Өлүмдөн кийин боло турган нерселерге ишенүү
«Оо, адамдар! Эгеңерден корккула. Чындыгында Кыяматтын силкинүүсү өтө чоң коркунучтуу улуу нерсе.
Ал күнү ар бир эмизүүчүнүн эмизген нерсесин (баласын) унутканын жана ар бир бойунда бар (ургаачы) бойундагысын таштап койгонун, адамдарды (болсо) мас абалда көрөсүң. Акыйкатта, алар мас эмес, бирок, Аллахтын азабы катуу. (Алар кыяматтын коркунучунан улам ушундай абалда көрүнүшөт)». (Хаж 1-2 аят).
—«Ал кезде жакын жакынынын абалын сурабай калат. Алар бири-бирине көрсөтүлүшөт. Ошол күнү күнөөкөр (каапыр) азаптан улам балдарын деле төлөп жиберүүнү каалап калат, аялын жана бир тууганын деле… Аны коргоп жүргөн тууганын да… Жердегилердин баарын (берип) анан кутулуусу келет. Бул жерде антип эч качан кутулууга болбойт!» («Ма’ариж»: 10-15).
—«Аллах заалымдардын кылган иштеринин себебинен (тез азаптабаганынан) кабарсыз экен деп ойлобо! Акыйкатта Ал (Аллах) алардын көздөрү чанагынан чыга турган күнгө чейин гана мөөнөтүн узартат. (Ал күндө) алар баштарын (асманга) көтөрүшкөн бойдон (чакырылган тарапка эсеп-китеп берүү үчүн) жүгүрүшөт. Көздөрү өздөрүнө кайтпайт (корккондугунан катып калат). Жүрөктөрү боп-бош болуп калат». («Иброхим»: 42-43).
—«Ал күнү амал таразасы чын. Кимдин таразасы оор болсо, мына ошолор (азаптан) кутулуучулар. Ал эми кимдин таразасы жеңил болсо ушулар гана өздөрүнө зыян кылгандар. Анткени, алар Биздин аяттарды жокко чыгарышчуу». («А’раф»: 8-9).
—«(Жакшы амал кылуучулар) Ошолор «‘Адн» бактарына киришет. Анда алтын жана бермет билериктерди тагынышат. Анда алардын кийимдери жибектен болот. Алар (анда) мындай дешет:
«Баардык мактоо бизден кайгыны жок кылган Аллахка (болсун). Чындыгында, Эгебиз — Кечиримдүү, шүгүр Ээси! Ал Өз жакшылыгы менен бизди туруктуу жайга жайгаштырды. Бизди бул жерде чарчоо да, чалыгуу да албайт».
(«Фаатир»: 33-35).
—«Аныгында такыбалар тынч жайда. Бак дарактардын жана суулардын араларында. Алар жука жана жибектен кийим кийип, маңдай-тескей (орун алышат). Мына ушундай. Биз аларды кара көз (чоң көздүү) үр кыздар менен үйлөндүрдүк. Алар анда түрдүү мөмө-жемиштен бейпилдикте талап кыла алышат. Алар анда биринчи өлүмдөн башка өлүмдү татышпайт жана Ал аларды от азабынан куткарган. Ушлардын баары Эгеңдин мээримдүүлүгүнөн. Бул улуу Бактылуулук». («Духан»: 51-57).
Аллах Таала айтат:
«Албетте (дүйнө тирүүлүгүнөн Аллах Тааланын буйрук көрсөтмөлөрүнө моюн сунуп өткөн) жакшылар (бейиште) аралашмасы кафуур — Аллахтын (жакшы) пенделери иче турган (бейиштеги) булак — болгон шарап кеселерден шарап ичишет. Алар ал (булакты өздөрү каалаган жерден) чыгарып агызып алышат. Алар (дүйнө тирүүлүгүндө өз моюндарына алган) убадаларын толук аткарышат жана жамандык коркунучтары кең жайылуучу (Кыямат) Күнүнөн коркушат. Жана тамакты сүйүп — каалап турушса да, (өздөрү жебестен) жарды кедей, жетим жана жесирлерди тамактандырышат. (Алар айтышат):
