Күнөөң себептүү мусулмандардын кыйроосуна себепкер болуп калуудан сактангын!
♥Абдулла ибн Аббас (радияллаху анху) күнөө ээлерине айткан кайрылуусунда мындай деген:
“Эй күнөө ээси, күнөөңдүн акыбетинен аманмын деп ойлобо! Чындыгында күнөө өзүнөн чоң балээни алып келет.
•Эгер күнөө кылып жатып, жаныңдагы адамдардан уялбасаң же күнөөңдүн артын карабай шайырдансаң, анда бул ишиң, кылган күнөөңдөн да коркунучтуу. Бирок Алла Таала эмнени көрсөтүп койоорун билбейсиң!
•Эгер күнөөгө жетип, тилегиң ишке ашып сүйүнсөң же күнөөгө жетпей, – жашоо караңгы болуп – капалансаң, анда бул ишиң, кылган күнөөңдөн да коркунучтуу.
•Күнөө кылып жатып, терезенин пардасын эл көзүнө ачкан шамалдан корксоң, бирок жүрөгүң менен Алла Тааланын көрүп туруусунан кооптонуп коркпосоң, анда бул ишиң кылган күнөөңдөн да коркунучтуу”.
♥Урматтуу бир-тууганым!
Башыңа бактысыздык келип калгыча тауба кылууга шашыл!
Кабыл алуу эшиги жабылып калгыча күнөөңдү таштап, Аллага кайткын!
Ислам аалымдары айтышкан:
Эгер инсан күнөөдө да неъматта да болсо, анда анын Аллага истигфар жана мактоо айтуусу милдет болот.
♥Ал-жаузий рахимаху-лла айтат:
“Кыйынчылыкта болгон элге, Алла үчүн сабыр кылуу менен Ага ду‘а кылуудан өткөн пайдалуу нерсе жок.
Ал эми бейпилчилдикте болгон элге, Аллага шүгүр келтирүү менен Ага мактоо айтуудан өткөн пайдалуу нерсе жок”.
♥Алланын Элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) истигфар айткандарды сүйүнчүлөп айтат:
“Эгер кимде-ким ( Кыямат күнүндө ) амал китебинен көп истигфар айтканын тапса ага Тууба болсун”! (Ибни Маажа )
•Күнөөлөр истигфар айтуу менен жуулса, неъматтар шүгүр кылуу менен кошулат.