ОРОЗОДО ТОК КАРМООЧУ ТАМАКТАР!

https://kyrgyzcha.site/?p=36216&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ОРОЗОДО ТОК КАРМООЧУ ТАМАКТАР!

Орозодо саарлыкта айрымдар туура тамактанса, айрымдар кечки тамакты жылытып жеп алышат. Муну менен түшкө чейин эле курсагы ачып орозосун ачып алгандар кездешпей койбойт. Ал эми туура тамактануу орозону туура жана жеңил кармоого башкы себеп болот.

Гречка

Бул дан азыгы витамин менен минералдарга бай. Башка дан азыктарына караганда курамында белок көп болгондуктан ачкалыкка жол бербейт. Ошондуктан гречкадан ботко жасап, ага куурулган тооктун сулп этин, шампиньон козу карынын кошуп, үстүнө бир аз соус куюп жеңиз.

Жумуртка

Бир жумуртка 70 калориядан жана 6 грамм протеинден турат. Жумурткадагы протеиндер башка калориялуу тамактарга караганда адамдын көп убакытка чейин ток жүрүүсүнө эле эмес, кубаттуу болушуна да жардам берет. Ал үчүн саарлыкта дайым кайнатылган жумурткадан 2ни жеп туруу керек.

Пример HTML-страницы

Шорпо

Шорпого суу көп кошулгандыктан аны ичүү менен адам өзүн күн бою ток сезет. Шорподон кийин десерттин да кажети жок болуп калат. Көбүнчө тоок этинен жасалган шорпого сельдерей, шпинат сыяктуу клетчаткага бай жашылчаларды кошуп ичкен туура.

Сулу акшагы

Мында да 4төн 7 граммга чейин протеин бар. Көпкө чейин ачкалыкты сезгиңиз келбесе, чоң чынынын жарымынан келген сулу акшагына сүт кошуп ботко абалындай кылып, мөмө-жемиштер менен ичсеңиз болот.

Айран

Айран бир эле учурда ток кармайт жана чаңкоодон сактайт. Ал микроэлементтерге, белокторго, витаминдерге бай. Айранга ашкөктөрдү кошуп ичсеңиз, оозду бекиткенден кийин тамак сиңирүү системаңызга оң таасир тийгизет.

Жаңгак

Анда бир топ клетчатка, протеин жана майлар бар. Грек жаңгагы, бадам, мисте абдан натыйжалуу. Бирок бир жегенде 30 граммдан ашык жебеңиз.

Балык

Балык токтукту эле камсыз кылбастан, организмди белокко толтуруп, зат алмашууну нормалдаштырат, кандагы холестеринди азайтат жана жүрөктүн, мээнин ишин жакшыртат. Эң пайдалуу сорттору – сёмга, лосось, минтай, треска.

Алма

Бир алма 80 калориядан турат. Ошондой эле курамында 4 грамм клетчатка жана көп өлчөмдө суу бар. Күнүгө саарлыкта тамактан кийин бир алма жеп койсоңуз, күн бою ачкалыкты сезбейсиз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️