_Орозо кармаган адам болжол менен 16 сааттай ачка жүрөт. Андыктан, орозолуу адам саарлык (оозду бекитүү) жана ооз ачкандагы тамактарына өзгөчө көнүл буруп, алдын-ала пландап алганы оң._
_1 — Кайсы азыктар менен ооз ачуу керектиги тууралуу пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) бизге калтырып кеткен осуяттары бар. Ишенимдүү хадистердин биринде пайгамбарыбыз: “ Эгер араңардан кимдир-бирөө ооз ача турган болсо, анда курма менен ачсын, эгер курма таппай калса, анда суу менен ачсын, чындыгында, суу-тазалоочу”, — деген._
_Курмада адамдын организмине пайдалуу заттар абдан көп жана алар организмге тез жана оңой сиңет._
_Пайгамбарыбыз өзү курманы абдан жакшы көргөн, анын “курма жок үй, тамак жок үйгө окшош деген” хадиси да бар._
_Ал эми ачкарын суу ичүүнүн организмге тийгизген таасири чоң экендиги медицина тарабынан далиденген. Тамак ичерден мурун суу ичүү ашказанды тамакка даярдап, сиңимдүүлүгүн жогорулатат. Андыктан, бул нерселерге өзгөчө көңүл буралы._
_2 — Эртең менен ооз бекитерде тамактарды ашыкча туздоодон качуу керек. Анткени туздуу тамак адамды тез суусатат._
_3 — Ооз ачуу убагында кургатылган жемиштерди колдонуп, шам намазын окуп келген соң күчтүүрөөк тамактарды ичкен жакшы. Анткени ооз ачканда дароо тоюп алуу намаз окууну кыйындатып, ашказанга да күч келтирет._
_4 — Оозду убагында ачууга шашылуу зарыл. Анткени, Аллах Таала: “Менин кулдарымдын эң сүйүктүүсү — ооз ачканга шашылгандар” деген. Ал эми пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) суу менен болсо да ооз ачпастан шам намазын окуган эмес._
_5 — Орозолуу киши эртең мененки саарлыкка уктап калбоого аракет кылуусу абзел. Пайгамбарыбыздын ишенимдүү хадистеринин биринде «Сухур кылгыла, анда береке бар” деп айтылат. Эртең мененки тамакта бир күндүк энергиянын булагы бар. Ал эми саарлыкка уктап калган адамдын орозосу бузулбайт, мындан коркпоо керек. Ал болгону бул күнгө орозо кармаганын ниет кылып, ооз ачуу убактысын күтүүсү гана калат._
_6 — Ооз бекитүү жана ооз ачкандан кийинки дубаларды азыртадан баштап жаттай баштаса болот. Ооз бекиткенден кийинки дуба: “Навайту ан асувма саума шахри Рамазана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи таала Аллаху акбар” (Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым. Аллоху акбар)._
_Ооз ачардагы дуба: “Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва ала ризкика афтарту, фагфирли ма каддамту ва ма аххарту бирохматика йа армахаар рохимин” (Алла Таалам, өзүң үчүн орозо кармадым. Өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир)_
БАШКАЛАР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮНҮ УНУТПАҢЫЗ!.