МЫНДАЙ АРТЫКЧЫЛЫК ЫЙМАНДУУ АДАМГА ГАНА БЕРИЛГЕН… 

https://kyrgyzcha.site/?p=58110&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

МЫНДАЙ АРТЫКЧЫЛЫК ЫЙМАНДУУ АДАМГА ГАНА БЕРИЛГЕН

 

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:«Ыймандуу адамдын абалы ушунчалык таң калаарлык. Чындыгында анын бардык кылган иши жакшылык. Мындай (артыкчылык) ыймандуу адамга гана берилген. Эгерде ага сүйүнүч жетсе, Аллага шүгүр кылат, бул ал үчүн жакшылык. А эгер кыйынчылыкка кабылса, сабыр кылат, бул дагы ал үчүн жакшылык». (Сахих Муслим)

 

Адамдын бактысы ыймандуулукта. Анткени ыймандуу адам жакшылыкта шүгүр кылат, кыйынчылыкта сабыр кылат, а эгер күнөө кылса, Алладан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурайт. Демек, бактылуулук ушул үч нерседе:

 

Пример HTML-страницы

БИРИНЧИСИ:

 

Эгерде күнөө кылса, Алладан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурайт.

 

Эч бир адам «Мен күнөөдөн тазамын» деп айта албайт. Ар бир адам кемчилдүү, билип же билбестен күнөө кылат. Бирок ыймандуу адамдын башкалардан өзгөчөлүгү – ал күнөө кылса, кылганына өкүнүп, Аллага кайтат жана күнөөдөн алыстайт. Алла Таалага чын дилден тооба кылып, күнөө иштерден алыстоо – бактылуулуктун, ийгиликтин башаты. Алла Таала Ыйык Куранда пенделерин дайым тооба кылууга чакырып мындай деп айткан:

«Эй, ыйман келтиргендер! Аллага чын жүрөктөн тооба кылгыла». Тахрим сүрөөсү (66:8)

«…баарыңар Аллага тооба кылгыла, балким ийгиликке жетээрсиңер». Нур сүрөөсү (24:31)

Алланын бул кайрылуусу жеке эле ыймандууларга эле эмес, бардык адамдарга карата айтылган. Анткени ар бир адам бул жашоодо сыноо үчүн жаралган. Күнөө да сыноолордон. Бирок адамдардан ыйманы күчтүүсү, эрктүүсү гана күнөөгө туруштук берет. Ал эми күнөөкөр адам – эрксиз, алсыз адам, өз эркин башкара албайт, күнөөдөн өзүн тыялбайт. Ал күнөөгө баткан сайын жашоосу артка кетип, ырыскысы кемип, жан дүйнөсү таарыйт. Бул абалдан пайдаланып шайтан аны «Алла күнөөлөрүңдү кечирбейт, эми кеч болуп калды» деп Алланын ырайымынан, кечириминен үмүтүн үзгөнгө аракет кылат. Алланын ырайымынан үмүт үзүү – бул туура эмес чечим. Алланын кечирими, ырайымы чексиз. Ар бир адам күнөө кылат, ал канчалык күнөөгө батпасын, эгерде күнөөнү таштап, Аллага чын жүрөгүнөн тооба кылса, анда Алла анын күнөөсүн кечирет, Өз ырайымына алат. Алла Таала айтты:

«Айткын: «Эй, өздөрүнө зыян кылган кулдарым! Алланын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Албетте, Алла бардык күнөөлөрдү кечирет. Чындыгында, Ал – Кечирүүчү жана Ырайымдуу». Зумар сүрөөсү (39:53)

 

ЭКИНЧИСИ:

 

Эгерде ал жакшылыкка жетсе, анда Аллага шүгүр кылат.Алла Тааланын пендесине берген нъематтарын (жакшылыктарын) санасак санак жетпейт. Адамдын дене-мүчөлөрүндө, мал-мүлкүндө, бала-чакасында, турак-жайында, дегеле жалпы жашоосундагы ага берилген нъематтар өтө көп.

«Эгерде Алланын нъематтарын санасаңар, аларды санап бүтө албайсыңар». Ибрахим сүрөөсү (14:34)

Адамдын бактысы Алланын берген жакшылыктарына шүгүр кылууга негизделген. Ар бир жакшылыкка шүгүр кылуу ал жакшылыкка береке берет жана анын дайым уланып туруусуна себеп болот.

«Раббиңер жар салды: «Ант болсун! Эгерде (Мага) шүгүр кылсаңар, Мен силерге дагы көбөйтүп беремин…» Ибрахим сүрөөсү (14:7)

 

Ар бир жакшылык Алланын пендесине берген нъематы экенин моюнга алып, Ага дайым шүгүр кылган адам гана бактылуу жашоого жана руханий ырахатка жетет.

