Пример HTML-страницы

КУДСИЙ ХАДИС

https://kyrgyzcha.site/?p=58099&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

~КУДСИЙ ХАДИС~

 

Абузар (радыяллаху анху) баяндайт: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) кудсий хадистердин биринде Алла Тааланын мындай дегенин айткан: «Кулдарым, зулумдукту Озумо арам кылдым. Ошондой эле аны силерге да арам кылдым. Андыктан бири-биринерге зулумдук кылбагыла!

 

Кулдарым, Мен туура жолго салган пенделерден сырткаркы баарынар адашкан болосунар. Андыктан, Менден туура жолду сурагыла, силерди туура жолго салайын!

 

Кулдарым, Мен ырыскы берип тойгузган пенделерден сырткары баарынар ачкасынар (муктажсынар). Андыктан, Менден ырыскы сурагыла, силерге ырыскы берейин!

 

Кулдарым, Мен кийиндирген пенделерден сырткары баарынар жыланачсынар. Андыктан, Менден кийим сурагыла, силерди кийинтейин!

 

Кулдарым, силер куну-туну куноого батып жатасынар. Мен куноолорунорду кечиремин. Андыктан Менден кечирим сурагыла, Мен силерди кечирейин!

 

Кулдарым, силер Мага зыян келтирем десенер, кыпындай да зыян келтире албайсынар. Ошондой эле Мага пайда келтирем десенер да, эч бир пайда келтире албайсынар!

 

Кулдарым, ушул кунго чейин жашап откон жана келечекте жашай турган баарынар, анан да буткул адам пенде менен жиндер чогулуп, аранардагы эн такыба адамдын журогундогу такыбалыкка жетсе да, мындан Менин бийлигиме бир нерсе кошулуп калбайт!

 

Кулдарым, ушул кунго чейин жашап откон жана келечекте жашай турган баарынар, анан да буткул адам пенде менен жиндер чогулуп, аранардагы эн куноокор адамдын журогундой куноокор болсо да, мындан Менин бийлигим кыпынчалык кемибейт!

 

Кулдарым, ушул кунго чейин жашап откон жана келечекте жашай турган баарынар, анан да буткул адам пенде менен жиндер чогулуп, ар ким Менден тилегенин сурашса, Мен алардын тилегенин берсем, андан Менин бийлик-мулкум денизге малып алган ийгенин учуна илинген тамчыдай да кемип калбайт!

 

Кулдарым, мына силердин жасаган амалынар! Мен аларды силер учун тугол бойдон жазып алуудамын. Кийин ошол амалынардын кайрымын силерге толук кайтарамын. Кимде-ким (амалынын) жакшылыгын корсо, Аллага шугур келтирсин! Кимде-ким (амалынын) жакшылыгын коро албаса, озунон башка эч кимди куноолобосун!». [Муслим, Бирр, 55]

 

• «Риядус Салихин»

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE