?ӨЛҮМ..
⠀
?СУРОО: Өлүмдү көп эстеп корко беремин. Ошонун аркасынан түндө уктай албай кыйнала беремин. Ушундай ойлордон кандай арылсам болот? Өлүмдү эстегенде төбө чачым тик туруп, денем титирей берет.
⠀
?ЖООП: Өлүмдөн баардык эле адамдар коркот. Бирок андан да коркунучтуусу, эч кандай сооп амалсыз, даярдыксыз барып калуу. Ошондуктан жакшы амалдарды кылып, өлүмгө даярдык көрсөңүз, анын үзүрүн көрөсүз. Өлүмдү эстөө адамды коркок кылбаш керек, тескерисинче ибадат кылып калууга шыктандырыш керек.
⠀
Жүрөк жакшылык менен жамандыктын ортосунда адам баласы көз жумганга чейин чайпалып турганы турган. Өлүм – түбөлүк акырет жашоосунун башталышы. Андыктан түбөлүк сапарга чыкканга чейин анын камын көрүү кажет. Жүрөктү «марифатуллах» (Жаратканды жан дил менен таанып, Анын буйрукжарлыктары менен жуурулуша жашоо) аркылуу көркүнө чыгарып, түбөлүккө даярдык көрүү зарыл. Ошондо гана «көз жумганга чеиин көз жумгула (б.а., өзүңөрдү теске салгыла)!» деген насааттын сырын чечип, напсинин үстөмдүгүн кулатып, анын ордуна Жаратканга бапестелген эң жогорку аруу сүйүүнү толук орноткон болобуз.
⠀
Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Мүрзөнү зыярат кылгыла, анткени өлүмдү эстетет» деген. Өлүмдү эстөө жакшы нерсе, эгер бул адамды такыбалыкка түрткөн болсо. Бирок өлүмдү эстеген сайын коркуп, титиреп, өзүн жоготуп, жашоодон үмүтсүз болуу шайтандын азгырыгы болушу да мүмкүн. Аллах канча өмүр берген болсо, ошону жашайбыз, аны бир саатка дагы узартып же кыскартып алалбайбыз. Ошондуктан мусулман адам өзүн толугу менен Аллахка тапшырыш керек.
⠀
Эгер билсек өлүм биз үчүн табылгыс улуук насаатчы, эскертүү!ң Ыйманың алсырап жатса өлүмдү эсте жүрөгүң ойгоно баштайт! Жан дүйнөң караңгылыкка батып жатса өлүмдү эсте жашоого болгон максатың пайда боло баштайт! Жараткандан алыстап моюн сунууну каалабай жатсаң өлүмдү эсте Анын алдында эмне деп жооп берем деген ойлор пайда боло баштайт! Ошондуктан өлүмдөн коркпойлу өлүмгө даяр болой өтүп кетүүдөн корколу!
⠀
«(Ал) өмүр менен өлүмдү силердин кимиңер жакшы амал кылаарыңарды аныктоо үчүн жараткан» деп буюрулат (мулк:2)
☪