Көп зикир кылуу бейпилдикти жана тынч көңүлдүүлүктү пайда кылат

https://kyrgyzcha.site/?p=47860&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Көп зикир кылуу бейпилдикти жана тынч көңүлдүүлүктү пайда кылат

Инсанды бактылуу кылуучу себептердин дагы бири — Куран окуу , истигфар айтуу, тасбих , тахлил жана такбир айтуу сыяктуу зикирлердин түрлөрүн көп кылуу. Себеби булар жүрөктү даттан тазартып көңүлгө бейпилдикти алып келет. Алла таала Куранда мындай дейт :

« الذين آمنوا وَ تَطْمَئِنُّ قُلُوبُهُمْ بِذِكْرِ اللهِ ألاَ بِذِكْرِ اللهِ تَطْمَئِنُّ القُلُوبُ »

Мааниси:

«Ыймандуулар – Алланы эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор. Демек, Алланы эскергенде жүрөктөр тынчтык табат.» (Раъд:28)

Дагы Алла таала көп зикир кылуу ийгиликке жана бактылуулукка алып келээри тууралуу мындай дейт:

« وَ اذْكُرُوا اللهَ كَثِيرًا لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُون»

Мааниси:

«Эй ыймандуулар!

Ийгиликке жетүүңөр үчүн Алланы көп эстегиле!» (Анфаал : 45)

Пайгамбарыбыз болсо өзүнүн хадисинде Алла тааланы эстеп зикир кылган киши -чыныгы тирүү адам , ал эми Алла тааланы эстөөдөн кайдыгер болгон кишини жердин бетинде басып жүрсө да өлүк киши сыяктуу экендигин баяндап , мындай дейт:

«Өзүнүн жараткан кудайын эстеген киши менен Аны эстебеген кишинин мисалы, тирүү киши менен өлүк киши сыяктуу.» Ибнул Коййим өзүнүн «Ваабил ас соййиб» (нөшөрлөгөн жамгыр) аттуу китебинде Алланы зикир кылып эстөөнүн жүз пайдасын айткан. Анын кээ бирөөсүн айтып өтсөк , Алланы зикир кылуу :

♥ Алланы ыраазы кылат;

♥ Шайтанды кууп, аны сындырат;

♥ Жүрөктөн кайгы капалыкты кетирип , кубанычтуулук алып келет;

♥ Зикир кылган кишинин жүзүн нурдуу кылып, өзүн айбаттуу кылат;

♥ Аллага кайтып тооба кылуу сезимин пайда кылат;

♥ Көп зикир кылуу менен ага билимдин чоң эшиги ачылат;

♥ Алланы эстесе , Алла да аны эстейт.

Куранда Алла таала:

«Мени эстегиле , мен да силерди эстейм.» — дейт. (Бакара : 152).

♥ Зикир кылуу бейпилдиктин түшүүсүнүн, Алланын ырайымынын ороп алуусунун жана периштелердин курчап алуусуна себеп болот.

Мына ошентип , Алла таала менен байланышта болгон жүрөк ар дайым Аллага шүгүр кылуучу, Аны мактоочу жана Ага тооба кылуучу болот.

Ошол себептен Алла таала зикир кылуучуга бул дүйнөдө аманчылык жана тынчтык , акыретте болсо саламаттыкты жана ыраазылыкты насип кылат♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️