Ислам дини жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарат.
Чынчыл болууга буюруп, калп айткандан тыйат.
Анткени, калп айтуу чоң күнөөлөрдөн болуп саналат.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ r : « وَإِيَّاكُمْ وَالْكَذِبَ فَإِنَّ الْكَذِبَ يَهْدِي إِلَى الْفُجُورِ وَإِنَّ الْفُجُورَ يَهْدِي إِلَى النَّارِ وَمَا يَزَالُ الرَّجُلُ يَكْذِبُ وَيَتَحَرَّى الْكَذِبَ حَتَّى يُكْتَبَ عِنْدَ اللَّهِ كَذَّابًا» {رواه البخاري (6094) ومسلم (2607)}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
«Калп айткандан сактангыла!
Анткени, ал бузукучулукка багыттайт.
Бузукучулук болсо, тозокко багыттайт.
Бир адам ар дайым калп айтып, калпты кааласа, Алла Тааланын алдында калпычы – деп жазылат». (Бухарий: 6094. Муслим: 2607)
Калп айтуу шариятта тыюу салынган арам иштерден.
Өзгөчө төмөнкүлөрдө:
1 – Алла Таалага калп айтуу.
Ал Алла Тааланын адал кылган нерсесин арам деп, арам кылган нерсесин адал – деп айтуу.
قال تعالى: } وَلَا تَقُولُوا لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمُ الْكَذِبَ هَذَا حَلَالٌ وَهَذَا حَرَامٌ لِتَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ { (النحل/116)
Алла Таала айтты:
«Тилиңер (өзүңөр) ойлоп чыгарган сөздөрдү Алла Таалага (оодарып) жалаа жабуу учун “Бул – адал, бул — арам” деп сүйлөй бербегиле.
Алла Таалага жалаа жапкандар Тозоктон кутулбайт». (Нахл: 116).
2 – Алланын элчисине калп айтуу.
Ал жалгандан бир хадис ойлоп чыгарып, аны Алланын элчисине (ага Алланын салават-саламдары болсун) жабыштыруу.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ r : « مَنْ كَذَبَ عَلَيَّ مُتَعَمِّدًا فَلْيَتَبَوَّأْ مَقْعَدَهُ مِنْ النَّارِ» (رواه البخاري/107).
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким, мага атайлап калп айтса (мен айтпаган сөздү айтты десе) ордун тозоктон даярдай берсин».(Бухарий: 107).
3 – Мамиледеги калп айтуу.
Өзгөчө соода-сатык иштеринде.
Ал – жалгандан мунун өз баасы ушунча же эң эле сапаттуусу ушул деп айтуу.
Ошондой эле, буюмдун жаман жагын жашырып, жакшы жагын көрсөтүү.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ r : «مَنْ غَشَّنَا فَلَيْسَ مِنَّا » (مسلم/101)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
«Ким бизди алдаса, бизден эмес». (Муслим: 101).
4 – Сөзүндө калп айтуу.
Ал мунафыктардын сапаттарынан.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ r : « أَرْبَعٌ مَنْ كُنَّ فِيهِ كَانَ مُنَافِقًا خَالِصًا وَمَنْ كَانَتْ فِيهِ خَصْلَةٌ مِنْهُنَّ كَانَتْ فِيهِ خَصْلَةٌ مِنْ النِّفَاقِ حَتَّى يَدَعَهَا إِذَا اؤْتُمِنَ خَانَ وَإِذَا حَدَّثَ كَذَبَ وَإِذَا عَاهَدَ غَدَرَ وَإِذَا خَاصَمَ فَجَرَ» (رواه البخاري/34)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде төрт (сапат) болсо, анда ал толук мунафык болот.
Кимде алардын бирөөсү болсо, андан арылганча ал адамда мунафыктыктын бир сапаты болот.
(Алар): аманат берилсе, кыянат кылат, сүйлөгөндө калп айтат, убада берсе, аткарбайт, талашып калса, калп айтат». (Бухарий: 34).
قال رَسُولُ اللَّهِ r : « إِنَّ مِنْ أَفْرَى الْفِرَى أَنْ يُرِيَ عَيْنَيْهِ مَا لَمْ تَرَ» (رواه البخاري/7043)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Жалгандын эң жаманы көрбөгөндү көрдүм деп айтуу». (Бухарий: 7043).
5 – Түштөгү калп.
Ал түшүндө көрбөгөн нерселерди көрдүм деп айтуу.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ r : « مَنْ تَحَلَّمَ بِحُلْمٍ لَمْ يَرَهُ كُلِّفَ أَنْ يَعْقِدَ بَيْنَ شَعِيرَتَيْنِ وَلَنْ يَفْعَلَ» (رواه البخاري/7042)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким түшүндө көрбөгөн нерсени көрдүм деп айтса, (Кыямат күнү) эки арпа данын бириктирип байлаганча азапталат.
Бириктирип байлай албайт».(Бухарий: 7042).
6 – Тамашалап жана элдерди күлдүрүү үчүн калп айтуу.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ r : « وَيْلٌ لِلَّذِي يُحَدِّثُ فَيَكْذِبُ لِيُضْحِكَ بِهِ الْقَوْمَ وَيْلٌ لَهُ وَيْلٌ لَهُ» (رواه أبو داود/4990)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Адамдарды күлдүрүш үчүн жалган сүйлөгөн адамга азап болсун! Азап болсун! Азап болсун»! (Имам Абу Дауд:4990)
Абдулла ибну Баз айтты:
«Көңүлдү көтөрүш үчүн чындыкка туура келген сөздү айтып тамашалоого уруксат.
Бирок муну адат кылып албаш керек.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, да кээде тамашалаган, бирок чындыкты гана айткан.
Ал эми жалганды айтып тамашалоого болбойт.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам:
«Адамдарды күлдүрүш үчүн жалган сүйлөгөн адамга азап болсун! Азап болсун! Азап болсун!»,– деп айткан». (“Мажмуъ фатауа уа макалаат”)
Арам – бул Алла Таала арам кылган нерсе.
Адал – бул Алла Таала адал кылган нерсе.
Кимде-ким Куранга негизделбей, оюнан чыгарып “бул – адал, бул — арам” дей берсе ал Алла Таалага жалаа жапкан болот.