Масбуктун намазы.

https://kyrgyzcha.site/?p=42998&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Масбуктун намазы.

Имамга уюган адамдар төрт түрдүү болот.

Булар: Мудрик, Муктади, Масбук жана Лахык.

Мудрик– ифтитах такбирин имам менен бирге келтирген адам.

Муктади– ифтитах такбирине үлгүрбөй калган адам.

Масбук– имамга биринчи рекетте жетише албаган адам.

Лахык– ифтитах такбирин имам менен бирге алган, бирок, кийин даараты бузулуп, кайрадан даарат алып имамга уюган адам.

Бул адам баштагыдай эле кыраатсыз, руку жана сажда таспихтерин келтирип намаз окуп баштайт.

Эгер ал даарат алып келүүдө дүнүйөгө байланыштуу сөз сүйлөбөгөн болсо имамдын аркасында турган болуп эсептелет.

Бирок, мечиттен чыкканда жакын жерден даарат алуусу керек.

Себеби, көп алыска кетсе намазы бузулат деп да айтылды.

Масбук б.а., имамга биричи рекетте жетише албаган адам имам эки тарапка тең салам бергенден кийин өйдө туруп, жетишпей калган рекеттерин толуктап окуйт.

Кырааттарды биринчи, экинчи, андан соң үчүнчү рекет кылынып жаткандай окуйт.

Ал эми отурууну төртүнчү, үчүнчү жана экинчи рекет катары менен б.а., акырынан баштаган сыяктуу кылат.

Мисалы: Куптан намазынын акыркы рекетине гана үлгүргөн адам имам саламын бергенден кийин өйдө туруп, биринчи жана экинчи рекетте «Фатиха» менен сүрө окуйт.

Биринчи рекетте отурат. Экинчиде отурбайт.

Беш нерсени имам кылбаса жамаат да кылбайт:

1. Имам «Кунут» окубаса, жамаат дагы окубайт.

2. Имам Айт намазындагы такбирлерди кылбаса, жамаат дагы кылбайт.

3. Имам төрт рекеттик намаздын экинчи рекетинде отурбаса, жамаат дагы отурбайт.

4. Имам сажда аятын окуп, сажда кылбаса, жамаат дагы сажда кылбайт.

5. Имам сахв саждасын кылбаса, жамаат дагы кылбайт.

Төрт нерсени имам кылса жамаат кылбайт:

1. Имам экиден көп сажда кылса, жамаат кылбайт.

2. Имам Айт намазынын такбирин үчтөн ашык кылса, жамаат кылбайт.

3. Имам жаназа намазында төрттөн ашык такбир кылса, жамаат кылбайт.

4. Имам бешинчи рекетке турса, жамаат турбайт,имамды күтөт, бирге салам беришет.

Он нерсени имам кылбаса да жамаат кылат:

1. Ифтитах такбиринде колду өйдө көтөрүү.

2. «Субханака» окуу.

3. Рукуга ийилип жатканда такбир айтуу.

4. Рукуда таспих окуу.

5. Сажда кылып, өйдө туруп жатканда такбир айтуу.

6. Саждаларда таспих окуу.

7. «Самиаллаху» деп айтпаса да «раббана лакал хамд» деп айтуу.

8. «Аттахиййатуну» акырына чейин окуу.

9. Намаздын акырында салам берүү.

10. Курман Айтта жыйырма үч фарздан кийин салам берээри менен дароо такбир окуу.

Бул жыйырма үч такбир «ташрик такбирлери» деп аталат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️