Ал, Алла Таала жакшы көрүп, ыраазы болгон баардык ачык жана жашыруун сөздөрдү жана иштерди өз ичине камтыган ысым.
Ачык сөздөр:
Күбөлүк келтирүү, зикр, дуба жана истигфар айтуу ж.б.у.с
Жашыруун сөздөр:
Аллага, периштелерине, китептерине, элчилерине,
Кыямат Күнүнө жана тагдырга ыйман келтирүү сыяктуу аныктоосу важип болгон нерселерди жүрөк менен тастыктап — аныктоо.
Ачык (сырткы) иштер:
намаз, зекет, орозо жана хаж.
Жашыруун (ички) иштер:
Ыклас, жакшы көрүү, коркуу, үмүт кылуу жана тобокел кылуу ж.б.у.с. амалдар.
Кулчулук сөзү Куранда эки мааниде келет:
1 — Жалпы кулчулук.
Ал үстөмдүк кылуу жана мүлкүнө киргизүү.
Алла Таала айтты:
«Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер (Кыямат Күнүндө) Рахман (алдына) моюн сунуп келет». (Марям: 93).
2 — Өзгөчө (жекече) кулчулук.
Ал ыктыярдуу түрдө тандап алып сүйүп, баш ийүү кулчулугу.
Бул момундарга гана тиешелүү.
Алла Таала айтты:
«(Ал күндө аларга айтылаар): «Эй, биздин аяттарыбызга ыйман келтирген жана мусулман болуп өткөн пенделерим, бул Күн силер үчүн эч кандай коркунуч жок жана силер эч кайгы чекпейсиңер». (Зухруф : 68-69).
ИБАДАТ ТАВКИФИЯ
Ибадат Куран менен Сүннөткө келип токтолот, андан чыкпайт.
Куран менен Сүннөттө эмне ибадат болуп саналса, ошол ибадат болот. Ал эми эмне ибадат болуп саналбаса анын эч качан ибадат болуусу мүмкүн эмес.
Мына ошондуктан кандай гана пенде болбосун Куран менен Сүннөттө болбогон «ибадат» менен Алла Таалага сыйынуусу туура эмес. Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде — ким, биздин динибизде болбогон бир амалды кылса, ал (өз ээсине) кайтарылат». (б.а. кабыл болбойт)
(Имам Муслим риваяты).
ИБАДАТТЫН НЕГИЗДЕРИ
Алла Таала адамдарга фарз (милдет) кылган сыйынуу үч түркүккө негизделген: жакшы көрүү, үмүттөнүү жана коркуу.
1 — Жакшы көрүү, сүйүү:
Ибадатты сүйүүсүз элестетүү мүмкүн эмес.
Кушка учуу үчүн баш кандай керек болсо, ибадатка да сүйүү ошондой керек.
Сүйүү — Алла Таала жакшы көргөн нерсени жакшы көрүү, жаман көргөн нерсени жаман көрүү, өзүн кор-төмөн тутуп, Алланы улуктоо менен болушу керек.
Алла Таала айтты:
«Айткын! (Эй, Мухаммад): эгер Алланы сүйсөңөр, мени ээрчигиле. Ошондо Алла силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет». (Аали Имраан : 31).
2 – Үмүт кылуу:
Алла Таалага ибадат кылган пенде, Анын берешендигинин өтө кең экендигин элестетип, сооп берүүсүн ошондой эле күнөөлөрүн кечирип, тозоктон куткаруусун үмүт кылат.
Алла Таала айтты:
«Ким Аллага жолугуудан үмүткөр болсо, анда, албетте, Алла (белгилеген сыйлык жана жаза) мөөнөтү шексиз(күмөнсүз) келүүчү». (Анкабут: 5)
Үмүт кылуу үч түрдүү болот.
Эки түрү макталган (туура) ал эми, үчүнчүсү болсо, айыпталган (туура эмес).
1 — түрү:
Бир киши Алла Таалага баш ийип, ибадат кылат.
Андан кийин, Анын ырайымын жана күнөөлөрүн кечирүүсүн үмүт кылат.
2 — түрү:
Бир киши көп күнөөлөрдү кылып, аягында тообо кылып, Алла Тааланын күнөөлөрүн кечирип, бейишине киргизүүсүн үмүт кылат.
3 — түрү:
Бир киши өмүр бою күнөө кылып, андан кайтууну ойлоп да койбойт. Бирок, Алла Тааланын ыраймын жана күнөөлөрүн кечирүүсүн үмүт кылат.
Үмүт кылуунун мына ушул түрү айыпталган (туура эмес).
3 — Коркуу:
Пенденин Алла Тааланын арам кылган нерселеринен Алладан коркуп тыйылуусу.
Кушка учуу үчүн эки канат кандай керек болсо, ибадатка да үмүт кылуу жана коркуу ошондой керек болот.
Алла Таала айтты:
«Демек, эгер муъмин болсоңор, алардан коркпогула, Менден корккула»! (Аали Имран: 175).
Ар бир мусулман адам өзү кылган ибадаттарында ушул үч негиздин чогуу — бирдей болушуна көңүл буруусу зарыл.
Ибадаттын кабыл болуу шарттары экөө:
1 — Аллахка чын ыкластан ибадат кылуу:
Алла Таала айтты:
«Улуу Раббысынын жүзүн каалап, (садака) кылгандар гана Анын астындагы неъмат менен сыйланат». (Лайл: 19-20).
2 — Ибадаттын шариятка төп келүүсү:
Пайгамбарыбыз (ага Алланын салават-саламдары болсун) көргөзгөндөй болуусу керек.
Кандай гана пенде болбосун Куран менен Сүннөттө болбогон «ибадат» менен Алла Таалага сыйынуусу туура эмес.
Тескерисинче, ибадаттарда Алла Тааладан жана Анын пайгамбарынан келген көрсөтмөлөргө гана чектелүү керек.
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
«Кимде — ким, биздин динибизде болбогон бир амалды кылса, ал (өз ээсине) кайтарылат». (б.а. кабыл болбойт) (Имам Муслим риваяты).
ИБАДАТТЫН ТҮРЛӨРҮ
Ибадат, мусулмандын бардык жашоосун өз ичине камтыйт.
1 — Жүрөк менен аткарыла турган ибадаттарга мисал:
Ыклас, шүгүр кылуу жана сүйүү (жакшы көрүү).
2 — Тил менен аткарыла турган ибадаттарга мисал:
Зикир кылуу, тасбих айтуу, истигфар айтуу жана Куран окуу.
3 — Дене менен аткарыла турган ибадаттарга мисал:
Намаз, орозо.
4 — Мал — дүйнө менен аткарыла турган ибадаттарга мисал:
Зекет.
5 — Дене жана мал — дүйнө менен аткарыла турган ибадаттарга мисал:
Ажылык кылуу.