Мухаммед (С. А. В.дын) аялдар жөнүндө айткан осуяты

https://kyrgyzcha.site/?p=20908&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

-МУХАММЕД (С.А.Вдын) Аялдар жонундо айткан осуяты

 

«Мен эки алсыз жанды капарга албай коюуга уруксат бербейм. Алар — жетимдер жана аялдар»

 

— Аллахтын элчиси эркектерге мындай деген: «Эгерде өзүң жесең аялыңды да жедир, кийим алсаң ага да алып бер. Зайыбыңа кол көтөрбө. Урушуп, кемсинтпе жана үйгө жалгыз таштаба»

 

Пример HTML-страницы

— Бир ирет пайгамбарыбыз төө минип ыңгайсыз кетип бара жаткан бир топ аялдарды көрөт. Алардын артынан шаштырып айдап алган кишиге: «Сен хрусталь кутучасын алып баратасың, этиет мамиле кыл», — деген экен.

 

— «Кийими бар же жылаңач басып бара жатып эркектерди азгырган аялдарга бейиштен орун жок»

 

— «Бири-бириңерге белек бергиле, аны менен ортодогу сүйүүнү өстүрөсүңөр»

 

— «Кош бойлуу, төрөгөн, балдарынын мээримдүү апасы болгон, күйөөсүнө баш ийген, намаз окуган аял сөзсүз бейишке кирет»

 

— «Жолдошунан боюнда бүткөн, ага күйөөсү ыраазы болгон аялга ар бир боюнда бар кезинде намаз окугандагы күнү-түнү үчүн сыйлык жазылат. Качан анын толгоосу башталганда асман-жерди кыдырып жүргөн периштелер да Аллахтын эмне сыйлык берерин билбей күтүп турушат. Эмчек эмизип жатканда бала эне сүтүнөн ар бир жуткан сайын энеге сыйлыктар жазылат. Качан бала ыйлап ага уйку бербесе, энеси Аллахтын жолуна 70 күчтүү кулду коё бергенге барабар сыйлык алат. Силер билесиңерби? Кандай аялдарды айтып жатам? Ар убак Кудайга жана күйөөсүнө баш ийген, кылган жакшы иштерин унута алган аялдар тууралуу айттым»

 

— «Кыз боорукер жана назик жан болуп жаратылган. Кимдин бир кызы болсо, аны Жаратуучубуз тозоктун отунан коргойт. Эки кызы болсо, алар үчүн ал бейишке кирет. Эгерде үч кызы же кичүү сиңдилерин кызындай асырап алса, садака берүү жоопкерчилигинен бошотулат»

 

— «Такыбаа күйөөнүн аялы да такыбаа болсо, хандын башындагы алтын таажыга барабар саналат. Эгерде такыбаа күйөөнүн күнөөкөр аялы болсо, карыган адамдын жонундагы оор кийимдей болот»

 

— «Эң жакшы аял деп бала төрөп, мээрим төккөн, боорукер жана Аллахка чын ыкластан ишенгендер айтылат. Эң жаман аял деп жарым жылаңач кийинген, бой көтөргөн, эки жүздүүлөр айтылат. Алар эч качан бейишке кирбейт»

 

— «Бейиш эненин таман астында»

 

— «Жакшы үй-бүлөдө тарбияланган сулуу аял күйөөсү каза болгондон кийин кооздонуп кийинип кайрадан күйөөгө тийбей жана көңүл ачууга убакыт коротпой, өмүрүнүн аягына чейин балдарын тарбиялап өстүрсө, ал аял бейиште мени менен тең даражада болот»

 

— Мухаммед пайгамбарга бир адам келип: «О Аллахтын элчиси, мен үйүмө келгенде аялым «кош келипсиң, менин жана бул үйдүн кожоюну» деп тосуп алат. Эгерде мени капалуу көрсө «мейли, сени бул жалган дүйнө өкүндүрө берсин, сага түбөлүк жашоо эле жетиштүү болот» дей берет, бул эмнеси?» — деп сурайт. Анда пайгамбар: «Аялыңа айтып бар, ал — Аллахка кызмат кылгандардын эң мыктысы жана ага бул иши үчүн сыйлык жазылат», — деген экен.

 

— Бир ирет пайгамбарга келген адам: «Мен кайсы адамдарга жакшы мамиле кылышым керек?» — деп сурайт. Аллахтын элчиси: «Апаңа», — деп жооп берет. Ал киши: «Анан кимге?» — дейт. Пайгамбар: «Апаңа», — деп жооп берет. Тиги киши: «Андан киийн кимге?» — деп дагы сурайт. «Андан кийин, кийин атаңа», — деп Мухаммед пайгамбар жооп берген экен.

 

— «Аялдар — күйөөсүнүн жарымы»

 

— «Аллахтын ыраазычылыгын алган аял деп түнкүсүн күйөөсү менен бирге ибадатка туруп же күйөөсү таңкы намазга уйкусунан ойгонбой жатканда бетине суу чачып ойготкон аял эсептелинет»

 

— “Күйөөсүнүн такыбаалыгына карап түбөлүк жашоодо өмүрлүк жолдошуман ажырап калбайын деп такыбаалыкка баш койгон аял кандай бактылуу!”

 

— “Такыбаа аялынан түбөлүк ажырата турган күнөөлөрдү кылган эркекке наалат! Такыбаа күйөөсүн туурап ибадат кылбай жакшы өмүрлүк жарынан айрылган аял кандай бактысыз!”

 

— “Бири-биринин бузукулугун жана күнөө иштерин туураган аял-күйөөгө миңдеген наалат! Алар бири-биринин тозок отуна ыргытылышына жардамчы болуп жатышат”

 

— “Аял кабырга сыяктуу. Аны түздөөгө аракет кылсаң, сындырасың. Эгер андан пайдаланууну кааласаң, ошол бойдон дагы пайдалана аласың. Аял кабыргадан жаратылган. Ар дайым сени ыраазы кыла тургандай мамиле кыла албайт. Эгер андан пайдалангыңар келсе, ушундай абалда пайдалангыла. Эгер түздөйм десеңер, сындырасыңар. Аялдын сынганы – ажырашканы”

 

— “Эркек аялын төшөккө чакырса, ал келбесе жана эркек ага ачуулуу түнөсө, таң атканга чейин ал аялга периштелер наалат айтышат”

 

— “Денесине ийне менен чегип сүрөт тарткан, жазган, тарттырган, жаздырган, жүзүндөгү кылдарды жулган, кооздук үчүн тиштерин сейректештирген, Алланын жаратканын бузган аялдарга Алла наалат кылсын!”

 

—  Алланын элчиси (саллаллаху алайхи ва саллам) Алла насип кылган табиятка ыраазы болбой сүйлөө, кыймыл-аракет тариздеринде аялдарга окшошкусу келген эркектерге жана эркектерге окшошкусу келген аялдарга наалат кылган.

 

—  “Аял – жабык жүрүүсү зарыл болгон зат. Ал сыртка чыкканда шайтан ага көз артат. Аялды Аллага эң жакын кылган жер – үйүнүн ичи”

 

—  “Кайсы аял ажырашууну зарыл кыла турган олуттуу себеп болбостон күйөөсү менен ажырашууну кааласа, ага бейиштин жыты арам болот”

 

— “Артымда эркектерге аялдардан дагы жаман сыноо калтырбадым”

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️