Момун мусулман бир тууганым

https://kyrgyzcha.site/?p=46810&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Момун мусулман бир тууганым

Бүгүн бир мусулман бир тууганымды жолдон капалуу турганын кѳрүп калып, жанына жакын барып саламдашып, ал акыбалын сураган соң.

Ал мага башына мүшкүл түшкѳнүн айтты.

Мен ага карап:

— Капаланбай кайра кубангын, — дедим.

Ал мага бул эмне дегенгиң дегесип таң карады. Анын бул суроосун кѳздѳрүнѳн түшүнѳѳр замат жообун мындайча түшүндүрдүм.

— Аллах сага Ѳзүнүн барлыгын бир эстетип койоюн дептир. Балким сен Андан алыстап бараткандырсың.

Ал сага ушул мүшкүлдү берип, сенин Жаратканың бар экендигин унутпа дегендир.

Жана Ал сени тандаганына шүгүр айт. Анткени Ал сени сүйѳт, мына ошондуктан ушул балээни сага жиберип олтурат. Себеби сенин Аны кѳп – кѳп эскерүүсүн каалайт. Ошондой эле сабыр кыла турган болсоң чексиз соопко ээ болосуң. Жада калса бул балээге сабыр кылууң менен сен туура эмес кылган күнѳѳлѳрүң кечирилет. — дедим.

Ал менин бул сѳздѳрүмдү укканда ичинен терең дем алып, жерди бир саамга ойлуу карап турду да, анан мага карап:

— Туура айтасың, бул балээ менин күнѳѳм үчүн болуш керек. Анан да акыркы күндѳрү намаздарым такыр эле окулбай калды.

Дүйнѳ иши деп эле, артынан түшүп калдым эле ѳзү.

Мен да Жаратканымды сагындым.

Ага түндѳсү туруп ыйлаган күндѳрүмдү сагындым.

Намаздарым толук окулуп жүргѳн кезде, иштерим оңунан чыгып жүргѳн күндѳрүмдү сагындым – деп, ѳкүнүчтүү айтты.

Мен ага кайра дем берүү максатында:

— Аллах ар дайым бизди күтѳт.

Качан Менин кулум тообосуна кайтаар экен деп. Күн кызарып чыккандан кайра батканга чейин, баткандан соң кайра кызарып чыкканга чейин күтѳт. Ушул кулум балки тообосуна кайтып калаар деп. Анын тообосунун эшиги ар дайым ачык.

Анткени Ал Мээримдүү жана Ырайымдуу зат – дедим да, колун бекем кысып, Жаратканды бүгүн күттүрүп койбогун деп, ѳз жолума түштүм♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️