Пример HTML-страницы

Мусулман баласынын саналуу гана майрамы бар.

https://kyrgyzcha.site/?p=60417&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Мусулман баласынын саналуу гана майрамы бар.

Саналуу майрамдардын катары Орозо айт жана Курман айт менен толукталат. “Айт” деген араб сөзү. Аны кыргызчага которгондо “майрам” дегенди билдирет. Орозо айт эмне үчүн майрамдалат? Мусулмандарда Рамазан айы бүтөрү менен Орозо айт майрамы белгиленет. Эскерте кетсек, мусулмандар Мухаммед пайгамбарга Куран китеби түшкөндөн кийин, орозо кармоо менен Орозо айт майрамы белгилене баштаган. Бул майрамды мусулмандар “орозо аяктады. Ден соолук жактан да, руханий жактан да тазаландык. Эң негизгиси, беш парздын бирин аткардык” деп майрамдашат. Майрамдоо… Майрам күнү колунда бар бай адам таң эрте бей-бечараларга, колунда жокторго, оору-сыркоолорго, жетим-жесирлерге жардам берип, көңүлүн көтөрүү менен сооп табуусу керек. Бул туурасында Мухаммед пайгамбарыбыз: “Парздарды орундаткандан кийин Алланын жакшы көргөн иши – мусулман баласынын бири-бирине жардам берип, кол сунуусу”,- деп айткан. “Эртең Орозо айт” деген күнү мусулмандар таза жуунуп, жыпар жыттуу атырлардан себинүүсү керек. Анан да түрлөп тамак-аш жасап, дасторкон жаюу абзел. Мына ушул күнү айт намазы окулат. Айт намазын окуу сүннөт. Алла Таалага шүгүрчүлүк келтирүү, мактоолорду айтуу үчүн айт намазы мусулмандарга арналган. Бул намаз күн чыккандан түшкө чейин ачык асман алдында окулууга тийиш. Эгер ага аба-ырайы тоскоол болсо, анда мечитте окулууга уруксаат. Андан соң бул күн тууган-урук, кошуна-колоңдун үйүнө айттап баруу менен уланат. Эскерте кетчү нерсе, бул күнү ичимдик ичүүгө катуу тыюу салынат. Курман айт Курман айт майрамы тарыхта 7-пайгамбар Ибрагимдин доорунан бери майрамдалып келе жатканы белгилүү. Ибрагим пайгамбар уктап жатып, түш көрөт. Бул түш бир эмес, үч жолу кайталанат. Түшүндө “мени сүйсөң, уулуңду курмандыкка чал” деп айтылат. Аян Алла Таала тарабынан берилип жатканын түшүнгөн пайгамбар жакшы көргөн уулу Исмайылды курмандыкка чалуу үчүн алып жөнөйт. Ибрагим пайгамбар жетчү жерине жетип, баласына бычак тартса, эмнегедир бычак өтпөйт. Анткени бул убакта Алла Таала Ибрагим пайгамбардын чын ниеттен жасап жатканына ишенип, курмандыкка чалуу үчүн ак кочкор жөнөткөн экен. Маарап түшкөн кочкорду пайгамбар баласынын ордуна мууздайт. Мусулмандардын курмандыкка кой союу салты мына ошондон калган. Майрам тууралуу Курман айт Орозо айттын өткөнүнө 70 күн болгондон кийин майрамдалат. Мусулмандар бул күнү жуунуп-тазаланып, эртең менен эрте мечитке барып, намаз окуусу шарт. Андан кийин колунда барлар мал союшса болот. Ал эми “бул мусулмандын милдети” деп, колунда жоктордун жөн жерден малга чыгым болуусуна жол берилбейт. Малды курмандыкка чалганда атайын дуба окулат. Анан ал малдын этинин үчтөн бир бөлүгү өзүнө, экинчи бөлүгү жакындарына, үчүнчү бөлүгү кедей-кембагалдарга таратылышы кажет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE