МОМУН АЯЛДЫН БАШКА АЯЛДАРДАН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ?
Пайгамбар Мухаммад Мустафа (саллалоху алейхи вассалам)?«Дүйнөдөгү эң чоң жакшылык – туура жолдо жашаган аял» (Муслим, Ахмад) деген. Туура жолдо жашаган аял – алгач Аллахтын алдындагы милдеттеринин аткарылуусун жогору коёт. Андан соң калган милдеттерин аткарат. Ал эми Аллах өз кезегинде аялдын алдына – үйгө байлануу, кажетсиз үйдөн чыкпоо, өз татыктуулугун арттыруу, үй иштерин башкара билүү, балдарын тарбиялоо, үй-бүлөөсүнө ыраазы болуу, орозо — намаздарын аткаруу, ырыскысына шүгүр кылуу – сымал бир катар милдетерди койгон. Бул милдеттерди жоопкердүүлүк менен аткара алган аял гана туура жолдогу аял болуп эсептелет?
Андан тышкары да аялдын эри алдындагы төмөндөгү негизги милдеттери бар?
1. Аялы ар дайым эринин укуктарын биринчи кезекке коюу. Анткени, эринин Аллах белгилеген артыкчылыктары бар;
2. Аялы (айыз, төрөттөн кийинки, ж.б. себептүү учурларды эске албаганда) эринин табигый муктаждыгын канааттандыруудан баш тартпоо. Пайгамбар (саллалоху алейхи вассалам)?«Эри төшөккө чакырса, аялы келбегенине кыжыры келген эркек ойгонгонго чейин — ал аялды периштелер каргашат» (Бухарий, Муслим) деген. Дагы бир хадисте Пайгамбар (саллалоху алейхи вассалам)?«Эри чакырганда аялы дандырдын алдында болсо да келсин» (Тирмизи, Насаи) деген.
Орозодо ооз ачканга чейин жыныстык мамилеге тыйуу салынат. Ошондуктан, эри каалап калса орозого шылтоолоп калбасын үчүн ыктыярдуу орозолорду аял эринин уруксаты менен кармоо керек. Эринин табигый кажетин, ар шартка карабай аткаруу менен аны бузукулуктан сактап калуу аялдын колундагы иш. Бул жагдайга анчейин маани бербеген аялдар адатта, бактысыз болушат. Анткени, каалаганда өз аялынан таппаган лазатты эркек көчөдөн издей баштайт. Дегеле жубайлардын бири-бири менен шариат көрсөткөндөй ыракаттануусу — Аллахка жаккан амалдардан жана бул жуптардын бактылуулугунун ачкычы.
Пайгамбар (саллалоху алейхи вассалам)?«Аял күйөөсүнүн уруксатысыз кошумча (нафил) орозо кармабасын жана анын үйүнө уруксатысыз бирөөлөрдү киргизбесин» (Бухарий, Муслим) деген. Азыр кээ бир аялдар эринин жогунда аяштары менен кенен кесири ар түрдүүчө азилдешип, талтаңдай бергени көнүмүш деле болуп калды жана буга эри да макул. Балким анын аялын тыйганга алы жетпейт, же досун кой дегенге духу жок. Эреже боюнча эри жокто бирөө эшик какса ал тааныш же бейтааныш болсун эгер жакын тууганы болбосо аны үйгө киргизүү туура эмес. Жакын туугандарга – ага-ини, ата- кайнаталар жана башка нике жүрбөгөн туугандар кирет. Пайгамбар (саллалоху алейхи вассалам)дан?
— эки бир туугандын балдары жакын туугандай кире берсе болбойбу? — деп сураганда: «Бардык балээ ошондой тууганчылыктан башталат» деген.
3. Күйөөсүнүн мүлкү аялына аманат жана аялы ага жоопкер болгондуктан анын уруксатысыз үйдөн эч кимге, жада калса өзүнүн туугандарына да эч нерсе бербөө керек. Бирок, Пайгамбар (саллалоху алейхи вассалам)?«Эгер аялы эринин бузулбаган тамагынан садага берсе – аялына — бергендиги үчүн, эрине — таап келгендиги үчүн сооп» (Бухарий)дегендиктен эринен сурабай тамак берүүгө уруксат.
4. Күйөөсүнүн уруксатысыз – иш, туугандарды, дүкөн кыдыруу, ж.б. кандай гана кажет болбосун — үйдөн чыкпоо керек. Күнүмдүк тиричилик муктаждыктарын түшүнгөн эр алдын ала көпчүлүк кыймылдарга өзү уруксат бергени оң. Маанилүү маселелерди албетте, персоналдуу уруксат менен гана жүзөгө ашыруу аялдын ыйманынан. Ошондой эле күйөөсү тыйуу салган — ага жакпаган аялдар менен мамиле түзүү да туура эмес. Анткени, үй бүлөө ыркы көбүнесе сырткы терс таасирлерден бузулаары анык.
5. Күйөөсүнүн Аллахтан таап келген ырыскысына ыраазы болуу, Ага шүгүр келтирүү. Тетирисинче, күйөөөсүн нүрөтүп арам тамак табууга түртүү – келечекте тозокко түшүү. Эринин адал аракетин мактап, анын анча жүрүшпөй жаткан иштеринде көңүлүн көтөрүү, ага канатташ болуу — адептен жана аны арам тамак табуудан токтотуу алгач аялдан көз каранды. Анткени Пайгамбар (саллалоху алейхи вассалам)?
заманындагы аялдар күйөөлөрү жумушка кетип баратканда: «Биз ачкалыкка чыдайбыз, бирок сен таап келген арамды жеп, тозок отуна чыдабайбыз» дешчү экен.
6. Өз чырайына көз салуу жана келбетин башкалардын назарынан сактоо. Анткени, Ислам дини аялдын күйөөсүнөн башкага чечинүүсүн – бузукулук деп эсептейт. Айша (разиялооху анху)?«Мен Пайгамбар (саллалоху алейхи вассалам)дан?«Аялдын эринин үйүнөн башка жерде чечингени Аллахтын алдында шерменде болгону» дегенин уккамын» (Ахмад, Тирмизий, Абу Дауд ) дейт. Чечинүү бүгүнкүдөй ич кийимди гана чечүү эмес, тетирисинче авраттын ачылуусун айтат. Эринин үйүнөн башка жер деп — көчөлөрдү, пляж-бассейндерди, сауна- мончолорду ж.б. жерлерди айтса болот.
7. Тилин тыя билүү жана жакшы сөз сүйлөп үйрөнүү – аялга керектүү сапаттарга кирет. Балдарын тарбиялаган аял сүйлөп жаткан сөздөрүнө маани берүү зарыл. Көпчүлүк аялдар өздөрү каалашпаса деле, көбүнесе көнүмүштөн балдарын – «өлүгүңдү көрөйүн» же «өлүгүңө отурайын» ж. б. у. с. каргаган сөздөр менен тилдегени көп учурайт. Ошондой эле, аял эрине да жакшы тилдүү болуу зарыл. «Жакшы сөз жыланды ийининен чыгарат» демекчи, сылык мүнөздүү аял сөзсүз эринин көңүлү каалап турган сөзүн таап сүйлөйт. Дайыма наалый берген аялдар бара-бара көгөрүп – шалдаакы же ажаан болуп калышат. Пайгамбар (саллалоху алейхи вассалам)?«Күйөөсүнүн дайым кылган жакшылыктарын унутуп, бир эле жолу өз каалоосундагы болбой калса — сен дайыма ушундайсың — деген аялдар бар» деген жана ал зат бейишти да тозокту да көргөн пенде – тозоктогулардын көбү аялдар экен – деп, аялдар өзүн сактабаса тозокко жакын болооруна ишарат кылган.
Такыба момун аял- бул дүйнөнүн бактысы?Андай аял күйөөсүнүн Аллахка моюн сунуусуна жан дили менен колдоо көрсөтүп, күйөөсүнүн көңүл кушун сергитип, өзүнүн бардык иштери менен аны канааттандырат?
Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам салаваты болсун)?
«Бул дүйнө убактылуу пайдаланууга (гана) берилген (нерсе ошондуктан), бул дүйнөдө пайдаланууга берилген
нерселердин ичинен эң мыкты нерсе- бул (такыба) момун аял». (Муслим)
Ислам мусулман эркекти момун аялга үйлөнүүгө чыкырып, кыз- келиндин такыба момундугун жигиттерге келегечектеги жубайын тандоодогу эң негизги критерийлреден кылып койгон. Анткени эгерде келечектеги жубай диний амалдарды ак ниеттен аткарууда моюн сунбастык, чалагайымдык, текебердик, сабырсыздык жана жалкоолук кылып, ыйманы алсыз болуп, өз напсисин жеңе албаса, андай жүрүш-турушу менен күйөөсүн эл алдында уят кылып, анын жүрөгүндө кызгануунун отун жандырып, ошентип, күйөөсүнүн жашоосунда жан чыдагыс абалга чейин жеткирет. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам салаваты болсун) өмүрлүк жар тандаган кезде анын ыймандуулугуна эң басымды жасап, дал ошол критерийге карап үйлөнүүнү буюрган. Анткени ошондой ыймандуу аял гана мусулман эркектин баарынан көп тынчын алган (дин, ыйман, такыбалык..ж. б.) маселелеринде чыныгы жардамчы боло алат.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам салаваты болсун) айткан?
«Кимге Аллах такыба аял берген болсо, демек анын дининин жарымына жардам берген экен, ошондуктан ал эми дининин экинчи жарымында (б.а. диндин талаптарын өзүм аткара албай калбайын деп) Аллахтан корксун». (Хаким)