Ислам тарбиясынын талаптары.

Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим .

ИСЛАМ ТАРБИЯСЫНЫН ТАЛАПТАРЫ .

Томонкулор Ислам тарбиясынын негизги болуктору ( б.а талаптары ).

 

1) Баланын Куран окуй алуусу ,фикхти ( Ислам укук таануусун ) , Пайгамбарыбыз С.А.В жана такыба адамдардын ( озгочо сахабалардын ) омур баяндарын билуусу керек .

 

2) Ата Эненин тилин алууга жана аларды урматтоого , ошондой эле , оз устат мугалимдерин , озунон улууларды ардактоого уйронуусу кажет .

 

3) Жаман ( адаттарга ээ б.а сигарет тарткан ушул сыяктуу ж.б ) балдар менен дос болуудан алыс болуусу шарт , анткени конумуш адаттар пикирлеш аркылуу жугат .

 

4) Эгерде жаш бала мактоого татырлык бир иш кылган болсо , аны ачык ( эл алдында ) мактоо керек . А эгерде ал жектоого татыктуу бир иш кылган болсо , анда анын инсандык кадыр баркына шек келтирбестен туруп , эч кимге угузбай ,жашыруун озуно гана угузуп урушуу лазым . Анткени улам кайталап уруша берсен , андайдын кобун уккан сон , бала ага маани да бербей калат . Ошондой эле ,баланы уяттуулукка жана текеберликтен этит болууга уйротуу шарт .

 

5) Баланы чыдамдуулукка жана Сабрдуулукка уйротуу керек , анткени ал аны ( жаш балдардан ) кимдир бироо уруп койсо же ( ата энеси аны шапалак менен ) жазалаган учурда ыйлагандай жана митайымдык да кылбай туршандай кылып тарбиялоого далалат жасоо туура .

 

6) Бала тамакка жана уйкуга кыйкымчыл болбоосу учун тамакка болгон табитин топуктуулукка тарбиялоо зарыл .

 

7) Ага согунуп сагынууга , кимдир бироону кордоого , шылдындоого , келекелоого , маскаралоого жана пайдасыз , бекер создорду суйлоого уруксат бербоо , ал тургай тыюу салуу керек .

 

8) Баланы чон куноо кылуудан , маселен уурулуктан , жузукаралыктан , бузукулуктан ( зина кылуудан ) жана арам жолдор менен акча иштеп табуудан коргоо , сактоо керек .

 

9) Балага ал китеп окуудан колу бошогондон кийин гана сейилдоого жана ойноого уруксат берилгени дурус . Ага эгерде диний жана дуйно милдеттеринен алагды кылып койбой тургандай кылып спорттук оюндарга болгон суйуусун ойготуу зарыл .

 

10) Баланы тарбиялоого ал жаны торолгон кундон баштап киришуу кажет .Анткени ошол учурда баланын жан дуйносу ак барактай тап таза болот жана ар бир кыймыл арекет ,соз ,журум турумдар анын дилинде , албетте ,оз таасирин калтырып . Мына ошондуктан , аны эмизген аялдын такыба момун аял болуусу озгочо мааниге эгедер .

Мен Аллахтан бизге саалих , такыба перзенттерден беришин тилеп дуа кылам . Оомиин .

БЕЙИШКЕ АШЫК ЖУРОКТОР .

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️