган, бузула турган жана түбөлүктүү сапарыңда сени менен достошууга кудурети жетпей турган нерселерди ташта, аларга маани бербе жана алардын жок болуп кетишинен кайгырба!

Пример HTML-страницы

Сен өзүңдүн жан дүйнөңдүн түзүлүшүнө карап көрчү:

Сенин сезимдериңдин арасында ушундай сезимдер бар дейсиң, түбөлүктүүлүктөн жана түбөлүктүү Заттан башка эч нерсеге ыраазы боло албайт. Андан башкага көңүл бура албайт, Анын өзүнөн башкасына кайрыла албайт. Бардык дүйнөнү ага берсең да, анын табигый муктаждыктарын кандыра албайт. Ал нерсе болсо, сенин сезим-туюмдарыңдын падышасы болуп эсептелет.

Даанышман Жаратуучунун буйругуна баш ийген ошол падышаңа баш ий, бардык машакаттардан кутул♥!..

Экинчи эскертүү⬆⬆⬆

Акыйкат бир түш көрдүм, ал түшүмдө адамдарга мындай деп айтып жатыпмын⬆

«Эй адам баласы! Курандын эрежелеринен бир эреже♥

Жараткан Аллахтан башка эч нерсеге ибадат кыла турган даражада өзүңдөн улуу деп ойлобо!

Ошондой эле эч нерседен өзүңдү да жогорку даражада улук көрбө. Себеби, бардык жаратылган макулуктар менен кулдук кылынууга татыктуу болгон Жараткандын сыпаттарынын аралыгы бирдей болгондугу сыяктуу, жаратылуулары жагынан да бирдей болуп эсептелишет».

Үчүнчү эскертүү⬆⬆⬆

Эй, кайдыгер Инсан! Билгиниң⬆

Сезимдериң адаштырып, убактылуу бул дүйнөнү өлбөс жана түбөлүктүү көрүп жатасың. Айланаңа жана бу дүйнөгө карап, аларды аз да болсо туруктуу жана өзгөрбөгөндөй көрүп жатканыңдан, убактылуу напсиңди да ошол назар менен туруктуу деп ойлогонуңдан жалгыз гана кыяматтын болуусунан коркуп жатасың. Кудум кыямат кайым болгуча жашай тургансып, бир гана андан коркуп жатасың. Акылыңа кел, эсиңди жыйна. Сен жана сенин жекече дүйнөң ар дайым ажыроо жана жок болуу соккусуна дуушар болуп турат… Сенин бул сезимиңдин адашуусу менен сандырак сөздөрүң бул мисалга окшойт: Бир адам колундагы күзгүсүн бир үйгө же бир шаарга же болбосо бир бакчага туштаса, ошол күзгүсүндө ошол үй, шаар же бакчанын мисалы көрүнөт. Кичинекей бир кыймыл же болбосо күзгүңдө кичинекей өзгөрүү болсо, ал күзгүңдөгү үй, шаар же бакча термелип, чачылып кетет. Сырттагы үй, шаар же бакчанын туруктуулугу жана түбөлүктүүлүгү сага эч кандай пайда бербейт. Себеби, сенин колуңдагы үй жана сага тийиштүү шаар менен бакча, жалгыз гана күзгүнүн сага берген өлчөмү жана таразасы менен бар болуп турат. Ушул мисал сыяктуу, сенин жашооң менен өмүрүң сенин күзгүң болот. Сенин дүйнөңдүн таянычы, күзгүсү жана борбору – ошол сенин жашооң менен өмүрүң. Ар бир мүнөттө ошол үйүң, шаарың, бакчаң өлүм менен кошо көчүп жыгылуу коркунучу астында болгондугунан, ар бир мүнөттө сенин башыңа кулай турган жана сенин кыяматың боло турган абалдасың. Ырас, абал мына ушундай болгондуктан, сен да бул жашооң менен дүйнөңө тарта албай турган жана көтөрө албай турган жүктөрдү жүктөбө!..

Төртүнчү эскертүү⬆⬆⬆

Билгиниң⬆

Көпчүлүк учурда көрүнгөн Даанышман Жаратуучуга таандык болгон мыйзам ченемдүү бир иш бар. Абдан маанилүү жана кымбат баалуу нерселерди дал өзүндөй кылып кайтарып берет… Тагыраак айтканда, көпчүлүк нерселердин дал өзүндөй болуп жаңыланып туруусу, жыл мезгилдеринин алмашуусунда жана кылымдардын өзгөрүүсүндө ошол баалуу жана маанилүү нерселерди дал өзүндөй кылып кайтарып берип жатат. Күндүк, жылдык жана кылымдык «кайра тирилүүлөрдүн» баарында, Аллахтын бул адатуллах эрежеси көбүнчө уланып турганы көрүнөт. Мына ушул өзгөрбөс эреженин негизинде мындай деп айтабыз:

Ырас, бардык билимдердин бирдиктүү жыйынтыгы жана илимдердин күбөлүгү менен караганда жаратылыш дарагынын эң жетилген мөмөсү адамзат болгондуктан, жаратылган макулуктардын арасында да эң маанилүүсү адамзат болгондуктан, бардык нерсенин ичинен эң кымбаты да адамзат болгондуктан, ошондой эле адамзаттын ичинен жалгыз бир адам калган жаныбарлардын баарына тең болуп саналгандыктан, албетте, кыяматтан кийин кайрадан тирилүү убагында ар бир адам баласы дал өзүндөй, турган турпатындай, аты-затындай болуп кайтарылып жаратылаары айдан ачык маселе деп өкүм чыгарылат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️