КУРАН ОКУУНУН ЖАНА АГА АМАЛ КЫЛУУНУН ПАЙДАЛАРЫ:

https://kyrgyzcha.site/?p=63368&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КУРАН ОКУУНУН ЖАНА АГА АМАЛ КЫЛУУНУН ПАЙДАЛАРЫ:

 

1. Куран, аны окуган адам үчүн бул дүйнөдө да, Акыретте да нур болот. Кайс бин Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Куран бул нур» — деп айткан. (Албайхакий).

 

Пример HTML-страницы

Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип:

 

— Оо, Аллахтын элчиси, мага насыят айтчы, – деп суранды.

 

— Аллахка такыба болгун, – деди Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун).

 

— Дагы кошумча кылчы, — деп суранды тиги.

 

— Куранды көп окугун, ал сага жер бетинде нур, асманда далил болот, — деп кошумчалады, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). (Ибн Хаббаан).

 

Сахл бин Муьаз (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Ким Куранды окуса жана анда айтылгандарга амал кылса, Кыяматта анын ата-энесине таажы кийгизилет. Анын нуру бул дүйнө үйлөрүндөгү күндүн нурунан да жакшыраак болот. Эгер аларга эле ушундай (сыйлык) берилсе, аны аткарган адамга кандай күмөн кыласыңар» — деп айткан. (Абу Дауд).

 

2. Куран рух жана дене ооруларына шыпаа болот. Али бин Абитолиб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Куран бул айыктыруучу» — деп айткан. (Алфазааий).

 

3. Куран окуучу адам эч качан жакыр болбойт. Абу Умаама (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Чындыгында Куран бул байлык. Анын артынан кедейлик болбойт жана андан өткөн байлык да болбойт» — деп айткан. (Абу Яьлий).

 

4. Куран окуучулар адамдардын пайдалуусу болуп эсептелет. Усман бин Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Силердин жакшыңар Куранды үйрөнүп анан башкаларга үйрөткөнүңөр» — деген. (Бухарий).

 

Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Жүрөгүндө Куран аяты жок адам — кулап калган үй сыяктуу» — деп айткан. (Тирмизий).

 

Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Куран окуган момун жыпар жыттуу жана таттуу ширеси бар цитрус жемишине окшош. Куран окубаган момун таттуу бирок жыты жок курмага окшош. Куран окуган мунафык жыты жагымдуу бирок даамы ачуу райхан сыяктуу. Куран окубаган мунафык жыты да жок, даамы да ачуу ханзалага окшош» — деп айткан. (Бухарий, Муслим).

 

5. Куран окуган адамдын жүрөгүнө Аллах Таала бейпилдик берет. Албаро бин Азиб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте: Бир адам «Кахф» сүрөсүн окуп отурган. Жанында аты тушалып турган болчу. Бир убакта анын үстүнө булут пайда болду да, атына жакындай баштады. Аты андан үркүп секирип кетти. Эртеси болгон окуяны Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтканда, ал:

 

«Ал сенин Куран окуганың үчүн түшүрүлгөн бейпилдик (сакина) болчу» — деп айтты. (Бухарий, Муслим).

 

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Адамдар Аллахтын үйүнө чогулушуп, Куран окушуп, аны бири-бирине окуп беришкен убакта аларга Аллахтын бейпилдиги түшүп ороп алат. Ошондой эле периштелер да аларды курчап турушат. Аллах Таала ал адамдарды периштелердин жыйынында сөз кылат» — деп айткан. (Муслим).

 

6. Куран окуучу адам анын ар бир тамгасы үчүн сооп алат. Ибн Масуьд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Ким Курандан бир тамга окуса, ал үчүн бир же он сооп алат. Мен «Алиф лаам миим» бир тамга деп айтпаймын. «Алиф» бир тамга, «Лаам» бир тамга, «Миим» бир тамга» — деп айткан. (Тирмизий).