«Биз силерди жалгыз Аллахтын жүзүнөн (Аллахтын ыраазылыгын тилеп) тамактандырабыз. Силерден (бул ишибиз үчүн) бир да сыйлык жана алкоо күтбөйбүз. Албетте, биз Роббибиз тарабынан боло турган, (коркунучтуу азабынан жүздөр) тырышып, бырышып калуучу бир Күндөн коркобуз». Ошондуктан Аллах аларды ошол жамандыгынан сактады жана алар (дын жүздөрүнө) жаркыраган нур, (дилдерине) кубанычты белек кылды. Жана аларды сабыр чыдамдуулуктары себебтүү бейиш жана (бейиште үстүлөрүндө боло турган) жибек (кийимдер) менен сыйлады. Алар ал жайда сөрүлөргө жастанган абалдарында отурушат. Алар ал жайда Күн (дүн кызыгуусун) да, чыкыроон (кыштын катуу суугун) да көрүшпөйт. (Бейиш) көлөкөлөрү аларга жакын жана мөмөлөрү да (үзүп алып жешке оңой болуу үчүн) ийип коюлган болот. Аларга күмүш идиштер (де тамактар) жана өзү күмүштөн (жасалган болсо да жукалыгынан) айнек-айнек болуп кеткен чөйчөктөр (да шараптар) аиландырылып турулат. (Ал шараптарды куюучулар ар кимдин керектөөсүнө жараша) өлчөп белгилеп койгон. (Бейиш эли) ал жайда аралашмасы занжабиил (имбирь) болгон шарап кеселери менен (бейиштеги) салсабил — өтүмдүү деп атала турган булак суусу ичирилет. Алардын үстүндө түбөлүк жаш (эч карыбай турган) балдар (кызмат кылып) айланып турушат, аларды көргөн убагыңда (сулуулуктары, ыраңдарынын тунуктугу жана жүздөрүнүн нурдуулугунан) чачып жиберилген берметтерби — деп ойлойсуң. Ал жайда качан карасаң нематтарды жана чоң мүлк-дөөлөттү көрөсүң. Алардын үстүлөрүндө жашыл жибек жана шайы кииимдер болуп, алар күмүш билериктер менен жасанышкан жана Жараткан аларды абдан таза ичимдиктер менен сугарган. Албетте бул (беииш жана андагы нематтар) силер үчүн сыйлык болду жана силердин аракеттериңер (Аллах дарагөйүндө) кабыл болду». («Дахр»: 5-22).
—«Оң кол ээлери. «Оң кол ээлери» (амал китептери оң колуна берилип бейишке кирүүчүлөр) кандай жакшы. Тикенсиз дарактардын арасында. Жемиштери үстү- үстүнө үйүлгөн банан дарагы. (Алар) кенен жайылган көлөкө астында. Дайыма агып турган суусу (бар). Мол жемиштер. (Алар) түгөнгүс жана токтотулбайт. Өйдө көтөрүлгөн төшөктөрдө (отурушат). Биз аларды (андагы кыздарды) жаңыдан жараттык. Биз аларды кыз абалында калтырдык. Күйөөсүн чындап сүйгөн жана жаш курактары бирдей. Оң тарап ээлери үчүн. Оболкулардан бир топ. Кийинкилерден да бир топ». («Вааки’а»: 27-40).
—«Силерге Бейиште көңүлүңөр көксөгөн нерселер бар. Эмне талап кылсаңар баары бар. Бул Кечиримдүү, Боорукер Аллах тарабынан (момундарга ыйгарылган) сый орун». («Ха мим сажда» 31-32).
—«Мына, чектен ашкандар үчүн эң жаман кайтуучу жай. Тозокко киришет. Бул кандай жаман орун. Мына! Эми алар кайнак суу жана ириңди татышсын жана башка ушул өңдүү түрлүү (азаптарды да тарткыла)». («Сод»: 55- 58).
—«Өзүңөр жалган дегениңерге барып көргүлөчү! (Өтө чоңдугунан) Үч бөлүк болуп түтүндөгөн көлөкөгө баргыла. Алар көлөкө да кылбайт жана (тозоктогу) жалындан да коргой албайт. (Ал) үйдөй-үйдөй чоң учкундарды чачыратат, сары түстүү төөлөр өңдүү». («Мурсалат»: 29-33).
—«Тозокулардын үстүлөрүнөн да жана астыларынан да оттон (жасалган) жабуулар, төшөнчүлөр болот. Мына Аллах пенделерин ушул (от) аркылуу коркутат. Оо, пенделерим! Менден корккула!» («Зумар»: 16).
—«Акыйкатта «Заккум» дарагы күнөөкөрлөр үчүн тамак. Ээриген жез өңдүү, курсактарында кайнайт. Кайнаган суу өңдүү. Аны алгыла да, тозоктун дал ортосуна сүйрөп баргыла! Андан соң анын төбөсүнө азаптуу кайнак суудан куйгула! (Аларды кайгыртуу үчүн айтылат) Таткын! Анткени сен дүйнөдө мартабалуу улук элең. Акыйкатта бул силер шектенип келген нерсеңер». («Духан»: 43-50).
—«Анын (баш ийбөөчү) алдында ага тозок бар. (Тозокто ага) ириңдүү суу ичирилет. (катуу чаңкагандан) аргасыз жутат (өтө сасык болгондуктан) кекиртектен ылдый өткөзө албайт. (Демек аны аргасыздан ичет). Ага ар тараптан өлүм келет. Бирок ал өлө албайт. Анын артынан оор азап боло берет».(«Иброхим»: 16-17).