КАНААТ ЖАНА ТОПУК

https://kyrgyzcha.site/?p=41227&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КАНААТ ЖАНА ТОПУК

Алла берген ырыскыга ыраазы болуп, көпкө алкынбоо, башкалардын колундагыга көз артпоо канаат болорун баарыбыз үстүртөн болсо да билсек керек.

Бу дүйнөгө сынак үчүн жаралган инсан жаратылуу максатын унутуп, ырыскы көйгөйүнө муюп, болгон мүмкүнчүлүктү байлык табууга жумшабашы керек. Керисинче, Алла берген мал-мүлктү канткенде акырет үчүн пайдалуу олжого айлантам деген маселенин үстүндө аракеттенгени дурус♥

Анткени Жараткан Алла макулук атпайдын ырыскысын Өз карамагына алып, пенделеринин канааттуу, топуктуу болушун арзуулаган♥

“Жержүзүндөгү бар жандууну ырыскысы менен камсыздоо милдетин Алла алган…» (Худ, 6).

“Силер үчүн, силер ырыскы бералбай тургандар үчүн жерге жашоо жараттык» (Хижр, 20).

“Өз азыгын камдай албаган нечелеген жаныбар бар. Бирок аларга да, силерге да Алла ырыскы ыроолойт. Ал — бүт нерсени Угуучу жана Билүүчү» (Анкабут, 60).

“Ырыскыны Алладан гана сурагыла!» (Анкабут, 17).

“Шексиз, бул Биз берген ырыскы. Ал эч качан түгөнбөйт!» (Сад, 54).

Канааттуу пенделерди Алла Элчиси мактоого алган♥

“Оболу мусулман болгон, жетиштүү ырыскысын алган, Алла тартуу кылган нематка канаат кылган пенде шек-күмөнсүз кутулат»(Муслим, Закат, 125).

“Кудай Таалам! Мухаммаддын үммөтүнүн ырыскысын муктаждыгына жараша бер!» (Муслим, Закат, 126) деп дуба кылчу экен жарыктык Пайгамбар♥

Байлыгы ашып-ташып турса да, ага канаат кылбаган адам колунда жок кембагалдан бетер санаа чегет.

Адамзаада үчүн мындай дарт өтө коркунучтуу. Дарт ырбап кетсе, бир күндө миң, миллиондоп киреше түшүп турсаса да, адамдын көзү ач бойдон кала берет. Шүйкүмү жок мындай адамдардын абалына Алла Элчиси мындайча түшүндүрмө берет⬇

“Адамзааданын бир өрөөн толо алтыны болсо, дагы бир өрөөн алтындуу болууну калайт. Анын көзүн топурактан башка эч нерсе тойгуза албайт. Бирок Алла тообокердин тообосун кабыл кылат»(Бухари, Рикак, 10; Муслим, Закат, 116-119).

Демек, канаатсыздык күнөө. Андан арылуу үчүн тооба кылуу абзел♥

Мындай абалдагыларга Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) берегидей кеңеш айткан♥

“Кимиңер болбосун жаратылыш жана байлык жагынан өзүнөн жогорудагыга көз салган учурда, өзүнөн төмөндөгүлөргө сөзсүз бир назар оодарсын» (Бухари, Рикак, 30).

Эми Улукман Акимдин насаатына көз жүгүртөлү♥

“Уулум! Жандүйнөңдү кайгы-муң жана түгөнбөс санаалар менен алагды кылба! Ачкөздүктөн сактан! Тагдырга ыраазы бол! Жашооң жакшырып, турмуштан ырахат алуу жана көңүлүң куунак болсун үчүн Алланын бергенине канаат кыл!»

Канаат-иш таштоо, жалкоолук кылуу, колдогуга топук кылып олтура берип кембагалга айланып калуу эмес. Ушуну туура түшүнүү абзел♥

Ислам дини адампендеге залакасын тийгизе турган жашоо ыңгайын эч качан сунуштабайт. Канаат жүрөктөн жана адеп-ахлактан сызылып чыккан өзгөчө касиет. Мусулман адам адал иштеп өзүн камсыздап, ашканын муктаждарга кайрым кылышы кажет♥

Топук деле канаат сыяктуу изги сыпаттардын бири. Топук сөзүнүн маани-маңызы бираз кененирээк?♥

Көздү ток тутуу, көңүлдү руханиятка байытуу жана бир нерсе чыгып калабы деп башкалардан үмүтөтпөө, өз муктаждыгын башкаларга жүктөп салбоо -топуктуулуктун туюнтмасы.

Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам)хадисине дагы бир жолу назар этели♥

“Жабраил келип мага мындай деди:

“Эй Мухаммад! Каалаганыңдай жаша акыры сөзсүз өлөсүң!

Каалаганыңды сүй, (акырында) баары бир айрыласың!

Каалаган нерсең менен амал кыл, (акырында) анын үзүрүн көрөсүң!

Түндөрдү ойгоо өткөрүү момундун шарапаты экенин; бирөөнүн көзүн карабоо анын ызаттуулугунун белгиси экенин билип кой!» (Хаким, IV, 360-361/7921).

Топуктуулук-чийки сапаттан арылып кемелине жеткен, чынчыл жана динге бекем момун мусулмандардын өзгөчөлүгү.

“Канаат түгөнбөгөн казына» (Дайлами, III, 236/4699) деп хадисте айтылганы сыңары топуктуулук-Жаратканга жакындоонун натыйжасында жүрөктүн руханиятка тоюп, бейпил тартып калышы. Анткени канаат жана топук менен байыган жүрөк дүнүйө мүшкүлүн ойлоп да койбойт.

Рух түбөлүктүүлүктү аңдап, убактылуу жыргалчылыктын азгырыгы өчөт. Алла Таала аны “ал-Мугни» деген куттуу ысмы менен Өзүнөн башка бүт нерседен азат кылат.

“Кимде ким муктаждыкка кабылып, адамдарга даттанса, мукжаждыгы орундалбайт. Кимде ким муктаждыгын Аллага айтса, дароо же келечекте ага Жараткан тарабынан ырыскы берилишинен үмүт кылууга болот» (Тирмизи, Зухд, 18/2326; Абу Давуд, Закат, 28/1645).

Бир гана мал-мүлк же байлык үчүн эмес, пендени кайдыгерликке түрткөн бардык нерсеге жүрөктү ачып берүүдөн сактануунун өзү эле топуктуулук♥

Изгилик элестери♥

Канаатты так буйрулгандай орундаткан Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) эч кимден бир нерсе талап кылбоого айрым учурларда сахабаларынан убада алган. Савбан (Алла ага ыраазы болсун) баян этет. Сүйүктүү Пагамбарыбыз мындай деген★♥

“-Кимде ким мага эл-журттан эч нерсе сурабаганга сөз берсе, мен ага бейишти убада кылам» .

“-Мен сөз берем!» деп ыргып турдум».

Хадисти баян эткен сахаба бул окуядан кийин Савбандын өмүрү эч бир адамдан эч нерсе сурабаганын маалымдаган (Абу Давуд, Закат, 27/1643).

♥★★Азирети Пайгамбарыбыздын канаатты жана топуктуулукту сахабаларына канчалык даражада үйрөткөндүгүн Авф бин Малик(Алла ага ыраазы болсун) береги хадис аркылуу билдирет★♥

“Биз жети-сегиз киши болуп Алла Элчисинин жанында олтурганбыз. Бир маалда ал бизге кайрылды★♥

-Алла Элчисине кол бербейсиңерби?

-Оо, Пайгамбар! Биз ансыз деле сага кол бергенбиз! дедик. Жарыктык пайгамбар ушу суроону үчүнчү ирет кайталап кол узатканда деңдароо болдук. Чындап түшүнүксүз болуп турганын айтууга туура келди:

-Оо, Пайгамбар! Биз сага мурда кол берген элек, бул жолу эмне үчүн кол алышабыз?

Ал мындай деди★♥

-Аллага кулчулук кылып, Ага эч нерсени орток кошпоо, беш убак намаз окуу, моюн сунуу жана (үнүн басаңдатып) эч кимден бир нерсе талап кылбоого кол алышабыз!»

Ант этип туруп айтайын, ушу топтогулардын ичинен айрымдары (ат үстүндө турганда) камчысы жерге түшүп кетсе, алып берүү үчүн бирөөдөн жардам сураганын көрбөдүм» (Муслим, Закат, 108).

Суроону Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) үч ирет кайталашы жана сөз арасында үнүн басаңдатышы айтылып жаткан кептин маанилүүлүгүнөн эле.

♥★★★Амр бин Таглиб (Алла ага ыраазы болсун) баян этет★♥

Азирети Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) олжолонгон мүлк апкелинет. Ал олжону мусулмандардын айрымдарына таратып жиберет. Олжо тийбей калган пенделердин оңду-солду сөздөрдү айканы угулат. Аллага шүгүрчүлүк айткандан кийин мындай деди★♥

“Аллага мактоолор болсун, мен айрымдарга берип, айрымдарга берген жокмун. Аныгына келсек, менден олжо албагандар алгандарга караганда мен үчүн дагы да сүйкүмдүү. Мен айрымдардын жүрөгүнөн сабырсыздык жана тамаксоолук көргөнүм үчүн беремин. А айрымдарды болсо, Алла берген канаат жана жакшылык менен жекеме жеке таштап койом. Амр бин Таглиб мына ошолордун бири».

