КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН АРТЫНДА ЖЕҢИЛДИК БАР

https://kyrgyzcha.site/?p=64895&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН АРТЫНДА ЖЕҢИЛДИК БАР

 

● _Оо, адам баласы, ачарчылыктан кийин токчулук келет, уйкусуздуктан кийин бейпил уйку келет, оорудан кийин шыпаа келет, жоголгон нерсе да табылат. Жолдон адашкан жолун табат, жардам сураган жардамын табат, карангылык да тарап жарык келет._

 

*»Аллах женишти же болбосо, оз тарабынан бир буйрукту жиберет».(5:52).*

 

Пример HTML-страницы

 

● _Караңгы түндү тоолордун артына айдап салган жарыктык келет деп куш кабар бергин, кайгы капага түшкөндү жарыктын тездиги сымал келе турган куш кабар менен суйундургун!_

 

● _Көңүлү чөккөндү жашыруун келе жаткан жардам жана мээримдүүлүк эшиги ачылат — деп кабар бергин._

 

● _Жолду коруп ушунчалык кенен аягы жок экен дебегин, а бирок жол бүткөндөн соң, артында жашыл бакчалар, көлөкөлүү дарактар бар!_

 

● _Жипти көрүп ушунчалык катуу тартылат экен дебегин, тарта берсе аягында ал да үзүлүп кетээрин билгин._

 

● _Көз жаштын артынан кубаныч болот, коркунучтун артынан бейпилдик болот._

 

● _Эгер от күйгүзгөндө анда Ибрахим Пайгамбарды күйгүзүп салмак, бирок Кудай Таала отко буйруп : *»Оо от, Ибрахимге муздак жана саламаттык бол! «.(21:69)* деп айтты, анткени отту да Кудай Таала жараткан._

 

● _Эгер деңиз чөктүргөндө Муса Пайгамбарды чөктүрүп кетмек, бирок Муса Пайгамбар деңиздин жанына келип: *»Албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол корсотот».(26:62)* деп Аллахка кайрылганда, дениз Муса Пайгамбарга жол болуп ачылып Муса (алейхи салам) андан аман — эсен өтүп кетти._

 

● _Суйуктуу  Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) үңкүрдө жаткан кезинде жолдошу Абу Бакирге (радыяллаху анху) кудурети кучтуу Кудай Таала биз менен деп куш кабар бергенде; аларга тынчтык-аманчылык тушуп, ал жерден эч зыянсыз аман — эсен чыгып кетишти._

 

● _Ою пас жана карангы Инсандар, тар чөйрөдөн башка эч нерсени көрбөйт, бактысыздыктан башка нерсеге ой жүгүртүшпөйт, анткени алар бөлмөнүн дубалынан анын эшигинен башка эч нерсени көрүшпөйт. Алар дубалдын ар жагында эмне бар экендигине ой жүгүртүп көрүшсө жакшы болмок._

 

● _Ошондуктан алсыздыктан тынчсызданба, анткени акыбал бирдей болуп тура бербейт, Ибадаттын эн жакшысы мусийбатка сабыр кылып анын чечилүүсүн күткөндүк, күндөр айланып, заман өзгөрүп турат, караңгы түн да кетип жарык келет._

 

● _Даанышман болгон Аллах Таала ар күн сайын иш үстүндө, албетте бир кыйынчылыктын артында эки жеңилдик бар._

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️