Момунду бийик даражаларга көтөрүүчү сооп иштер

https://kyrgyzcha.site/?p=41849&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Момунду бийик даражаларга көтөрүүчү сооп иштер

Алла Тааладан анын жолунда шейит болууну суроо.

Себеби эгер ыкылас менен шейиттикти сурап бирок ал жүзөгө ашпай калса да , Алла Таала ал пендесин шейиттердин даражасы менен сыйлайт.

Пайгамбарыбыз сахих хадисте :

«Ким Алладан чын ыкыласы менен шейиттикти сураса, төшөгүндө өлсө да шейиттердин даражасына жеткирет♥» — деген.

Пайгамбарыбыз мындай деп айткан:

«Силерден ким даарат алса, дааратты (кемчиликсиз) толук алса, андан соң :

Ашхаду аллаа илааха иллалоху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва росуулух»- деп айтса, ал үчүн бейиштин сегиз эшиги ачылып, ага каалаганынан кирет♥»

Эми карап көрөлүчү, мусулман кишинин ар күнү алып жаткан даараты көп машакатты деле талап кылбайт.

Ал оор бир иш дагы эмес.

Тескерисинче, ал көңүлдү курсант кылуучу тазалык болуп эсептелинет.

Чындыгында шарият Ээси момундарды ушундай жакшы ишке үндөп, мына ушул ишке чоң соопту жана улуу сыйлыкты тартуулап койгон.

Ар айда үч күн орозо тутуу.

Айрыкча, «Аййаамул бийз» (Ак күндөр) деп аталган он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи күндөрүндө тутуу сооптуу иштердин катарына кирет.

Бул орозонун сообу, бир жыл орозо туткан кишинин сообундай болот. Пайгамбарыбыз өзүнүн хадисинде:

«Ар айда үч күн орозо тутуу бир жыл толук орозо туткан сыяктуу» — деген♥

Мына ушул күндөрдүн сообунун артыкчылыгы үчүн Пайгамбарыбыз үйдө да, сапарда да ал күндөрдө ооз ачпай орозо тутаар эле.

Тирмизий риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз мындай дейт:

«Ким Алланын китебинен бир тамга окуса , ага ошол себептүү бир сооп болот♥

Ал эми бир сооп он эсе болот♥

(Мен) Алиф , лам ,мим бир тамга деп айтпаймын.

Бирок Алиф бир тамга, лам бир тамга жана мим бир тамга.» Демек, Курандан бир тамга окуган киши заматта мына ушундай он соопко ээ болот♥

Ошол себептен аалымдар ар бир мусулман киши ар күнү Курандын бир бөлүгүн окуп туруусун жактырып туура көрүшкөн.

Себеби Пайгамбарыбыз айткандай:

«Амалдардын Аллага эң сүйүктүүсү аз болсо да, дайыма уланып турганы♥»

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️