Кабыр… Сен эмнеге туш болдуң?

https://kyrgyzcha.site/?p=51493&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Кабыр… Сен эмнеге туш болдуң?

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) мындай деди:

«Өлүк адам кабырга коюлганда, кабыр ага мындай дейт:

«Эй, адам баласы!

Сен эмнеге туш болдуң? Сен билесиңби? Мен жалгыздык үйүмүн, караңгылык үйүмүн? Жыландардын, жылан-чаяндардын жатагымын? Аллага баш көтөргөндөрдүн зынданымын? Сен эмнеге алдандың? А чынында жаныман жаа бою каччуу элең!»

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай деген:

«Алланын буйругуна баш ийген кулду кабырга коюшат. Ал кишинин жакшы амалдары аны курчап, аны коргошот. Бут алдынан азап периштелери келет. Намаз аларды тосуп чыгып:

— Буга жакындабагыла!

Ал Алла үчүн бутунда көп турган! – дейт.

Периштелер өлүүнүн баш жагына келишет. Орозо алар менен бетме-бет келип:

— Буга жакындабагыла!

Ал Алла жолунда көп жолу суусуз калды! – дейт. Анан азап периштелери өлүүнүн капталына келишет. Анда садага аларга:

— Буга тийбегиле!

Ал бул колу менен көп жолу садага берген! – дейт. Периштелер анын аркасынан келгенде Ажылык менен жихад тилге келип:

— Буга жолобогула!

Ал Алла Тааланын жолунда запкы көргөн! – дешет. Анда периштелер бул өлүүгө:

— Сага бул даражаң кут болсун! – деп кетип калышат.

Андан кийин мээрим периштелери келишет. Бейиштен бир төшөк алпкелишет. Төшөктү салышат. Ал кишиге кабырды кеңейтишет. Кабыры көзү көрө алганчалык кеңейет. Анан бейиштен бир чырак илишет. Ал мубарек өлүү тээ кыяматка чейин ошол чырактын нурунан жарык алат.

Пайгамбарыбыздын бир сахабасы (Алла ага ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) төмөнкүдөй дегенин баяндайт:

«Өлүү мүрзөгө коюлганда жаназанын артынан келген кишилердин кадамдарын угат. Бардыгы артка кайтат. Аны менен сүйлөшкөн эч ким калбайт. Аны менен эми бир гана кабыр сүйлөшөт. Кабыр ага:

«Менин сыпаттарымды, менин айбатымды жана менин тардыгымды сага канча жолу айтышты?

Мен үчүн эмне иш кылдың, эмне даярдадың?» — дейт.

Эгерде ал адам жашоосунда жакшы иштерди аткарып жүргөн болсо жогоруда айтылгандай эле кабыр кучагын жайат. Ал эми жаман иштерди жасап жүргөн болсо кабыр тозоктон болгон бир жайга айланат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️