Касиеттүү Куран китебим

https://kyrgyzcha.site/?p=48781&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Касиеттүү Куран китебим

Ааламдардын эң кут-берекелүү нур башаты, сөз бүткөндүн эң асыл, курч үлгүсү ушул Куран♥

Ал жер бетинде бүткүл көз уялткан сулуулуктардын жаркынынын жаратылыштар үстүнө чагылган көлөкө-шооласы♥

Эң сыйкырдуу обон-күүлөр ушул аалам тыныгынын жөн гана бир нотасы♥ Курандын нур балкыган баяндарынын арасын аралай алсаңыз, жан дүйнөңүздүн кирлерин да, көзгө чарпылган күнөөлөрдү да тап-таза жууп шыпырып салат♥ Анын баарына ачык көк мейкининде сейилдеп көрсөңүз, акыл- оюңузга парасат уругун сээп, аң- сезимиңизди асмандата көкөлөтөт♥

Күн — анын жаркындык ааламына карата бир Жылдызкурт сымал♥

Ай — бетине шоола тийген бир ууч кара топурак өңдүү♥

Ал сырты көз уялткан, ичи түпсүз терең укмуштай бай мазмуну менен бийик ааламдан түшкөн даркан дасторкон, бизге жеткенге чейин аны гүл дестедей колдон-колго өткөргөн периштелер да андан баар алган♥

Жер бети менен андагы жашоочулар Алла Тааланын бул дасторконун кусалана кубаныч кучагы менен тосуп алышты да, төгөрөктүн төрт бурчу анын гүл жыты менен бейиш бакчаларына окшой түштү♥

Ал жок мезгилде түнт караңгылык тооруган талаалар, тоо-таштар, өзөн-дайралар андан чартарапка чачыраган нурлар менен жаркып чыга келди да, бул ааламдын өзү окулаар китеп абалына келди.

Асыресе, ал биздин алдыбызга түшүндүрө жайып көрсөткөн нерселердин акыйкаты демейде жан дүйнөбүздү толукшутуп турган жарнаама болуп калды♥

Эки дүйнөлүк бактылуулуктун жолун көрсөтүү милдети ага тагылган♥

Бак-таалайдын алтын ачкычы анын колунда♥

Ал ар тараптан жолтоо болуп алдыбызга чыга калган баш айланткан татаал маселелерди дапдаана түшүндүрүп бербегенде, биз мындай миң түркүн табышмактар алдында айласыз баш тырмап кала бермекпиз, көргөн-билгендерибизди бир нукка салуу мүмкүнчүлүгүнөн такыр ажырамакпыз.

Ал Кыдыр сымал жардамга келбегенде биз уч кыйырсыз эрме чөлдөрдө азып-тозуп жоголмокпуз.

Оо, Улуу Куран китебим!

Сен жансыз дүйнөнү таптаза тынууларың менен кайрадан телчиткен рухсуң♥

Сен болбосоң бул дүйнөнүн тозоктон эмне айырмасы болмок?!

Жер бетинде Жараткан Алла Тааланын мээримин көзгө баскан сенсиң♥!

Жан дүйнөлөрдөн ыймансыздык караңгылыгын сүрүп салган да сенсиң♥! Адамзат туура жолду жана туура жолдо жүрүүнү сенден үйрөндү, башаламандыктан, туюк жарга такалуудан сен аркылуу кутулду.

Аалам сени менен жаркырады да, жаныбызга жакын дос-жарга айланды♥

Түнттүк сенсиз адамзаттан сүрүлбөйт,

Толгон ай да алдыңда араң үлүңдөйт.

Оо, жаркын нур, жарашчудай сени айтсак,

Кадыр түндүн күнү деп.

Оозуңду ачып алтын шилекейиңди чачаар заман кайра келди эми. Сени эңсеп каны катып суусап турган көңүлдөрүбүз сенин мүрөк сууңдан кана жутуп кайра жашарар … Бал-шекериңден кайрадан тамшана оозанарбыз, жан дүйнөбүз жашыл жайлоого, гүл бакчага айланар Сени менен♥!… Каниет! Сенин мөл булагыңдан наар алып, гүлбакка айланар кезинде асыл жергебизди адам табитине жат коко тикендер каптаганын да көрдүк. Башыбызга азаптарды үйүү үчүн болгон белем, негедир жаркын нуруң катмар тоолордун ар жагына барып жашынды го чиркин!

Каргаша бүтүп, сыноолор чегине жеткен болсо, эми кайрылып бизге келгендирсиң.

Келе бер, биз сени эч качан эсибизден чыгарбадык. Жери саргарып, асманы карарган асыл жергебизде козу карындай жайнап чыга келген сүйкүмдүү ибадат жайлар сенин жан эргитээр атыр-жытыңа толуп, кара таш басып карарган жүрөктөр кайрадан сенин нурдуу чырагың менен жаркырап, нур-шооланын эмне экенин таанып жатат♥

О, Меккеде түшүп, Мадинада селдей ташыган нур♥!

Бекинүү сага бап келбейт, нур жүзүңдөн пардаңды алып сал!

Нур чачырат айланага!

Балиттикке баткан бечара көздөр сулуулук эмне экенин таанысын. Жаркырай бер түбөлүккө, жаркыныңа умтулуп айланаңда көпөлөктөй чарк айланар биз барбыз…

Эзелки сөзсүң асмандан түшкөн эң ыйык,

Жаркыды дүйнө касиет нуруң себилип.

Түбөлүк бакыт жолубуз ачык сен менен,

Оо, Курани Карим! Сүйөбүз сени берилип♥

Оо, Куран китебим!

Алла Тааланын эзелки сөзү катары асмандан жаңы гана түшкөндөй түшө бер эми… жан дүйнөлөр азирети Мухаммед (саллаллооху алайхи ва саллам)дын жаркын ааламына кайрадан ачылсын!

Ааламдардын сыймыгы, нур дүйнөнүн башаты болгон пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын жүрөгүнөн өткөн нурдуу китебим!

Анын күнгө таажы кийдирген асыл келбетине күзгү болгон куттуу Куран!

Чар тарапка жан эргиткен мукам үнүңдү угуза бер, бүт аалам сенин жаңырыгыңа толсун да, маанисиз ызы-чуулардын үнү өчсүн.

Арадан канча жылдар өттү. Адамдар кызылдай калпты уга берип чындыкты түшүнбөс керең болуп бүттү, караңгыда темселеп жүрө берип, жарганаттарга жан-жолдош болгонго көнүп бүттү…

Оо, Кураным, касиетиңден айланайын!

Сайрат эми тилиңди!

Сенин сөз кенчиңдин күр-шарын эшитсин тумчугуп бүткөн рухтарыбыз… жаркының чач жан дүйнөбүзгө!

Адамзат кылымдык караңгылыктан кутулсун!

Исрафил периштедей чала бер сурнайыңды, жер бетин алай-дүлөй толкутуп! Уйкуда нес болуп жаткандар ойгонсун.

Ашмалтайы чыгып айласы куруган өзүмчүл жандар өзүн таанысын, кайдыгер маңкурттар дагы селт этсин, кылымдар бою кыргызды каптаган караңгы туман тарасын.

Башыбызга жамгырдай жаай бер тынбастан, чаңкоодон жаныбыз тумшукка келди. Жибек желдей эсе бер, бүт айлана толсун бакыт жытына, карөзгөйлүктүн сасык туманынан рухтарыбыздын көөдөнү тумчугуп бүттү. Чагылгандай чартылдап айланага сүр көрсөт, мейкиндикти каптаган, ызылдап жатпаган чымын-чиркейлер алапайын таппай качып жоголсун.

Сен жаабасаң, сен эспесең, сен чартылдабасаң адамзаттын абалы не деген аянычтуу?!

Анда эле калкымдын башы каргашадан чыкпайт, урпактар унут болот, ибадат жайлар нурга толбойт.

Жүрөк, рух, акыл издегенин эч жерден таппай калат катыгүн! Башка кандай нерсе байкуш рухтар менен жаралуу жүрөктөргө дарман боло алат?! Жан дүйнөнүн арманына канат байлап учуруп, акылдын арабөк жолдорун ачып, аң-сезимди түбөлүккө жетелей алат?!

Сен жок жерде эрктүүлүктүн канат-колу сынык, акыл-сезим чакчелекей будуң-чаң.

Сен жок жерде адамга таандык аң-сезимдер күл-ала баткак, ой өрүшү жүйөсүз, илим-билим багытсыз. Бул караңгы дүйнөдө адам деген ыйык атка ылайык баалуулуктарды издөө пайдасыз курулай түйшүк болоор сенсиз! Өзүн-өзү алдоонун каран түнү түшөөр сенсиз!

Оо, касиеттуу Кураным!

Кел эми, келебер!

Асыл арман сен аркылуу өтөлөөр. Азгырык шайтандын ала барман оюндарынын ойронун чыгарып сал да, Адам атага көрсөтүлгөн өзүн таанып тообо кылуунун жолдорун бизге көрсөтүп бер!

«Келечек Куран айткандай болот» деген сөзгө таң калбаса деле болот.

Себеби Куран өткөн менен бүгүнкүнү, бүгүн менен эртеңкини бирдей көрүп, билип турган Алла Тааланын сөзү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️