•Кимде ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат. (Муслим, Имаара -133; Абу Дауд, Адаб-115)
•Кимде ким бирөөнүн кемчилигин көрүп айыптаса, ал нерсе өзүнүн башына келмейин өлбөйт. (Тирмизий, Кыяма-53)
•Мусулмандын пайдасыз сөз-аракеттен алыс болуусу – анын мусулманчылыгынын жакшы жышааны.
(Тирмизий, Зухд-11; Ибн Маажа, Фитан-12)
•Аллах сулуу, сулуулукту сүйөт.
(Муслим, Иман-147; Ибн Маажа, Дуа-10)
•Аллах кулдарына жумшак мамиле кылат, бардык иштерде жумшактыкты сүйөт.
(Бухарий, Иститаба-4; Муслим, Бирр-47)
•Чыныгы сабырдуулук – кыйынчылыктын алгачкы учурунда.
(Бухарий, Жанаиз-43; Муслим, Жанаиз-14-15)
•Адамдарга ырайым кылбаганга, Аллах да ырайым кылбайт.
(Бухарий, Таухид-2; Муслим, Фазаил-66)
•Үнөмчүл болгон жакыр болбойт, кеңешкен адам өкүнбөйт.
(Табараний, Мужамул-Кабиир-10/108; Ажлуний, Кашфулхафа-2/246)
•Аллах шыпаасын жаратпаган бир да оору жок.
(Бухарий, Тыбб-1; Ибн Маажа, Тыбб-1)
•Досуң менен өтө эзилишпе, бир күн кас болорсуң,
Касың менен өтө кесилишпе, бир күн дос болорсуң.
(Тирмизий, Бирр-64)
•Арактан сактангыла, анткени арак бардык жамандыктын башаты.
(Насаий, Ашриба-44)
•Иштеген адамдын акысын тери кургай электе бергиле.
(Ибн Маажа, Рухуун-4)
•Шектүү нерселерден кач, шексиз нерселерге жанаш.
(Бухарий, Буйуу-3; Тирмизий, Кыяма-60)
•Кайда болсоң да Аллахтан корк.
Жаман ишиңдин артынан жакшы иш жаса, ал жамандыкты өчүрсүн. Адамдарга адептүү мамиле кыл. (Тирмизий, Бирр-55)
•Бири-бириңерге белек бергиле, сүйүүңөр артсын.
(Ибн Малик, Хуснул-Хулк-16)
•Мусулмандардын көпчүлүгү баркына жетпеген эки нерсе бар:
ден соолук жана бош убакыт.
(Бухарий, Рикак-1; Тирмизий, Зухд-1)
•Чыныгы мусулман – тилинен, колунан башка мусулмандарга зыяны тийбеген адам. (Бухарий, Иман-4)
•Тозок отун көрбөгөн эки көз бар:
Аллахтан коркуп ыйлаган көз жана Кудай жолунда мекенин коргогон жоокердин көзү. (Тирмизий, Фазаилул-Жихад-12)
•Адам досунун дининде болот.
Ошондуктан ким менен достошконуңарга көңүл бургула.
(Абу Дауд, Адаб-16; Тирмизий, Зухд-45)
•Суу отту өчүргөндөй, садака да күнөө-каталарды өчүрөт.
(Тирмизий, Иман-8; Ибн Маажа, Зухд-22)
•Мусулман мусулмандардын бир тууганы, ага зулумдук кылбайт, кыйынчылыкта жалгыз таштабайт.
(Бухарий, Мазалим-3; Муслим, Бирр-58)
•Акылдуу адам өзүн-өзү суракка тартып, өлүмдөн кийинкиси үчүн кам көрөт.
Алсыз, акмак адам напсиси каалаганды ээрчип, Аллахтан курулай үмүткөр болот. (Тирмизий, Кыяма-25; Ибн Маажа, Зухд-31)
•Үч киши болсоңор, экөөңөр досуңардан четтеп шыбырашпагыла (бул анын көңүлүн оорутат).
(Бухарий, Истизан-47; Муслим, Салам-37)
•Аллахка жаккан иш – аз болсо да уланып турган иш.
(Муслим, Салатул-Мусафирин-218)
•Элге ишеничтүү, чынчыл, туура-так жүргөн соодагер Кыяматта шейиттер менен бирге болот.
(Тирмизий, Буйуу-4; Ибн Маажа, Тижарат-1)
•Аййуб бин Муса атасы аркылуу чоң атасынан бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты:
“Эч бир ата, балага жакшы тарбиядан дагы баалуу белек бере албайт”.
(Тирмизий)
•Сахабалардан Абу Сайид ал-Худрий бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты:
“Ким үч кыз чоңойтуп, жакшы тарбиялап, күйөөгө узаткан болсо, ал үчүн Бейиш бар”. (Абу Дауд)
•Айша энебиз баяндаган хадисте:
Чөлдө жашаган бир араб пайгамбарыбызга (САВ) келип мындай деп айтты:
“Силер балдарыңарды өбөсүңөрбү? Биз болсо өппөйбүз.
Пайгамбарыбыз (САВ): ”Аллах сенин жүрөгүңөн мээримдүүлүктү алып койсо, мен эмне кылайын? (мен сенин жүрөгүңө мээрим бере албайм) деген”. (Бухарий жана Муслим)
•Сахабалардан Зарбий бул хадисти баяндаган:
Анас бин Малик мындай дегенин уктум:
“Карыган бир адам пайгамбарыбызды (САВ) көрүүүчүн келди.
Ал жердегилер тосуп алып, кары адамга жер бошотууда кечигишет. Пайгамбарыбыз (САВ): “Кичүүлөрүнө ырайым кылбаган, улууларына урмат көрсөтпөгөн бизден эмес (мусулман эмес)” деп айтты”.
(Тирмизий)
•Абу Хурайра бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз (САВ) айтты: “Ырыскысынын кенен, өмүрүнүн узун болуусун каалаган адам (тууган-уруктарына каралашсын) алар менен болгон байланышын үзбөсүн”.
(Бухарий, Муслим жана Абу Дауд)
•Абу Хурайра бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: «Адамдын бейиште даражасы көтөрүлөт.
Буга таң калган адам: «Бул кайдан чыкты?»- деп сурады.
Ага: «Балаң сенин күнөөлөрүңдүн кечирилүүсүүчүн дуба кылуудан улам”,- деп айтылат.» (Ибн Маажа)
•Абу Хурайра бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты: “Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, мейманын сыйласын.
Ким Аллахка жана КыяматКүнүнө ыйман келтирсе, тууган-уруктары менен карым-катнашта болсун (аларга каралашсын). Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөз сүйлөсүн, же унчукпасын”.
(Бухарий жана Муслим)
•Айша энебиз баяндаган бул хадисте Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деп айтты:
“Сообуна эң тез жете турган кайырдуу иштер, жакшылык кылуу жана тууган-уруктар менен карым-катнашта болуу.
Жазасы эң тез келе турган жамандыктар, чектен чыгуу жана тууган-уруктар менен болгон карым-катнашты үзүү”. (Ибн Маажа)