Пример HTML-страницы

Келмелердин касиети

https://kyrgyzcha.site/?p=59279&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

🍁🍁🍁🍁🍁🍁🍁🍁

 

*Бисмиллаахир Рахманиир Рахиим*

 

🍃🍂🍃🍂🍃🍂🍃🍂

 

🎆 *Келмелердин касиети*

 

💎 Диндин аалымдары айтты: *Ар ким 7 келмени окуса, Алла ал пендени бул дүйнө,о дүйнөнүн балээсинен аман кылат.*

1⃣ — *Бир ишти баштаганда «Бисмиллаахир Рахманиир Рахиим» десе.*

2⃣ — *Бир ишти бүтүргөндөн кийин «Альхамду лиллахи раббил ‘аламин» десе.*

3⃣ — *Жана бир пенденин бир жагымсыз ката сөзүн укканда «Астагфируллах» десе.*

4⃣ — *Бир ишти же сөздү айтар болсо «Ин шаа Аллах» десе.*

5⃣ — *Ар качан корксо «Вала хавла вала кувватта илла биллахил Алийил Азим» десе.*

6⃣ — *Бирөөгө балээ же каза келсе «Калу инна Лиллахи уа инна илайхи ражиъун» десе.*

7⃣ — *Дайыма тили менен «Лаа илаха иллаллах, Мухаммадур Расулуллах» десе, аны өтө таза көңүл менен айтса, мактанбай, бейнамаз болбой. Эгер бейнамаз болуп жүрүп айтса, пайдасы жок.*

🎆 Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) ар момунда 4 каухар бар деп айтты: *Акыл, Дин, Хия жана Амал салык.*

1⃣ — *Ачуу акылды жок кылат.*

2⃣ — *Кастык динди жок кылат.*

3⃣ — *Кайбат(ушак) таат ибадатты жок кылат.*

4⃣ — *Тагмид хияны жок кылат.*

🎆 *Ар бир момун пенде Алланын зикирин кылса, «Лаа илаха иллаллаху»ну айта турган болсо адеп менен айтсын. Адепсиз айтса, пайдасы жок. Адептин бири даарат алуу, гусул кылуу өтө жакшы болот. Дагы бир адеп, кийген кийими нажастан таза болуусу. Арамдан, макүрөөдөн да таза болсун. Дагы бир адеп кыбылага кароо.*

🕋 Дагы бир адат: *Аттахияту…*ну айтканда олтургандай олтуруу адеп менен момун пенде *Лаа илаха иллаллаху* десе, сообу эсепсиз болот.

🎆 Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) айтты: *«Лаа илаха иллаллаху» суу чөптү көгөрткөндөй иманды көгөртөт.*

🕋 Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) айтты: Кимде ким көңүлү менен, урмат менен *«Лаа илаха иллаллаху»*ну он ирет айтса, 4000 мин чоң күнөөнү жок кылат. Эгер ал пендеде күнөө жок болсо, ата-энесинин, туугандарынын күнөөсүн жок кылат. Кимде ким уйкудан тургандан кийин даарат алып *«Лаа илаха иллаллаху»* окуса, Алла Таала он миң дарак чыгарат. Ар даракта он миң бутак бар. Ар бутакта он миң жалбырак бар. Ар жалбыракта Алла он миң периште жаратат. Ар периштенин он миң башы болот. Ар башында он миң ооз, ар ооздо он миң сөз жаратат. Ал периштелер ошондо тил менен Алла Таала хамд сана айтат, истигфар айтат да,кыямат болгончо бул сооптор ошол окуган пендеге насип болот. *«Лаа илаха иллаллаху»* айтканда, өзгө зикирлерди кылганда 4 нерсе болуу керек:

1⃣ — *Ыкылас.*

2⃣ — *Таазим.*

3⃣ — *Өзгөчөлүк.*

4⃣ — *Урмат.*

🎆 *Эгер ыклассыз айтса, мунафыктын сөзү болот. Өзгөчөсүз зикир айтуу, пасыктардын зикири. Урматсыз зикир айтуу, мактанчаактардын зикири. Ыклас жана таазим менен зикир айтуу туура болот.*

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE