ОРОЗОНУ БУЗБООЧУ АБАЛДАР.

https://kyrgyzcha.site/?p=54095&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

????????

 

ОРОЗОНУ БУЗБООЧУ АБАЛДАР.

 

?♻?♻?♻?♻

 

*1. Эсинде жок жеп ичүү, же орозо экенин билбестен жыныстык катнашта болуу.*

? Пайгамбарыбыз САВ мындай деген: *»Орозо кармаган адам эсинде жок жеп-ичсе, орозосун бузбай бүтүрсүн. Ага Аллах өзү жеп-ичирген». (муслим)*

 

*2.Бир адам эртең менен ордунан жунуб болуп турса жана кечке чейин ушундай жунуб бойдон жүрсө орозосу бузулбайт.*

 

*3. Кан алдыруу же банка  койдуруу орозону бузбайт.*

 

*4. Көзгө даары тамызуу, сурма коюу орозону бузбайт.*

 

*5.Орозодо мисвак колдонуу орозону бузбайт.* Мисвакты ар дайым колдонуу сүннөт.  Кала берсе тиш пастасы да орозону бузбайт. Бирок, тамактан даамы өтүп кетсе бузат.

 

*6.Тиш жулдуруу орозого кедерги туудурбайт.* Бирок, кан же даары сыяктуулар ичке жутулбоосу шарт.

 

*7.Ооз менен мурунга суу алып чайкоо орозону бузбайт. Тек гана ичке жутулбашына өзгөчө көңүл буруу зарыл.*

 

*8. Салкындануу үчүн жууну, душка түшүү, сууда сүзүү орозону бузбайт.* Тек гана сууда сүзгөндө ооз-мурундан кекиртекке суу кирип кетүүсүнөн сактаныш кыйын болгондуктан, терең сууга кирбеген абзел.

 

*9.Ушак -айың сөздөрдү айтуу, жалган сүйлөө сыяктуу арам иштер орозону чыныгы түрдө бузбаганы менен, буларды кылган адам орозодо айрыкча оор күнөөкөр болот жана орозосунун кабыл болуусуна шек туулат.*

 

*10. Кекиртекке ыш-түтүн же ун-топурак сыяктуулардын чаңы кирсе, чымын кирип кетсе орозону бузбайт.*

 

*11. Ооздун ичиндеги, каңылжаардагы шилекей-какырыкты жутуудан орозо бузулбайт.*

 

*12.Эрксизден кусса, кусунду ооз толтура болсо да орозону бузбайт.*

 

*13.Тиштер арасында калган тамак калдыктары буурчактан кичине болсо, ал жутулса орозону бузбайт.*

 

*14. Тери алдына, кан-тамырга укол алуу имам Абуюсуф менен имам Мухаммед боюнча орозону бузбайт.* Бирок имам Абуханифа буга башкача пикирде болгонун да эске алып, кечки ооз ачардан кийин укол сайдыруу абзел.

 

*15. Гүл, байчечекей жана атыр сыяктуу жыпар жыттуу нерселерди жыттоо менен орозо бузулбайт.*

 

*16.Күндүзү уктап калганда түшүркөп, бел суусу аккандан орозо бузулбайт.*

 

????????

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️