Каза намазы бар адам напил намаз окуса кабыл болбойбу?

https://kyrgyzcha.site/?p=44667&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Каза намазы бар адам напил намаз окуса кабыл болбойбу?

Бул маселе мужтахиддер арасындагы талаш маселе.

1-Малики мазхабы боюнча казасы бар адамдын нафил менен алек болуусу харам деп эсептелет.

Бирок, 5 убак намаздын сүннөттөрү менен тахиятул масжид намазын окууга уруксат берилген.

2-Шаафи мазхабы боюнча казасы бар адам нафил менен алек болуу макрух деп эсептелет.

Анткени, казаларды окуп бүтүрүү керек дешет.

3-Ханбали мазхабы боюнча казасы бар адамдын нафил менен алек болуусу харам деп эсептелет.

Бирок, Витр намазы менен 5 убак намаздын сүннөттөрүн окууга уруксат берилген.

4-Ханафи мазхабы боюнча 5 убакыт намаздын сүннөттөрү, Духа, тахиятул масжид, тасбих, жана аввабиин намаздарынан башка напил намаздардын ордуна каза намаздарын окуусу жакшыраак деп айтылат. Тагыраак айтканда, 5 убакыт намаздын сүннөттөрү, Духа, тахиятул масжид, тасбих, аввабиин намаздары каза намазы үчүн ТАШТАЛБАЙТ. Бирок парздын казасы ПАРЗ, ал эми важибдин казасы ВАЖИБ экенин унутпаш керек.

Убакыт таап каза намаздарды толук окуш керек.

Парз намаздарды убагында окубай каза кылганы аз келгенсип, учурдагы парз намазынын сүннөттөрүн окубай коюу чоң жаңылыштык болот.

Анткени сүннөт намаздар Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын шапаатына ээ кылат.

Эгер Пайгамбарыбыздын шапааты болбосо, анда акырет күнү абалыбыз оор болот!…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️