Намыс

https://kyrgyzcha.site/?p=51929&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Намыс?

 

Намыс – аруулук, оопалуулук жана чынчылдыктан куралат.

 

Намыска негизделген эч бир система кыйроого учураган эмес, же кыйрагандары өтө сейрек кездешет.

 

?Жигиттин көркү – намыс.

 

Анын беделин түшүргөн нерсе – арсыздык.

 

?Аялдын көркү – аруулук.

 

Өз намысына жана үй-бүлөсүнүн аруулугуна кайдыгер караган адам элинин намысына да кайдыгер мамиле жасаары анык.

 

?Ар-намыс менен урмат-сый бир эмес. Байлык урматсыйга ээ кылышы мүмкүн, бирок ар-намыстын кепили боло албайт. Ал эми кедейлик намыстан ажыратпайт.

 

?Намыс бардык элдер үчүн эң ыйык жана эң улуу сапаттардын арасынан орун алат. Намыс эмне экендигин билбеген адамдын улуулук сапаттарды жактаганы жалган.

 

?Намыс теңдешсиз баалуу алмаздай.

 

Аны эң ишеничтүү казынада сактоо керек. Ошондо анын баасы дагы жогорулайт.

 

?Өзүнүн ар-намысы сыяктуу башкалардын ар-намысына да кайдыгер мамиле жасаган адамдарга аманат берилбейт. Аларга эч ишенүүгө болбойт…

 

?Жарганаттар жарыкты жактырбагандай эле, динсиздер да динди, түркөйлөр илимди, адепсиздер адеп эрежелерин, намыс эмне экенин билбегендер намысты жактырышпайт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️