Амр бин Таглиб★♥

«Ант болсун! Азирети Пайгамбардын мага карата айткан ошо сөзү, мен үчүн бүт дүйнөгө тете» деп сүйүнүчү койнуна батпайт (Бухари, Жума 29, Хумус 19, Тавхид, 49).

♥★★Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун) баян этет★♥

Алла Элчиси мага анда-санда казат олжосунан берип турчу. Албаганга жакшы эле аракет жасап, андан көрө колунда жокторго берсе жакшы болорун сунуш кылчумун. Ал мага★♥

“-Муну сен ал! Көз артпай, каалабай турган чакта берилгенди ала бер. Өзүңө ал, кааласаң кайрым кыларсың. Бирок мындай шартта болбогон мүлктүн артынан чуркаба!» деп насаат айтыптыр (Бухари, Закат, 51).

♥★★Сүйүктүү Пайгамбарыбызды көргөнү келген Бани Тужиб жаматы мекенине кайтып кетүүгө камынып жатканда Алла Элчиси аларга сонун белектерди таратат.

-Белек албай калгандан барбы?

-Ооба, жаш жагынан эч кичүүбүздү унааларга кароол кылып таштап келген элек -деди арадан бирөө. Азирети Пайгамбарыбыз аны да жөнөтүүнү өтүнөт. Бани Тужиб тобу унааларга барган соң жаш уланды жиберишет. Жаш болсо да сүйлөгөнү орундуу экен. Келген жайын түшүндүрөт.

-Пайгамбарым! Менин тилегим сапарлаштарымдыкына такыр окшобойт… Алладан кечирим алууну, мээримине бөлөнүүнү жана жүрөгүмө токпейилдикти беришин арзуу кылып жүрөм. Сиз мага ак батаңызды берип койсоңуз жетет! —

Ичтен ыраазы болгон Алла Элчиси★♥

“Оо, Жараткан! Аны кечир жана мээримиңе бөлө! Жүрөгүнө байлык бер!» деп батасын да, белекти да берип жөнөтөт.

Ошентип, Бани Тужиб жамааты өз мекенине кайтат. Кийинки жылы булардан бир жамаат ажылык мезгилинде Азирети Пайгамбарыбыз менен Минада жолугушуп, өздөрүн тааныштырышат. Жолугушуу учурунда алардан сурайт:

-Былтыр силер менен келген жигит эмне кылып жүрөт? Орто курактагы токтоо бир адам жооп узатат:

-Пайгамбарым! Улуу Жараткан ыроологон ырыскыга андан өткөн канаатчыл, топуктуу адамды көрбөдүк. Коомчулук дүнүйө бөлүшүү үчүн жаналекетке түшкөн чакта ал эч маани бербейт мындай иштерге.

Бул кабарды сүйүнүү менен уккан Азирети Пайгамбар Жаратканга алкыш айтып, жаш жигит үчүн бата тиледи.

Арадан кыйла убакыт өтүп, бул жаш жигит изги адеп-ахлагы менен өз коому арасында кадыр-баркка ээ болот. Байлыкка умтулбай, Алла берген ырыскыга топук кылып өмүр кечирет. Азирети Пайгамбарыбыздын көзү өткөн соң Йемен калкы динден кайткан кезде Алла Элчисинин батасын алган жаш жигит элин динге үгүттөп, динсиздиктен кайтарууга жан үрөйт. Мээнети текке кетпейт, коомунан бир да киши Исламды чанбайт. Абу Бакир халифалыкка келген соң аны сураштырып, ал-абалын билет да аймактын акимине кат жолдоп, ал жигитке жылуу-жумшак мамиле кылууну буйруйт (Ибн-и Каййум, III, 650-652; Ибн-и Саад, I, 323).

♥★★Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) дин Исламды жайылтуу озуйпасын аракалагандан тарта ыйманга келген адамдар кайсы элден, расадан же уруудан болбосун, бардыгын бирдей кабылдап, алардын баарын Ислам биртууганы деп жарыялаган.

Дин Исламдын алгачкы жылдарында бири-бири менен биртууган атанган мусулмандар Улуу көчтөн кийин да боордоштук келишимин бышыктап, бүтүндөй адамзаадага боордоштуктун баа жеткис үлгүсүн көрсөтүшкөн.

