Куран

https://kyrgyzcha.site/?p=49309&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

♥♥♥Куран♥♥♥

Куран — Аллах Таала тарабынан вахий жолу аркылуу Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)га түшүрүлгөн ыйык китеп. 6236 аяттан жана 114 сүрөөдөн турган мужиза китеп.

Куран — сабатсыздарды, адашкандарды, туура эмес ишенимдегилерди, адамдардын кайдан келип кайда бараарын билбегендерге туура жолду көргөзүү үчүн жана адамдарды эки дүйнөдө бактылуу кылуу үчүн түшүрүлгөн.

Куран — адамзаттын Кудай менен, жаратылыш жана андагы жандуу нерселер менен адам баласынын ортосундагы мамилелерди үйрөтөт. Ошондой эле Куран адамзаттын материалдык жана руханий муктаждыктарын толуктайт.

Куран — адамдын үй-бүлөсүндө жана социалдык жашоосунда чоң роль ойнойт жана эң туура жолго жолдойт. Ыйман келтирип жакшы амалдарды жасап өткөндөр үчүн акыретте эсепсиз сыйлыктар берилээри, ал эми анын терсине ыйман келтирбей өмүрү жаман иштер менен өткөндөр акыретте коркунучтуу азаптарга кабылаары баяндалат (Исра, 9-10).

Куран — адамдарды караңгылыктан нурга чыгарат. Турмушубузда кандай гана нерсе болбосун ар дайым Куран менен сүннөткө таянып иш кылсак эч качан адашпайбыз жана ишибиз ар дайым ийгиликтүү болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️