Кабыр сурактары жана жооптору

https://kyrgyzcha.site/?p=48358&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Кабыр сурактары жана жооптору

Раббим – Аллаху таала.

Пайгамбарым – Хазрети Мухаммед алейхиссалам.

Диним – Ислам.

Китебим – Курани карим.

Кыбылам – Кааба шариф.

Ишенимдеги мазхабым – Ахли сүннөт вал жамаат.

Амалда мазхабым – Имам азам Абу Ханифа мазхабы. (Башка амал мазхабында болсо, ошону айтат). Кыямат күнү адамдар карманган мазхаб имамдарынын аты менен чакырыла тургандыгы, мисалы:

«Ханафилер келгиле! Сүннүлөр келгиле!” — деп айтыла тургандыгы «Рух-ул-баян” тафсиринде «Исра” сүрөсүнүн 71-аятында жазылган.

•Кээ бир аалымдардын пикири боюнча кабыр сурактары кээ бир ишенимдерден суралат, кээ бирлеринин пикири боюнча бир канча акаид маселесинен (ыйман маселесинен) суралат. Ошондуктан, балдарыбызга:

«Раббиң ким? Диниң эмне? Кимдин үммөтүсүң? Китебиң эмне? Кыбылаң кайда? Ишеним жана амалда мазхабың кайсы?” — деген сурактардын жоопторун үйрөтүүбүз кажет.

Ошол суроолорго дүйнөдө ахли сүннөт жолунда болбогондордун жооптору туура болбойт. Туура жооп бергендердин кабыры кеңейип, ага Бейиштен бир терезе ачылып, Бейиштеги жерлери көрсөтүлөт♥

Периштелер ага жакшылык кылышат, кубанычтуу кабарлар айтышат. Туура жооп бере албай турган болсо, темир токмоктор менен урушат. Үнүн адамдардан жана жиндерден башка бардыгы угат. Кабыры тарайып, денесин кысат. Тозоктон бир терезе ачылып, Тозоктогу бара турган жерин көрүп, Сурак күнүнө чейин азап тартат. Кабырдагы, кыяматтагы жагдайларды дүйнө иштерине окшотууга болбойт. Андагы өмүр – акыйкат өмүр!

•Өлгөндөн кийин кайрадан тирилүүгө ишенүү – шарт. Эт менен сөөк чирип, топурак, газга айлангандан кийин, кайрадан жыйналып, рух денеге кирип, мазардан турат. Ошондуктан, бул убакыт «Кыямат күнү” деп аталат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️