Куран үйрөнүүнүн жана окуунун маанилүүлүгү
Курани Карим – Алла Тааланын адамдарга жөнөткөн акыркы китеби. Алла Таала бул ыйык китебинде буйруктарды, тыюууларды, өкүмдөрдү жана эрежелерди берип, буларды толук аткаргандар эки дүйнөдө бактылуу болорун сүйүнчүлөгөн. Тагыраак айтканда, Куран адам баласын бактылуулукка жетектеген даанышман.
Андыктан адам баласын жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган жана таалайлуулукка жетектеген даанышман китепти окуп үйрөнүү ар бир мусулмандын милдети.
Тилекке каршы, көбүнесе адамдар бул теңирий китепке кайдыгер карашып, Куранды үйрөнүүдөн алысташууда. Ал эми Куранды билгендердин ичинен маанисин түшүнбөгөндөр, түшүнгөндөрдүн ичинен ага терең ой-жүгүртүп, амалга ашырбагандар көп. Натыйжада, көпчүлүк адамдар Алла Тааланын акыркы эскертүүлөрүнө маани бербей жана анын баркына жетпей өмүр сүрүшүүдө.
Ал эми Куранда адамдардын бакыты жана тынчтыгы жатат. Мына ошондуктан Алла Таала адамдарга Куранды үйрөнүп, аны күн сайын окууларын буйруйт. Куранда Куран окуу жана аяттарга ой толгоо жөнүндө көптөгөн аяттар бар. Мисалы, «Эмне үчүн алар Куран тууралуу ой жүгүртүшпөйт? Же алардын жүрөктөрүндө кулпу барбы?» (Мухаммад сүрөөсү, 24). Бул аят Куранды окуп, анын айткандарына ой жүгүртүүнү талап кылат.
Алла Таала дагы бир аятта адамдар Куранды үйрөнүү жана жаттоодо кыйналбашы үчүн Куранды жеңил кылгандыгын баяндайт: «Чындыгында, Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?» (Камар сүрөсү 17). Бул аят ушул эле сүрөдө төрт ирет кайталанып, Куран үйрөнүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасоодо. Ошондой эле бул аят Куран үйрөнүүнүн жана жаттоонун жеңил экендигин айтып турат. Бөлөк диндердин ыйык китептери эч качан жатталган эмес. Ал эми Куран болсо, ушул күнгө чейин миңдеген адамдар тарабынан толугу менен жатталып жана сакталып келүүдө. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда Куранды толугу менен жатка билген көптөгөн адамдар бар.
Учурда жер бети түркүн-түстүү согуштар, башаламандыктар жана кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Мунун эң көрүнүктүү мисалы катары Жакынкы Чыгышта болуп жаткан башаламандыктарды айта алабыз. Африканын көпчүлүк аймагы, Балкан, Азиянын айрым аймактарында согуш оту өчпөгөн майданга айланууда. Андан тышкары качан жана кайсыл жерде пайда болору белгисиз болгон терроризм, дүйнөнү кара түтүн сымал каптап кризиске учуратууда. Анысы аз келгенсип, дүйнөдөгү бардык мамлекеттер акчаларынын көпчүлүгүн курал-жаракка каржашууда. Тагыраак айтканда, акчанын көбү адамдардын бири-бирин өлтүрүүсүнө себеп боло турган куралдарга жумшалууда. Эгерде мынча акчалар дүйнөдөгү жакырларга жумшалса, жер бетинде жакыр аттуу калбайт эле. Бирок, тилекке каршы Африкада миллиондогон адамдар бир үзүм нанга, бир ууртам сууга жана бир тоголок дарыга зар болуп жатышса, дүйнөнүн бөлөк бурчундагылар акчаларын адам өлтүрүүчү куралдарга жумшап жатышат.
