Напси эркин болушту көксөйт

https://kyrgyzcha.site/?p=48340&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Напси эркин болушту көксөйт

Напси дайыма өзүн эркин кармагысы келип, «Ай дээр ожосу, кой дээр кожосу жок» эркинмин дегиси келет.

Керек болсо «Мен силердин эң чоң кудайыңармын» деп, фараон сыяктуу опсуз кыялданып ойлой баштайт.

Мындайча айтканда, «Мен кудаймын» деген сөздү купуя түрдө айткысы келет. Чексиз көп ырыскылар аркылуу тарбияланып жатканын ойлонгусу келбейт.

Өзгөчө бул дүйнөдө байлыгы жана күч-кубаты бар болсо, анын үстүнө Алла Тааладан бейкабар, кайдыгер болсо, Алла Таала берген кут-берекенин бардыгын эч ойлонбостон айбан сыяктуу жеп-жутат.

«(Аллахтын ырыскыларын) айбандар жегендей жейт» деген мааниге келген аяттын соккусуна ылайык абалга келет.

Ал эми Рамазанда эң байлардан эң жардыга чейин бардыгынын напсиси муну түшүнөт, адам өз напсисине өзү ээ эмес, эркин эмес, ал— Алла Тааланын кулу.

Буйруксуз эң кичинекей нерсеге дагы колумду сунганга акым жок деп кыялындагы текеберчиликти таштап, кулчулукка өтөт, чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүктү кылат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️