Кыямат болууга жакын калганда алгач кичине белгилери чыгат. Кийин чоң белгилери чыгат.
Кыяматтын качан боло тургандыгы билдирилген эмес.
«Аны бир гана Аллах билет», — деп буюрулган. (Араф 187)
Кыяматтын кичине белгилерине байланыштуу хадиси шарифтер мына булар:
•«Адамдар мечиттер менен жана мечиттердин кооздугу менен мактанмайынча кыямат болбойт». (Ибни Маже)
•«Фитна көбөймөйүнчө кыямат болбойт». (Бухари)
•«Тарбиясыздык менен зинакорлук ачык түрдө болбой, кошуналар бири-бирин жамандабай, саткынчылар инешимдүү деп, ишенимдүүлөр саткынчы деп саналбай, туугандар арасында муздак мамиле болбой туруп кыямат болбойт». (И. Ахмед)
•«Адамдарда сараңдык көбөйөт жана кыямат жамандардан башка адамдын үстүнө болбойт». (И. Нажжар)
•«Ант кылам, сараңдык, зинакорлук ортого чыкмайынча, ишенимдүү адамга кыянаттык кылынып, саткын адамга ишенилбегенче, жакшылар куруп, жамандар калбаганча кыямат болбойт». (Хаким)
•«Жамгырдын берекеси кетмейинче кыямат болбойт». (Абу Яла)
•«Жер бетинде Аллах деген мусулман бар кезде кыямат болбойт». (Муслим)
•«Убакыт жакындамайынча, бир жыл бир ай, бир ай бир апта сыяктуу, бир апта бир күн, бир күн бир саат сыяктуу кыскармайынча кыямат болбойт». (Тирмизи)
•«Илим жоюлмайынча, зилзала, согуш көбөймөйүнчө кыямат болбойт». (Бухари)
•«Мал көбөйүп, артмайынча кыямат болбойт. Зекетти ала турган адам калбайт. Бирине зекет берилген кезде «мага кажет эмес» дейт». (Бухари)
•«Доолору бир болгон эки чоң тайпа согушмайынча, «пайгамбармын» дей турган жалганчылар чыкмайынча кыямат болбойт». (Бухари)
•«Мусулмандар яхудилер менен согушмайынча, таштар дагы «эй, мусулман, мынабу артымда жашырынган яхудини өлтүр», деп кабар бермейинче кыямат болбойт». (Бухари)
•«Эркектер азаят, аялдар көбөйөт». (Бухари)
•«Бир эркек бала бир аял сыяктуу кызганылмайынча кыямат болбойт». (Дайлами)
•«Өзүн пайгамбар кылып жарыялаган жетимиш жалганчы чыкмайынча кыямат болбойт». (Табарани)
•«Балдар ачуулуу болмоюнча, улууларга урматсыздык кылынмайынча кыямат болбойт». (Хараити)
•«Ливата (гомосексуалдык) мубах-табигый нерсе деп саналмайынча кыямат болбойт». (Дайлами)
•«Зилзала, фитна, адам өлтүрүү көбөймөйүнчө кыямат болбойт». (Дайлами)
•«Кыяматтан жүз жыл мурда жер бетинде Аллахка ибадат кыла турган эч ким калбайт». (Хаким)
•«Мынабул кабырдагы адам мен болуп калсам эмне – делмейинче кыямат болбойт». (Муслим)
•«Бир атадан болгон туугандар ар динде болмоюнча кыямат болбойт». (Дайлами)
•«Жамандар дүнүйөдө үстөм болмоюнча кыямат болбойт». (Тирмизи)
•«Жапайы айбандар адам сыяктуу сүйлөшмөйүнчө кыямат болбойт». (Тирмизи)
Кыямат жакындаганда мына булардын да боло тургандыгы билдирилген:
•«Адамдар тазалыкта ашыкча дыкат болот, васваса кылып, динде чегинен ашышат». (Абу Давуд)
•«Ар түрдүү ат менен шараптар чыгат, халал болуп эсептелет». (И. Ахмед)
•«Ит багуу бала багуудан дагы тартымдуу болот». (Хаким)
•«Жаман аялдар көбөйүп, сойкулук бир коом ичинде жайылса калк мурда көрбөгөн (СПИД сыяктуу) жугуштуу ооруларга дуушар болушат.
Тараза өлчөмдө куулук кылынат жана жашоо кыйынчылыгы көрүнөт». (Байхаки)
•«Музыкалык инструмент ар тарапка жайылып, коопсуздук күчтөрү көбөйөт». (Байхаки)
•«Иштер ал иштин ээси болбогондорго берилет». (Бухари)
•«Бул дин башындагыдай эле акырында да гарип болот». (Тирмизи)
•«Куран (радио ТВ сыяктуу) музыкалык инструменттеринен окулат». (Таргиб-ус-салат)
•«Бир гана тааныштарга салам берилет жана жазуучулар көбөйөт». (Хаким)
•«Байга мал-оокаты үчүн таазим кылынат, сойкулук жайылат, никесиз туулган балдар көбөйөт.
Улууга урмат, кичүүлөргө мээримдүүлүк кылынбайт.
Карышкырлар кой терисин кийинет». (Хаким)
•«Тахыййат-ул масжид намазы окулбай турган болот». (Таберани)
•«Илим жоюлуп, сабатсыздык, анархия жана өлүм көбөйөт». (Ибни Маже)
•«Аалымдар эл кандай кааласа ошол тарапка фатва берип, халалды харам, харамды халал дешет, Куранды соодага, жеке пайдага куралга айлантышат». (Дайлами)
•«Адамдар бир гана мал-оокаттын, акчанын келүүсүн ойлоп, халалын жана харамын ойлошпойт». (Р. Насыхин)
•«Бир мечитте миңден көп адам намаз окуйт, бирок, чинде бир дагы момун болбойт». (Дайлами)
•«Уруксатсыз соода кылынбайт».(Муслим)
•«Жапайы айбандар адамдар менен сүйлөшмөйүнчө кыямат болбойт». (Тирмизи)
•«Кыяматтын белгилери бир жиптеги мончоктордун тизилип түшкөнү сыяктуу биринен кийин бири жүзөгө ашат». (И.Ахмед, Таберани)
•«Кыямат Жума күнү болот». (Бухари)