Суроо:
Орозону эмне менен ачуу керек?
Жооп
Хурма менен, суу же сүт менен ачуу сүннөт.
Булар жок болсо мөмө-жемиш же жашылчалар менен ачууга болот. Мисалы, зайтун менен ачылат. Отто бышкан нерсе менен, мисалы, нан, чай, шорпо менен ачпоо керек.
Бир хадиси шарифтин мааниси:
«Ифтарды хурма менен ачкыла, анткени, ал — береке. Эгер хурма табылбаса суу менен ифтар кылгыла, анткени, ал — тазалоочу.” (И. Маже)
Бул темага байланыштуу башка хадиси шарифтер төмөндөгүдөй:
«Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаңы бышкан хурма менен ифтар кылчу. Жаңы хурма жок болсо кургатылган хурма менен, ал да жок болсо суу менен ифтар кылчу♥” (Тирмизи)
«Пайгамбарыбыз алейхиссалам ифтарын сүт менен дагы аччу♥” (Даре Кутни)
«Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч хурма менен же от тийбеген бир нерсе менен ифтар кылчу♥” (Абу Йа’ла)
Ифтар дубалары
Суроо:
Орозобузду ачып жатканда же ачкандан кийин кандай дуба кылышыбыз керек?
Жооп
Орозо кармаган адамдын өзгөчө ифтарга жакын кылган дубасы кабыл болот. Үч хадиси шариф:
«Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кайтарылбай турган бир дубасы бар.” (Ибни Маже)
«Орозо кармаган адамдын дубасы кайтарылбайт.” (Тирмизи)
«Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кылган дубасын Аллаху таала артка кайтарбайт♥” (Бейхеки)
Ифтардан мурда Аузу жана Бисмиллах окуп «Аллахумма йа васи’ал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумулхисаб” деп окулат.
Мааниси:
«Эй, кечирими кенен болгон Аллахым!
Кыямат күнү суракка тартылып жатканда мени, эне-атамды, устазымды, эркек-аял бардык момундарды кечире көр!”
Бираз жеп-ичкенден кийин:
«Захабаззама’ вабталлатил урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” – деп окулат жана тамак башталат. Кыскача мааниси:
«Ачкалык, суусоо бүттү. Иншааллах сообуна да жеттик♥” (Ибни Маже)
Пайгамбарыбыз алейхиссалам да төмөндөгүдөй дуба кылчу:
«Аллахумма лака сумту ва бика аманту ва алайка таваккалту ва ала рызкыка афтарту, фа такаббал минна. Иннака антас-самиул алим.”
(Мааниси:
«Эй, Рабби, ыраазылыгың үчүн орозо кармадым. Сага ыйман келтирдим, сага ишенип, таяндым. Ырыскың менен ифтар кылдым, ибадатымы кабыл кыл! Албетте, сен бардык нерсени Угуучу жан Билүүчү затсың♥”) (Абу Давуд)
Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жамааттын ичинде ифтар кылганда да мындай дуба кылчу:
«Дасторконуңарда орозо кармагандар ифтар кылсын, тамагыңарды такыбаа ээлери жесин жана периштелер силер үчүн истигфар кылсын!” (И. Ахмед)