ХИДЖАП ДЕГЕН ЭМНЕ ДЕГЕН? ХИДЖАП БУЛ ПАРЗ. 

https://kyrgyzcha.site/?p=53763&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ХИДЖАП ДЕГЕН ЭМНЕ ДЕГЕН? ХИДЖАП БУЛ ПАРЗ.

 

✅Арабча которгондо бизче «тосмо, жабылуу» дегенди түшүндүрөт. Адамдын табияты бул дүйнө үчүн башкача жаралган. Эркек аялды көргөндө делебеси козголот, себеби анын аң сезиминде аял менен тукум улоо деген инстикт бар ошол үчүн акылы менен өзүн башкарса да аялдарды көргөндө денеси ачык болсо эркек автоматтык түрдө алардын аң сезимине дароо жаман нерселер келет. Бул жерде аялдын жүрөгү таза болсо да , ал ыймандуу болсо деле айырма жок . Бардык эркек аялды көргөндө эле аң сезиминде оюна секс келет. Бул заманбап медицинанын изилдөөсү. Бул эми физикалык деңгээлде.

 

✅… Көрүнбөгөн дүйнө бар , анын да өзүнүн реалдуулуктары бар. Ар бир эркек аялдын денесин көргөн сайын ал өзүнүн эркектик сыпатын жоготот, аял болсо денесин ачык көрсөтүп жүргөн сайын өзүнүн сулуулулугун, ден- соолук жана башка жакшы ырыскысын уурдата берет. Аял өзүнүн аялдык энергиясын жоготуп натыйжада өзүнүн жашоосун кыйындата берет. Демек оронуу , коргонуу бул ыймандуу болуп кетүүдөн да мурда бул аялдын өзүнүн бактысын кызганып коргогону. Өзүн сүйгөн, сыйлаган адам өзүнүн энергиясын курук бекерге кетирбейт…

 

✅Ыйык Куранда хиджап- жамынуу тууралуу мындай дейт Аллах Таала:

НУР СҮРӨӨСҮ 31-АЯТ

«Момун аялдарга айт: (Ар кайсы эркекти кароодон)көздөрүн сакташсын жана уятуу жерлерин аягы суюктук кылуудан сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүп тургандан башкасын. Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин жаба салынышсын. Сулуулугун көрсөтүшпөсүн…

Анан да , көмүскө кооздуктарын башкаларга көрсөтүү үчүн буттарын жерге катуу уруп жүрүшпөсүн. Эй, момундар! Баарыңар Аллахка гана тообо кылгыла! Балким азаптан кутулаарсыңар.

 

АСХАБ СУРӨӨСҮ 59- АЯТ

«Эй, пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын: «Үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын. Бул алардын таанылуусуна жана кордолбоолоруна жакыныраак. Аллах-Кечиримдүү, Мээримдүү!

 

? Адамзатты жана көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн чексиз ааламдын ээси Жараткан Аллах ар бир жараткан жандуусунун канткенде ага жакшы экенин билет. Жараткандын сөзүнө каршы чыккан адам өзүн кантип мусулман атап, кантип уялбай андан бир нерсе сурайт?

 

?Аллахтын парзын аткарып хиджап кийгениңизге канча болду?

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️