Наазиат сүрөсү

https://kyrgyzcha.site/?p=66891&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

79-Наазиат сүрөсү🌹♥

Меккеде түшүрүлгөн. Кырк алты аяттан турат.

Сүрө биринчи аятта айтылган «Наазиат» – (каапырлардын жанын катуу сууруп алуучу жан алгыч периштелер) сөзү менен аталган.

🌹♥بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ

وَالنَّازِعَاتِ غَرْقًا (1)

وَالنَّاشِطَاتِ نَشْطًا (2)

Пример HTML-страницы

وَالسَّابِحَاتِ سَبْحًا (3)

فَالسَّابِقَاتِ سَبْقًا (4)

فَالْمُدَبِّرَاتِ أَمْرًا (5)

يَوْمَ تَرْجُفُ الرَّاجِفَةُ (6)

تَتْبَعُهَا الرَّادِفَةُ (7)

قُلُوبٌ يَوْمَئِذٍ وَاجِفَةٌ (8)

أَبْصَارُهَا خَاشِعَةٌ (9)

يَقُولُونَ أَئِنَّا لَمَرْدُودُونَ فِي الْحَافِرَةِ (10)

أَئِذَا كُنَّا عِظَامًا نَّخِرَةً (11)

قَالُوا تِلْكَ إِذًا كَرَّةٌ خَاسِرَةٌ (12)

فَإِنَّمَا هِيَ زَجْرَةٌ وَاحِدَةٌ (13)

فَإِذَا هُم بِالسَّاهِرَةِ (14)

هَلْ أتَاكَ حَدِيثُ مُوسَى (15)

إِذْ نَادَاهُ رَبُّهُ بِالْوَادِ الْمُقَدَّسِ طُوًى (16)

اذْهَبْ إِلَى فِرْعَوْنَ إِنَّهُ طَغَى (17)

فَقُلْ هَل لَّكَ إِلَى أَن تَزَكَّى (18)

وَأَهْدِيَكَ إِلَى رَبِّكَ فَتَخْشَى (19)

فَأَرَاهُ الْآيَةَ الْكُبْرَى (20)

فَكَذَّبَ وَعَصَى (21)

ثُمَّ أَدْبَرَ يَسْعَى (22)

فَحَشَرَ فَنَادَى (23)

فَقَالَ أَنَا رَبُّكُمُ الْأَعْلَى (24)

فَأَخَذَهُ اللَّهُ نَكَالَ الْآخِرَةِ وَالْأُولَى (25)

إِنَّ فِي ذَلِكَ لَعِبْرَةً لِّمَن يَخْشَى (26)

أَأَنتُمْ أَشَدُّ خَلْقًا أَمِ السَّمَاء بَنَاهَا (27)

رَفَعَ سَمْكَهَا فَسَوَّاهَا (28)

وَأَغْطَشَ لَيْلَهَا وَأَخْرَجَ ضُحَاهَا (29)

وَالْأَرْضَ بَعْدَ ذَلِكَ دَحَاهَا (30)

أَخْرَجَ مِنْهَا مَاءهَا وَمَرْعَاهَا (31)

وَالْجِبَالَ أَرْسَاهَا (32)

مَتَاعًا لَّكُمْ وَلِأَنْعَامِكُمْ (33)

فَإِذَا جَاءتِ الطَّامَّةُ الْكُبْرَى (34)

يَوْمَ يَتَذَكَّرُ الْإِنسَانُ مَا سَعَى (35)

وَبُرِّزَتِ الْجَحِيمُ لِمَن يَرَى (36)

فَأَمَّا مَن طَغَى (37)

وَآثَرَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا (38)

فَإِنَّ الْجَحِيمَ هِيَ الْمَأْوَى (39)

وَأَمَّا مَنْ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِ وَنَهَى النَّفْسَ عَنِ الْهَوَى (40)

فَإِنَّ الْجَنَّةَ هِيَ الْمَأْوَى (41)

يَسْأَلُونَكَ عَنِ السَّاعَةِ أَيَّانَ مُرْسَاهَا (42)

فِيمَ أَنتَ مِن ذِكْرَاهَا (43)