Ааламдагы болуп жаткан бул ызы-чууларды бир гана Куранды үйрөнүү жолу менен чечсе болот. Анткени Курани Карим бүткүл адамзатты бири-бирине «бир тууган» деп жар салып, «бардыгыңар Адамдын тукумусуңар» дейт. Куран боюнча жашоо адам баласына жакшылык кылуу жана изги амал аткаруу үчүн тартууланган (Караңыз: Худ сүрөсү, 7; Кахф сүрөсү; 7; Мулк сүрөсү, 2). Ар бир адам оболу өзнөн баштап, андан соң айланасындагы адамдарды жамандыктардан коргоого милдеттүү. Бири-бири менен согушуунун ордуна аларды курчаган жамандыктар менен күрөшүүсү абзел. Куран бизге мындайча кайрылат: « Бул дүйнөдөгү ар бир кадамыңардын акыбетин сөзсүз көрөсүңөр. Жамандык кылсаңар, ошончолук күнөөгө батасыңар. Жакшылык кылсаңар, анын сообу эселенип берилет. Кыпындай жакшылык же жамандык ишиңерди тирүү жандык таба албаган жана көрө албаган жерге жашырсаңар да, аны акыбети сөзсүз кайтарылат. Ошондуктан кадамыңарды аяр таштагыла. Өмүр бир гана бул жалган дүйнөдө сүрүлбөйт. Анык жашоо, анык өмүр өлүмдөн кийин башталат. Бул жалган дүйнө эгин эгилген талаа сымал. Жакшы каралган эгин мол түшүм берээри сыңарындай, адам бул дүйнөдө кандай жашаса, кыяматтагы түбөлүктүү жашоосу ошого жараша болот. Алла Тааланын назарында эң кадырлуу – эң жакшы амалдарды аткаргандар. Кимде ким кедей-кембегалдарга жардам берип, кедейлик чеңгелинен куткарып, жүзүнө күлкү тартууласа, бүткүл адамзатты тирилткенге тете. Ал эми кимде ким адамдарды зыянга учуратып, кайгы-капа, зордук-зомбулук жаратса, бүткүл адамзатты өлтүргөнгө тете.»
Курани Карим намаз, орозо, зекет жана ажылык сыяктуу ибадаттар коомчулук ичинде жакшылык, ынтымак жана бактылуулуктун башаты болуусун талап кылат. Ар кимдин окуган намазы бардык ыпылас иштерден алыстатуусун каалайт. Тегерегибиздеги адамдардын кайгыларын тең бөлүшүп, сүйнүчтөрүнө ортоктош болуубузду самайт.
Эгерде адам баласы жогоруда кеп кылынган негиздерди бир жакадан баш чыгарып, так жана толук аткарса, коомчулук бардык кыйынчылыктарды жеңет. Куран бул боюнча мындайча кайрылат: «Акыйкатта, Куран тууралыкка жол баштайт жана жакшылык кылган момундарга зор сыйлык боло тургандыгын сүйүнчүлөп жеткирет.» (Исра сүрөсү 9). Алланын буйруктарына моюн сунбаган жана анын сансыз жакшылыктарын көрбөгөн, көргүсү да келбеген, тескерисинче баарын чангандарга оор убайымдар бар экендигин мынабу аятта даана баяндалат: «Ал эми ким Менин эскертүүмдөн (Курандан) баш тартса, анда, ага машакаты оор турмуш берерим шексиз. Андайларды Кыяматта сокур кейипте жыйнайбыз.» (Таха сүрөсү 124).
Мынакей, айтылгандардын баардыгы Куранды үйрөнүү, насыяттарын туу тутуу, аяттарына ой жүгүртүү жана амалга ашыруу канчалык маанилүү экендигин чагылдырып турат.
Айрым жерлерде Куран маркумдар үчүн окулат деген тетири түшүнүк бар. Ырас, Куран маркумдар үчүн пайдалуу, бирок, анын түпкү пайдасы тирүүлөргө тиешелүү.
Кудай буюрса, алдыда үч айлык жайкы эс алуу мезгили турат. Бул мезгилде убакытты текке кетирбей көп-көп Куран окуйлу. Курандын котормолорун жана тафсирлерин пайдаланалы. Арапча арип тааныбагандар Куран алиппесин окуганга аракет жасасын.
Балдарга Куран үйрөтүү ата-эненин эң негизги милдети болуусу зарыл. Жайкы эс алууларда балдарды Куран курстарына жиберели. Анткени, Пайгамбарыбыз мындай деген: «Эң кайырлуу адам — Куранды үйрөнгөн жана үйрөткөн адам». Ошондуктан Куранды үйрөнүп, эң кайырлуу адамдардан бололу.
Аз. Пайгамбар көптөгөн хадистеринде Куран үйрөнгөндөр кыяматта албан-албан сыйлыктарга ээ болорун жана кимде-ким Куран таза окуп, анын буйруктарын толук аткарса, ата-энесининин да даражасы көрөтөрүлөрүн айткан. Андыктан ар бир ата-эне балдарына Куран үйрөтүүсү зарыл.