Пример HTML-страницы

ИСЛАМДЫН КЕНИРИ ЖАЙЫЛЫШЫ.

https://kyrgyzcha.site/?p=59895&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бисмиллаахир рахмаанир рахиим.

 

ИСЛАМДЫН КЕНИРИ ЖАЙЫЛЫШЫ.

 

 

⚜БИР НЕЧЕ ХРИСТИАНДЫН МУСУЛМАН БОЛУШУ. ⚜

 

Бойкот токтогондон кийин мусулмандар кыйла эле жеңилдеп калышат. Ушул мезгилде Исламга киргендердин саны тез көбөйөт.

 

Исламга кызыккандардын арасында жыйырмага жакын христиан да бар болчу. Булар Хабашистанга көчүп барышкан мусулмандардан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жана Ислам жөнүндө уккандарын такташ үчүн Меккеге келишкен эле.

 

Каабанын жанында Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) менен сүйлөшкөн бул христиандар ага бир нече суроо менен кайрылышат. Суроолоруна укмуштай так жооп алышканда, абдан сүйүнүшөт. Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) аларды Алла Таала бирдигине ыйман келтирүүгө чакырып, Куран окуйт. Курандан улуулугуна тан беришип, Исламга толук ишенишип, баары тен ошол жерден мусулман болушат.

 

Бул окуя курайш бутпарастарын абдан ачуулантат. Бутпарастар башкалардын Исламга өтүшүнө каршы болгон куч — аракеттерини жумшап, айыгышкан күрөш жүргүзүп жатышса, буларды карабайсынбы, өздөрү келип, мусулман болуп жатышкандарын!

 

Абу Жахил баш болгон бир нече бутпарас аларга:

— Кудайдын каарына калгырлар! Силер ушул адамдан эмне үйрөнгөнү келдиңер, өз диниңерден баш тартып, ага баш ийдинер, бул жеткен акмактык! — деп кыйкырышат.

 

ББирок ыйман нуруна бөлөнүшкөн бул бактылуу адамдар бутпарастардын акаараттарына көңүл бурушпай, төмөнкүчө жооп кайтарышат:

 

— Бизге көрсөткөн акылсыздыгынарды биз силерге көрсөтө албайбыз. Куранда бул тууралуу мындайча айтылат:

 

📜 «Ырасында, Биз эскертме үлгү алуулары үчүн аларга Сөздү — Куранды улап (удаа- удаа түшүрдүк). Биз (Курандан) мурда Китеп (Тоорот, Инжил) бергендер (жөөттөр жана христиандар арасындагы момундар), ага (Куранга) ыйман келтирүүчүлөр. Аларга (Куран) окуп берилген убакта, алар: «Биз ага ыйман келтирдик. Албетте, Ал Жаратуучубуз тарабынан болгон чындык. Шек — күмөнсүз, биз (Куран түшүрүлүшүнөн) мурда да мусулмандар (Аллахты бир деп билип мойун сунуучулар) элек» дешет. Дал ошолорго, (дин жана ыйман жолунда) сабыр кылышкандыгы себептүү (Аллахтын) сыйлыктары кайра -кайра берилет. Алар жакшылык (сабыр ) менен жамандыкты (каапырлардын кыйноолорун) кайтарышат жана Биз аларга ырыскы кылып берген нерселерден кайыр — садага кылышат. Келжирек (сөздү же ишти) угушкан убакта, андан жүз үйрүшөт жана: «Биздин кылганыбыз өзүбүз үчүн, силердин кылганыр да өзүңөр үчүн. Аман болгула. Биз наадан адамдар менен (м аектеш) болууну каалабайбыз» — дешет».

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE