Куранды эске сактоонун 10 жолу?
Куранды жатка жаттоо — диндеги өтө сооптуу иштерден♥
Куран аяттарын толук жатка билип, анын адалын адал, арамын арам деп амал кылган адамдын Кыяматта башына таажы кийгизилет♥
Анын нуру бул дүйнөнүн күнүнөн да жарык болот♥
Ошондой эле Куранды жаттап ага амал кылган адамдын ата-энесине да сый көрсөтүлөт♥
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан♥
«Силердин араңардагы эн жакшы адамдар – Куранды үйрөнүп, анан башкаларга үйрөткөндөр»♥
Куранды толук жаттоо, же анын кээ бир сүрөлөрүн жаттоо Аллах каалаган адамдар үчүн жеңил болот. Бирок, көпчүлүк учурда жаттоодон кыйналбаган адамдар, аны эске сактап жүрүүдөн кыйналышат, тагыраак айтканда жаттаган аяттарын бат эле унутуп калышат. Куран жаттаган адам үчүн бул – эң чоң жоготуу. Төмөндө, жатталган Куран аяттарын унутуп калбоо үчүн аткарыла турган 10 насаатты сунуш кылабыз?:
♥ Жаттаган аяттарды эстен чыгарбай сактоону суранып Аллахка дуба кыл!
♥ Куранды Аллахка ыклас кылып жатта башкача айтканда дүнүйөнү максат кылба!
♥ Куран буйруган ишти аткар, Куран тыйган иштен тыйыл!
♥ Куранды кооз үн менен тилават кыл!
♥ Күн сайын окуп туруу үчүн Куранды бөлүштүрүп, жазып түзүп ал!
♥ Күнөө кылуудан сактан, айрыкча өзүңдү арамдан сакта!
♥ Арам тамак менен тамактануудан сак бол!
♥ Куран жаттай албагандарды, же окуй албагандарды эч качан шылдыңдаба!
♥ Текеберликтен сактан!
♥ Уйкуну азайт!