إِلَى رَبِّكَ مُنتَهَاهَا (44)

إِنَّمَا أَنتَ مُنذِرُ مَن يَخْشَاهَا (45)

كَأَنَّهُمْ يَوْمَ يَرَوْنَهَا لَمْ يَلْبَثُوا إِلَّا عَشِيَّةً أَوْ ضُحَاهَا (46)

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен🌹♥…

1. Ант берем, (каапырлардын жанын) катуу сууруп алуучу,

2. (Момундардын жанын оорутпай) жумшак алуучу,

3. (Асман мейкиндигинде) Каалгып сүзүп жүрүүчү,

4. (Аллахтын буйругун аткарууда) Бири-бири менен жарышуучу,

5. (Аллах милдеттендирген иштерди ) тескеп туруучу (периштелер) менен!

6. Ошол (биринчи ирет сурнай тартылган) күнү силкинүүчү (жер) титиреп (кыямат болот).

7. Анын артынан экинчи сурнай тартылып (Жараткандын алдына эсеп кысап бергени тирилтилет).

8. Ошол күнү жүрөктөр дегдеп турат.

9. Көздөр жалдырап калат…

10. Каапырлар айтышат: «Эмне, биз мурдагы абалыбызга кайтарылабызбы?

11. Сөөктөрүбүз сөпөт болуп кетсе делеби?!

12. Андай болсо, бул биз үчүн зыяндуу кайтуу болот го?!» – деп айтышат.

13. Албетте, ал болгону (Исрафилдин сурнайынын) бир үнү эле.

14. Алар дароо (тирилип) жер бетине чыгып калышат.

15. Сага Муса жөнүндө кабар жетти беле?

16. Ыйык “Туваа” өрөөнүндө ага Эгеси үн салды:

17. “Фараонго жөнө! Албетте ал чектен ашты”.

18. Анан да (ага): “Сага тазаланууңа үндөйүнбү?!” – деп айткын.

19. Сени Эгең тарапка багыттайын. Анан сен коркоорсуң.

20. Анан ага (пайгамбарлыктын) улуу белгисин көрсөттү.

21. Бирок, (Фараон Мусаны) жалганчы деп, (Аллага) күнөөкөр болду.

22. Андан соң тескери басып, (душмандык менен) жүрүш жасайт.

23. (Сыйкырчыларын) жыйнап, жар салды.

24. Анан: “Мен силердин улук Эгеңермин” – деп айтты.

25. Анан Аллах аны дүйнөлүк жана Акыреттик азап менен жазалады.

26. Албетте мында (Алладан) корккондого үлгү бар.

27. Силерди жаратуу кыйынбы, же куруп койгон асманбы?! (40,57; 36,81)

28. (Карабайсыңарбы:) Анын шыбын бийик кылып, (кынтыксыз) тегиз кылды.

29. Анын түнүн караңгы кылып, жарыгын да чыгарды.

30. Андан кийин, анан жерди төшөдү.

31. Жерден суусун жана жайытын пайда кылды,

32. Тоолорду ага бекем орнотту,

33. Силер жана силердин малдарыңар пайдалансын үчүн.

34. Ошентип улук күн келгенде,

35. Ошол күнү инсан өткөн жүрүшүн (кылган амалдарын) эсине салат.

36. Көргөн адамга тозок оту ачык кылынат.

37. Ошондо каапыр инсан,

38. (Ал жалган) дүйнөнүн жашоосун тандаган эле.

39. (Анын) бара турган жери – албетте тозок оту.

40. Ал эми Эгесинин алдында туруудан коркуп, көңүлү каалаган нерселерден өзүн тыйган адам,

41. (Анын) бара турган жери – албетте Бейиш.

42. Сенден кыяматтын качан болушу жөнүндө сурашат.

43. Аны эстөө сенден оолак болгон нерсени

44. Сенин Эгеңдин өзүнө гана тиешелүү нерсе (башка эч ким билбейт).

45. Албетте, сен андан корккондорду гана эскертүүчүсүң.

46. Алар аны көргөн күнү кечке жуук, же эрте менен (бир аз) турган сыяктанышат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️