Намазда рухтун, жүрөктүн жана акылдын өтө чоң ырахаты бар

https://kyrgyzcha.site/?p=41858&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Намазда рухтун, жүрөктүн жана акылдын өтө чоң ырахаты бар

Жана денеге да анчалык оор иш эмес.

Намаз – өтө баалуу жана маанилүү экендигин, өтө арзан жана аз гана чыгым менен табыла тургандыгын, ал эми намаз окубаган адам жеткен акылсыз акмак жана зыяндуу болгондугун эки жерде эки төрт болгондой анык түшүнгүң келсе, ушул салыштырмалуу аңгемени кара, көр.

Бир убакта бир улуу өкүмдар эки кызматчысын ар бирине жыйырма төрт алтындан берип, эки ай узактыктагы өзүнүн эң сонун жеке чарбасына сый көрсөтүү үчүн жөнөтөт жана аларга мындай деп буйрук берет:

«Ушул акчаны жол чыгымына жана билет сатып алууга жумшагыла. Жана да ал жакка керектүү болгон кээ бир нерселерди сатып алгыла.

Бир күндүк алыстыкта бир унаа бекет (станция) бар.

Ал жерде автобус да, кеме да, поезд да, самолет да бар.

Байлыгыңарга (акчаңарга) жараша отурасыңар».

Ошентип, эки кызматкер насаатты уккандан кийин жолго чыгышат. Алардын бири бактылуу эле: (айтылган) бекетке чейин акчасынын бир бөлүгүн чыгымдайт.

Бирок ошол чыгымдан кожоюнуна жага турган ушундай бир сонун олжолуу соода кылат.

Ошентип анын байлыгы бирден миңге чейин көбөйөт.

Экинчи кызматкер бактысыз, селсаяк болгондуктан бекетке жеткенге чейин эле жыйырма үч алтынын чыгымдайт.

Кумар — сумарга берип уттурат.

Бир алтыны гана калат.

Анын жолдошу ага: «Эй досум!

Бул узун жолдо жөө жана ачка калбаш үчүн ушул жалгыз алтыныңды бир «билетке» бер.

Жана да биздин кожоюнубуз Жоомарт болгондуктан албетте сага ырайым кылат, кылган кемчилигиңди кечирет.

Сени да самолётко отургузат. Ошентип бара турган жерибизге бир күндө жетип барабыз.

Антпесең эки айлык «чөлдө» ачка, жөө жана жалгыз кетүүгө мажбур болосуң» деп айтат.

Эгерде ушул адам кежирленип, ошол жалгыз алтынын «казына» ачкычтары сыяктуу болгон бир билетке бербестен, убактылуу жыргал үчүн, бузукулук иштерге жумшаса, (анын) өтө акылсыз, зыяндуу, бактысыз экендигин эң акылсыз адам деле түшүнбөйбү?

Мынакей эй намаз окубаган адам жана намазды жактырбаган напсим!

Ал өкүмдар болсо, Раббибиз жана Жаратуучубуз.

Ошол эки кызматкер жолоочу (жолчу) болсо, бири — динге моюн сунган, намазын кызыгуу менен окуган; экинчиси — Аллахты унуткан, намаз окубаган инсандар.

Ал эми жыйырма төрт алтын болсо, жыйырма төрт саат ар күндөгү өмүр жана жеке чарбак болсо, Жаннат (Бейиш)♥

Ал бекет болсо, мүрзө. Саякат болсо, мүрзөгө, хаширге жана түбөлүккө бара турган адамзат жолчулугу.

Кылган иш — амалына жараша, таква даражасына жараша, ошол узак жолду ар түрдүүчө басып өтүшөт.

Кээ бир таква адамдар чагылган сымаал миң жылдык жолду бир күндө кесип өтүшөт.

Айрым бир бөлүгү кыял сыяктуу элү миң жылдык жолду, бир күндө кесип өтөт.

Ушул акыйкатка Куран — и Азимушшан эки аяты менен ишарат кылат. Ал эми билет болсо — намаз.

Бир гана саат, беш убакыт намазга даарат алуусу менен жетиштүү.

Таң калыштуу, жыйырма үч саатын ушул кыска дүйнө өмүрү үчүн сарпташып жана ошол узун, түбөлүктүү өмүргө жалгыз бир саатын сарптабаган канчалык өзүнө зыян кылат жана канчалык напсине зулумдук кылат жана да канчалык акылга терс аракет кылат.

Анткени, мин адам катышкан лотерея кумарына жарым байлыгын берүүнү акыл кабыл кылса, а бирок утуш ыктымалы миңде бирөө гана, андан соң жыйырма төрттөн бир бөлүк байлыгын, жүздөн токсон тогуз (утуш) ыктымалы менен сөзсүз түрдө ээ боло турган түбөлүктүү казынага бербөө канчалык акылга жана акылмандыкка терс иш кылганын жана канчалык акылдан узак экендигин, өзүн акылдуумун деп ойлогон адам түшүнбөйбү?

Чындыгында, намазда рухтун, жүрөктүн жана акылдын өтө чоң ырахаты бар♥

Жана денеге да анчалык оор иш эмес.

Анын үстүнө намаз окуган адамдын башка дүйнөлүк мубах амалдары (иштери) сонун бир ниет менен ибадат өкүмүн алат.

Ушундай жол менен бүткүл байлыгы болгон өмүрүн акыретке мүлк кыла алат.

Убактылуу өмүрүн да бир жагынан түбөлүккө айландырат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️