Жалпы макулукту жубу менен жараткан жана
инсанды нике менен урматтуу кылган Алла Таалага чексиз
алкыш жана шүгүрлөр болсун. Нике бизди бузукулуктан,
зынаадан (никесиз жакындыктан) сактоочу, адал менен
арамды ажыратып туруучу чегара.
النكاح سنتى فمن رغب عن سنتى فليس منى
“Никеленүү менин сүннөтүм жана кимде-ким
сүннөтүмдөн жүз бурса, менден (үмөтүмдөн) эмес”, деп
шаръий үй-бүлө курууга чакырган ак пайгамбар азирети
Мухаммад соллоллоху алайхи васалламга, ал заттын үй-
бүлөсүнө жана сахабаларына жана аны жакшылык менен
ээрчигендерге Алланын эсепсиз салават-саламдары
болсун.
“Нике” сөзүнүн сөздүктөгү мааниси жыныстык
катнашуу, ал эми колдонуудагы мааниси болсо, “үй-бүлө
куруу” дегенди билдирет. Шариятта ижаб (жооп берүү)
жана кабыл алуу (эки тараптын ыраазылыгы) менен пайда
болгон нике аркылуу эркек менен аялдын бири-биринен
бардык муктаждыктарды толуктоо үчүн пайдаланууну
адал кылат.
Никеде орчундуу сүннөттөр жана укуктар бар. Аларды
аткаруу жоопкерчилиги эркек менен аялдын мойнуна
жүктөлөт. Эгерде эркек менен аял бул милдеттерди
аткарбаса, кырсык-апааттарга дуушар болуусу мүмкүн,
баары эле муну сезип түшүнө бербейт. Мисалы, үй-бүлө нафака (каржы)сы үчүн адал ырыскы табуу, үй-бүлө жана
перзенттерге туура таалим-тарбия берүү сыяктуу.
Нике бул маани-мазмуну менен динди тургузуу,
мамилени жакшыртуу жана Мухаммад алайхис саламдын
сыймыктарынан болгон жакшылык жана куттуу бир амал.
Бул жөнүндө хадистердин биринде мындай деп айтылат:
“Никеленгиле, көбөйөсүңөр. Албетте, мен кыямат
күнүндө өткөн үмөттөрдүн алдында силердин көптүгүңөр
менен сыймыктанамын. Ал тургай карындан түшкөн
жана чала төрөлгөн бала менен да”.
Никени айрымдар материалдык кыйынчылык,
жетишпөөчүлүккө себеп болот деп күмөн кылышат.
Тескерисинче, нике себептүү инсандын ырыс-дөөлөтү
артат. Анткени жараткан Алла Таала Курани каримдин
“Нур” сүрөсүнүн 32-аятында:
…إِن يكُونُوا فُقَرآء يغْنهِم االلهُ من فَضله وااللهُ واسع عليم32﴿﴾
“…Эгерде алар (никеленүүчүлөр) кедей болушса,
Алла өзү Өз берешендиги менен бай-муктажсыз кылат.
Алла — (берешен, жоомарт) Кең, Билүүчү”, деп айтат.
Ыйык хадисте:
“Бир мусулмандын никесине катышкан киши бир күн
Алла жолунда орозо туткандын сообуна ээ болот жана
бул бир күн (сооп тарабынан) жети жүз күнгө барабар”,
деген улук куш кабар берилсе, башка бир хадисте:
“Эки кишинин никесине себеп болсоң, тактап
айтканда алардын жубайлар болуусуна себеп болуп,
аракет кылсаң, шапааттын артыгы ушул”, деп айтылат.
Ал тургай жогоруда эстеткенибиздей Расулуллох
соллоллоху алайхи васаллам: “Албетте нике – менин
сүннөтүм жана кимде-ким сүннөтүмдөн жүз бурса, ал
бизден эмес”,-деп айткан. Бул чакырык Пайгамбар
алайхис саламдын сүннөтүн ылайык көрбөгөн жана никеге кадыр болуп туруп, үйлөнбөгөндөргө тийиштүү. Кээ бир
жүйөөлүү себептер менен турмуш курбагандар мындан
сырткары.
Никенин касиеттеринин дагы бири, үйлөнүп жаткан
киши зарыл болгондо нике үчүн карыз алса, “Кандай
төлөөр экенмин?” деп башы катпасын. Анткени, бул
карыздын төлөмүн мээримдүү Алла өзүнө алган. Эгерде
үйлөнүүчүнүн ниети тазалык, такыбалык болсо, эч кандай
кыйынчылык, кедейлик жана муктаждыктан коркпосун.
Бул туурасында пайгамбарыбыз солллоллоху алайхи
васаллам: “Кедейлик жана муктаждыктан коркуп үй-бүлө
күтпөгөндөр бизден эмес”, деп катуу эскерткен.
Ханафий мазхабыбызда нике алты бөлүккө бөлүнөт:
1. Аялдын калыңын берүүгө, камсыздандырууга
кадыр, акыл жана жыныстык тараптан жарактуу,
үйлөнбөсө күнөө кылып коюусу анык болгондорго үйлөнүү
парз.
2. Жыныстык жактан алсыз болбогон, калың берүүгө
жана камсыздандырууга кадыр, эгерде үйлөнбөсө, зынаа
(никесиз жакындык) кылуу ыктымалы болгон киши үчүн
үйлөнүү важиб.
3. Жыныстык тараптан орточо, зынаа (никесиз
жакындык) кылуу ыктымалы болбогон киши үчүн үй-бүлө
куруу сүннөт.
4. Үй-бүлөнү алып кетүү милдетине моюн сунбай,
аялына зулум кылуусу мүмкүн болгон кишинин үйлөнүүсү
арам. Анткени, мындай турмуш эки тарап үчүн бакыт
эмес, бактысыздык алып келет.
5. Үй-бүлөнү башкаруу укуктарына ээлик кылбастан,
аялына зулумдук кылуудан корккон кишинин үйлөнүүсү
макрух (жек көрүлгөн амал).
6. Зынаа (никесиз жакындык) кылуу коркунучу
болбосо да, жыныстык ырахат алуу үчүн үйлөнүү мубах
(эрктүү амал).