Бул боордоштук бар нерсесин Меккеде таштап, Мединага көчүп барган мусулмандар менен кучак жая тосуп алган ансарларга бири-бирине ар тараптан заттык жана рухий жактан жардам көрсөтүүлөрүнө демине дем, күчүнө күч кошкон. Ансарлар дин жолунда туулуп өскөн алтын топурагынан айдалган мухажирлердин муңун тең бөлүшүп, аларга бар күчү менен жардам берип, мусулмандардын ортосундагы биримдикти, ынтымактыкты бекемдөөгө жанүрөй аракет кылышкан. Ошого карабай жандүйнөсү канаат казынасына жык толгон мухажирлер топуктуулук кылып★♥

«Ушуга дейре бизге көп кызмат кылдыңар. Алла ыраазы болсун. Мал-мүлкүңөр өзүңөрдө калсын, андан көрө мага базардын жолун көрсөт!» деп айта алышкан (Бухари, Буйу, 1).

♥★Алла Элчиси буйруктун негизинде өзүнө бөлүнгөн (бештен бир бөлүгү) олжодон Исламга көңүлү бар адамдарды туура жолго жакындатуу максатында аларга да арбын үлүш бөлө турган. Хаким бин Хизам (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт★♥

Алла Элчисинен өзүмө үлүш бөлүп беришин сурадым. Жүз төө берди. Дагы бир жолу сурадым. Дагы жүз төө берди. Дагы бир ирет сурадым. Анда дагы жүз төө берди. Андан соң мындай деди:

-Эй, Хаким! Чынында да мал (дүнүйө) адамды өзүнө тартып турат. Ким аны ачкөздөнбөй топуктуулук менен алса, анда береке деген болот. Ким ачкөздүк менен алса, ал малдын берекеси болбойт. Мындай адам канча жесе да, ичсе да такыр тойбойт. Берүүчү кол алуучу колдон да кайырлуу.

-Оо, Алланын Элчиси! Сени ак дин менен жөнөткөн Жараткан Аллага ант болсун! Өмүр бою Сенден башка адамдан эч нерсе кабыл албайм! дедим.

Хаким Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) берген алгачкы жүз төөнү алып, калганын кайтарып берди. Күнү келип, Азирети Абу Бакир олжодон үлүш бөлүп берүү үчүн Хакимди чакыртты. Бирок Хаким үлүш алуудан баштартты. Андан соң Азирети Умар аны бир нерсе берүү үчүн чакыртты. Хаким мында да кабыл алган жок. Азирети Умар топтогу адамдарга кайрылды:

-Эй, мусулмандар! Силерди Хакимге күбө кылам. Мен ага мына бул олжодон Жараткандын ага бөлгөн үлүшүн берип жатам, бирок ал алгысы келбей жатат.

Ошентип, Хаким Алла Элчисинин одүйнө салышынан соң өмүрүнүн акырына чейин эч кимден эч нерсе алган эмес экен (Бухари, Васая, 9; Вакиди, III, 945).

♥★★Күндөрдүн биринде Азирети Мухаммадга (саллаллаху алейхи васаллам) Мединалык мусулмандардан бир адам келет. Жокчулук жондон кайыш тилгенин айтып даттанат. Экөөнүн ортосунда берегидей баарлашуу жүрөт.

-Үйүңдө эч бир буюмуң жокпу?

-Бар! Жарымын жерге төшөп, жарымын жамынган таарыбыз жана суу куйган идишииз бар.

-Ошолоруңду бул жерге алып кел.

Буюмдар алынып келинет.

-Буларды ким сатып алууну каалайт? Сахабалардан бирөө бир дирхамга аларын айтат.

-Дагы көбөрөөк акчага ким сатып алат?

Эки дирхам берген сахабага буюмдар сатылган соң акчаны кембагалга берип жатып мындай дейт:

-Мунун бир дирхамына бүлөң үчүн тамак-аш ал. Ашканына бир балта ал да, мага кел.

Көп өтпөй кембагал балтаны алып жетип келет. Алла Элчиси өз колу менен балтаны саптаган соң:

-Эми баргын да отун алып сат. Он беш күн иштеген соң мага бир жолук -деп аны узатат.

Айтылгандай эки аптадан кийин кембагал Алла Элчисине(саллаллаху алейхи васаллам) келип, он күн ичинде он дирхам пайда тапканын, өзүнө, бүлөсүнө кийим-кече, азык-түлүк сатып алганын айтат.

Бул кабар Азирети Мухаммадды (саллаллаху алейхи васаллам) абдан сүйүнтөт. Ал мындай деген★♥

“-Тилемчилик кыямат күнү жүзүңө кара так болуп көрүнгөнүнө караганда бул иш сен үчүн дагы да кайырлуу» (Абу, Давуд, Закат, 26/1641; Ибн-и Мажа, Тижарат, 25).