 

ҮЧҮНЧҮСҮ:

 

Эгерде кыйынчылык тартса, анда сабыр кылат.Алла Таала айтты:«Кандай гана кыйынчылык болбосун, Алланын каалоосу менен гана болот. Кимде-ким Аллага ыйман келтирсе, анда Ал анын жүрөгүн (туура жолго) салат». Тагаабун сүрөөсү (64:11)

Ыймандуу адам жакшылыкка жетсе шүгүр кылгандын сообундай сооп алат. Ал эми кыйынчылык тартса сабыр кылгандын сообундай сооп алат. Ал бардык абалда сооп-сыйлыкка жетет жана дайым жакшылыкта болот. Ошол себептен Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ыймандуу адамдын абалы ушунчалык таң калаарлык! Чындыгында, анын бардык кылган иши жакшылык…»,– деп айтты.

 

Эгерде ар бир мусулман бул хадистин үстүндө терең ой жүгүртсө, анда бактылуулукка жетүүдө ыймандын орду жана анын канчалык маанилүү экендигин билет.Жогоруда айтылгандан ыймандуулук адамдын коргоноор калканчы, таянаар таянычы экенин билдик. Анткени ыймандуу адам ибадат кылса да, күнөө кылса да, жакшылыкка жетсе да, жамандыкка кабылса да Алла Таалага гана кайрылат.Ыймандуу адам жашоосунда кандай гана абалга кабылбасын, ыйманы аны тууралыкка багыттайт жана бардык жакшылыкка жол көргөзөт. Муну менен ал бактылуу жашоого жетет.Эгерде ал жакшылыкка жетсе, текеберленбейт, бой көтөрбөйт, өзүм жеттим деп өзүнө өзү суктанбайт жана ыйманга каршы келген иштерди кылбайт. Тескерисинче, анын ыйманы бул Алланын ага берген нъематы жана жакшылыгы экендигин билгизет. Ал дайым Алланын берген жакшылыгын моюнга алып, Ага шүгүр кылат жана аларды жакшылык жолдо пайдаланат. Ушул себептен Алла Таала ага бардык жакшылыктарга жетүүсүнө ийгилик берет.А эгер ал кыйынчылыкка, балээге туш болсо, дароо ыйманына кайтат, ыйманы аны жакшылыкка жеткирчү туура жолго салат жана сабырдуулукка, Аллага ыраазы болууга, Ага гана таянууга багыттайт. Ошондой эле Аллага бет алып, Ага гана дуа кылууга түрткү берет.

«Эгерде силерге Алланын жакшылыгы жана мээрими болбогондо, силерден эч ким, эч качан (күнөөдөн) таза болбойт эле. Бирок Алла каалаган адамды (күнөөдөн) тазалайт». Нур сүрөөсү (24:21)

«Алла силерге ыйманды жакшы көргөзүп жана аны жүрөгүңөргө көрктөдү. Жана силерге куфурлукту, бузукулукту, баш ийбестикти жаман көргөздү. Мына ушулар гана туура жолдогулар». Хужурат сүрөөсү (49:7)

Ал дайым ыйман жолуна багыттаган Алла Таалага мактоолорду айтат, эч качан менменсинүүгө жол бербейт. Менменсинүү же өзүнө өзү суктануу – адамды жана анын кылган иш-аракеттерин кыйратып жок кылуучу себептерден. Менменсинүүдөн сак болуу зарыл. Анткени менменсинүү адамдын кылган жакшылыктарын сел алгандай жууп жок кылат. Эгерде Алла Таала ага жакшылыктардын эшигин ачып, Ага моюн сунуууга жана ибадат кылууга жол ачса, анда ал: “Бул Алланын мага көргөзгөн жакшылыгы. Мага берген ийгилиги. Алладан дагы жакшылыктарды берүүсүн сураймын”,– деп айтат жана Алланын берген жакшылыктарына шүгүр кылып, жан-дүйнөсү кубанычка батат.А эгер күнөө кылса, ыйманына кайрылат, ыйманы аны Аллага тооба кылууга, Ага кайтууга жана Андан уялууга чакырат. Ушул себептүү ал адам Аллага тооба кылуунун ырахаттуулугун сезет.

А эгер адам жакшылыкка жетип текеберсенсе же жамандыкка кабылып сабырсыздык кылса же болбосо күнөө иш кылып Аллага тооба кылбаса, анда ал сөзсүз зыян тартат, а балким жашоосунда орду толгус чон зыянга учурашы мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️