 

Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Ким Куранды чеберчилик менен окуй алса, (Кыяматта) периштелер менен бирге болот. Ал эми, ким Куранды кыйналуу менен окуса, ага эки сооп берилет» — деп айткан. (Муслим).

 

Авс бин Абу Авсин (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Мусхафты карабай окуган адам миң сооп алса, аны карап окуган адам эки миң сооп алат» — деген. (Аттабараний).

 

7. Куран окуган адамга Кыямат күнүндө окуган Кураны колдоо көрсөтөт. Абу Умама (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Куранды көп окугула, анткени, ал Кыяматта окуган адамга колдоо көрсөтөт» — деп айткан. (Муслим).

 

Наввас бин Самьан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Кыямат күнү Куранды окуп ага амал кылган адамды алып келишет, ошондо анын жанына «Бакара» жана «Али Имран» сүрөлөрү келишет да өздөрүнө амал кылгандардын тарабын талашып турушат» — деген. (Муслим).

 

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Кыямат күнү Куран келип: «Оо, Роббим. Аны (Куран окуучуну) кооздогун деп айтат. Анын башына таажы кийгизилет. «Оо, Робим, дагы кошкун» дейт Куран. Ага кооз кийим кийгизилет. «Оо, Роббим, ага ыраазы болгун» дейт Куран. Аллах ага ыраазы болот жана «Сен Куранды окуй бергин, ар бир тамгаң үчүн жакшылык аласың деп айтылат». (Тирмизий).

 

Абдуллах бин Умар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Орозо менен Куран пендеге колдоо көрсөтөт. Мен анын ичип-жегенден жана кумар каалоосунан тосконмун — дейт орозо. Куран болсо: «Мен аны түн уйкусунан калтырганмын — деп айтат» — деген. (Ахмад).

 

Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Куран чыныгы колдоо көрсөтүүчү. Ким аны алдына койсо, ал аны Бейишке баштап барат. Ким аны артына калтырса, ал аны Тозокко тартып кетет» — деп айткан. (Ибн Хаббаан).

 

8. Куран окуучу адамдын ата-энесинин да даражасы бийик болот. Абдуллах бин Бурайданын атасы (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Ким Куран үйрөнсө, аны окуса жана ага амал кылса, Кыяматта ага нуру күн нурунан да жарык болгон таажы кийгизилет. Анын ата-энесине кооз кийим кийгизилет. Алар: «Эмне үчүн мындай болду» — деп таңдана сурашат. «Бул, силердин балаңардын Куранды окугандыгы үчүн» — деп айтылат» — деген. (Хааким).

 

9. Куран окуучу адамдын бул дүйнөдө да, Бейиште да даражасы бийик болот. Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Үммөтүмдүн кадыр-барктуулары Куран окуучулар менен түндө туруучулар» — деп айткан. (Хааким).

 

Абдуллах бин Амр бин Ааьс (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«(Кыяматта) Куран ээсине: «Дүйнөдө окуганыңдай кооз жана даана окуп жогорулай бер. Акыркы аятты окуган жериң сенин ордуң болот» – деп айтылат» — деген. (Тирмизий).

 

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Чындыгында, Аллах Таала бул Китеп менен бир коомдун баркын көтөрүп, бир коомдун баркын түшүрөт» — деп айткан. (Муслим).

 

Абу Зар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Силер Аллахтын алдына Анын Өзүнөнөн чыккан нерседен (Курандан) жакшы нерсени алып бара албайсыңар» — деп айткан. (Абу Дарда).

 

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Куран ээлери Бейиш ээлеринин төрөлөрү» — деп айткан. (Аззияау).

 

10. Куран окуучуларды Аллах Таала азаптабайт. Абу Умаама (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

 

«Куранды окугула! Чындыгында, Аллах Таала жүрөгүндө Куран бар адамды азаптабайт» — деген. (Тамаам).

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️