• Эгер адам баласы өлө турган убактысын билгенде акылынан адашмак. Өлүм маалынын бизден жашыруун болгондугу да жакшы. Эгер гафилдик болбогондо эч ким бир дагы ишин карамак эмес. Гафилдик жана узак амал-максат артынан жүгүрүү жаман болуу менен бирге эки чоң нимат болуп да саналат. Эгер бул экөө болбогондо мусулман көчөдө баса албай турган абалда болмок.
• Дүнүйө өзүндөгү курулуштарды акмактардын гафилдигине карыз.
• Кандай кызык, өлүм сенин артыңан кубалайт, сен дүнүйөнүн артынан кубалайсың.
• Захит болуу жаман кийим кийинүү эмес узак эмел максаттарды таштоо.
• Өлүм моюнда асылуу, дүнүйө болсо аркаңа жүктөлүү. Адам баласы кылыч мойнуна чабыла тургандай өлүмгө даяр болуусу керек.
Азраил алейхиссалам менен бир туугандарча көрүшкөн Якуб алейхиссалам айтат:
— Сага бир өтүнүчүм бар. Ажалым жакындаган кезде мага кабар бер!
— Сага бир нече кабарчы келет.
Бир нече мезгил өтпөй Азраил алейхиссалам кайра келет.
Хазрети Якуб сурайт:
— Мени зыярат кылууга келдиңби?
— Жаныңды алуу үчүн келдим.
— Бир нече кабарчы келиш керек эмес беле?
— Сага кабарчы келбедиби? Чачтарың агарбадыбы? Дене-башың алсырабадыбы? Типтик турган белиң бүкүрөйбөдүбү?
Бир тикмечи улуу бир заттан сурайт:
— Өлүм төшөгүндө жатканда да тообо кабыл боло турган болсо ошол маалга чейин тообону кечиктирсе болобу?
— Өлүм төшөгүндө жатканда да тообо кабыл болот, бирок, тообону кечиктирүү туура эмес.
— Эмне үчүн?
— Сенин кесибиң эмне?
— Тикмечимин, кийим тигем.
— Тикмечиликте эң жеңил иш эмне?
— Кездемени кайчы менен кесүү.
— Канча жылдан бир тикмечисиң?
— Отуз жылдан бери.
— Жаның кекиртегиңе келген кезде кездемени кесе аласыңбы?
— Жан кыйналган кезде кездеме менен алек болмок белем? Кесе албайм, албетте.
— Отуз жыл бою оңойлук менен кылган ишиңди ошол кезде кыла албасаң анда өмүрүңдө эч кылбаган тообоңду жаның кекиртекке таяган кезде кантип кыласың. Азыр алы-күчүң бар кезде тообо кыл! Кийин кылуу кыйын болот. Азыр тообо кылсаң ошол маалда да тообо кылуу насип болот.
Тикмечи өлүм төшөгүн күтпөстөн дароо тообо кылып, салих адамдардан болду♥