Мусулман адам Азирети Пайгамбарыбызчылап мусулман боордошунун кесип тандашына жардам көрсөтүп, башкалардын да камын ойлой жүргөнү дурус♥

♥★★“Байлык жогорубу же кембагалдык жогорубу?» деген суроого такыбаалыгы жана ыкласмандыгы менен даңазага татыган Ахмад бин Ханбал★

“Эл-журттан сураба, соода-сатык менен алектен. Топуктуулуктан артык шарапаттуулукту билбейт экем» деп жооп берген экен★♥

♥★★Ибрахим бин Атхам кембагалдыктан даттанган адамга★♥

-Кембагалдыктан даттангыдай эмне аны акысыз бериштиби? дейт.

Шашкалактаган адам суроо узатат:

-Мырзам! Кембагалдыкка да акы төлөнөбү?

-Албетте! Мен кембагалдыктын наркын көрүп, сатып алуу үчүн чын ыкластан Балх өлкөсүн бергем…

Кеменгер бул жерде азоо напсини тизгиндеп, канааттуу болууну кыйытткан. Айласыз кембагалдыкка чыдап сабыр көрсөтүлсө, анын рухий наркына баа жетпес…

♥★★Канааттуулук жана топуктун артыкчылыгын чагылдыруу өңүтүнөн береги икая зор мааниге ээ★♥

Оозачар маалы. Наабайчынын каалгасына ажайып сыры бардай бакубат көрүнгөн бир карып келет. Жүзү сумсайыңкы, тартып үнү каргылданат.

-Уулум, бүгүнкү муктаждыгымды таба албадым. Мага жарты нан бер, ажал айдабаса, эртең келип төлөп кетейин. Боору ачыган наабайчынын:

-Кантип бербей койоюн. Жарты эмес, бүтүн нан берем. Акчасы керек эмес. Адал болсун! дегенине карабай көшөрөт:

-Кой балам, мага нандын төрттөн бири жетет… Балким, дагы үч кембагал келип жүрбөсүн. Сураганымдан артык жүзүмдү кызарта албайм. Ашыгына күч жетпейт. Асыресе төрттөн бири үчүн шартым, эртең келип карызымды төлөп кетем.

Табышмактуу инсандын табышмактуу мамилесине акылы жетпеген наабайчы нандын төрттөн бирин бергенге аргасыз болот. Нанды өөп, анан койнуна каткан карып шыбышсыз кадам таштап жол тартат. Бир маалда алдынан бир ит чыгат. Шыйпаңдап, үмүттүү караган көздөрүнөн анын ач экенин аңдаган карып “Демек жарымы сенин ырыскың экен!» деп койнундагы нандын жарымын итке берет да, мечитке барып калган нанды жеп муздак суу менен ооз ачат. Аз да болсо ырыскы берген Аллага шүгүрчүлүк келтирип намазга турат.

Эртеси күнү бирөөнүн ишин бүтүрүп акы алат да, наабайчыга барат. Албайм дегенине койбой акчаны чөнтөгүнө салып артка кайтат.

Мына канаат жана топуктуулуктун туучокусу… Ошол эле маалда өз муктаждыгына карабай берешендикти, Алланын макулугуна болгон боорукерликти аттап өтпөгөн жоомарт кул★♥…

♥★★Адампенде чөйрөгө токпейил карап, ошол эле маалда Алладан келген нематтарга топуксуздук кылбашы керек.

“Аюб (алейхис салам) жуунуп жаткан маалда үстүнө бир топ алтын чегиртке түшөт. Дароо кочуштап, кийимине толтуруп кирет. Буга көбө болгон Алла үн салат:

“-Эй Аюб! Мен сени мунун (дүнүйөдөн) муктаждыгынан чыгарган эмес белем?» Азирети Аюб:

“-Ызаатыңа ант этем, оо, Жараткан! Сенден келген берекени таштап сала албайм!» деп жооп берет» (Бухари, Гусл, 20).

♥★★Сүйүктүү Пайгамбарыбыз байлыктын көптүгү эмес, көңүлдүн, пейилдин токтугу нукура байлык экенин баса белгилеген★♥

Бул өңүттөн караганда, канаат жана топуктуулуктун салмагына жараша бай болуп эсептелебиз. Хадисте айтылгандай канаат-түгөнбөс, бүлүнбөс казына★♥

Демек, байлыкгы артып, берешендик кылган жандар чыныгы момундар♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️