Пример HTML-страницы

КАЙГЫ ЖЫЛЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=60399&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*Бисмиллахир рахмаанир рахиим*

 

КАЙГЫ ЖЫЛЫ

 

Бутпарастардын үч жылдык азабынан кутулгандан кийин, дагы бир нече кайгылуу окуялар болуп өткөн. Ал окуялардын биринчиси болуп Пайгамбарыбыздын (саллалалху алейхи васаллам) төрт жаштагы улуу баласы Касымдын өлүмү болду. Касымдын өлүмүнөн кийинки кайгыдан арыла элегинде,экинчи уулу Абдулла да каза болду…

 

Мусулмандар анын кайгысын тең бөлүшүп жатышты. Бирок бутпарастардын сүйүнүчүндө чек жок эле. Алар Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) ого бетер кайгыга батырыш үчүн:

«Эми Мухаммедден бир да тукум жок, тукуму кесилди. Тукумун уланта турган эркек уулу калган жок. Өзу да өлгөндөн кийин аты да, атагы да унутулат!» дешип, жүзүкаралык кылып жатышты.

 

Жараткан Алла Таала жогорудагы ушак-айың кептерге каршы төмөнкүдөй аяттар менен жооп берет:

 

*»(Оо, Мухаммед), албетте биз сага Каусарды тартуу кылдык. Ошондуктан сен Жаратканын үчүн намаз окугун жана (жандык) сойуп курмандык чалгын! Албетте сени жаман көрүүчү кишинин куйругу кыркылган (тактап айтканда, ал ким болсо дагы жокболот)!».*

 

(«Каусар» — бул бейиштеги бир булак. Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхивасаллам) үмөттү кыямат күнүндөгү майданында анын жээгине келип суу ичип чанкоолорун кандырат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ал тууралуу мындай дейт:

 

«Ал бейиште аккан бир дарыя. Жаратканым мага аны убада кылды. Анда көптөгөн кайыр бар. Суусу балдан ширин, сүттөй ак,каймактан койу, эки жээги асыл таштан. Чынылары күмүштөн. Аны ичкен киши экинчи суусабайт» .)

 

А,чынында, тукуму уланбай, биротоло тукуму курут болуп, изи уланбай калгандар Абу Жахилдер, Абу Лахабдар болду.

 

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) аты жана дини кылымдан кылымга уланып,ыйман келтирүүчүлөрдүн жүрөгүндө жашоодо жана кыяматка чейин жашамакчы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE