Хади́с» (арабча: الحديث «сөз»)—Мухаммед пайгамбардын (САВ) санат сөздөрү («кауль»), жактыруулары (макул табуулары) («такрир»), көрүнүшү («васфи») же кылган иш-аракеттери («филь»). Хадистер Сахабалардын жардамы менен айтылып, сакталып келген.Хадистерди колдонуу Мухаммед пайгамбардын убагында эле башталган. Ар бир хадис бири-бирине айтып жеткирген адамдардын үзгүлтүксүз чынжырчасынан — иснаддан турушу керек. Башкача айтканда жеткирүүгө катышкан, эң биринчи уккан адамдан баштап бардык инсандардын тизмеси. Бирок хадистин шексиздиги, ырас экендиги (чын эле пайгамбар ушинтип айтканбы, же башка адамдар ойлоп чыгарганбы) үчүн үзгүлтүксүз иснад зарыл болгону менен, хадисти чындыкка чыгаруу үчүн жетишсиз болгон. Жеткирүүчүлөрдүн толук тизмеси түзүлгөн соң, айтып берген адамдардын өмүр баяны изилденген. Эгер, кайсы бир айтып берүүчүнүн начар эс-тутуму, психикалык жактан токтоо эместиги, же жөн гана чынчыл эместиги билинсе, анда ал адам – начар жеткирүүчү катары саналып, айтылган хадис шектүү болуп саналган. Хадистер аныгы жагынан шексиз (сахих), жакшы (хасан), начар, шектүү жана ойлоп чыгарылган (башка адам атайы ойлоп чыгарып, пайгамбар айткан деп жайылтуу, калп) болуп бөлүнгөн.Хадистер жөн гана насаат болуп тим болбойт. Мухаммед пайгамбар, ким пайгамбар айтпаганды айтты деп жалаа жаап, пайгамбардын атынан айтса ал тозоктон орун алат деп айткан. Пайгамбардын бул сөзү кудайга баш ийүүчүлөргө катуу таасир эткен. Хадистердин маңызы — Куранда жазылгандарды кененирээк, түшүнүктүүрөк кылып ачып берүү. Мисалы, Куранда намазокуу буйрулган. Ал эми хадис намазды кандайча окуу керектигин түшүндүрөт.Мухаммед пайгамбардынсахабаларыны бири Абу Хурайра5354 хадис айтып берген.Белгилүү, беделдүү хадис жыйноочулардын бири – имам Мухаммад ибн Исмаил аль-Бухари (810—870). Ал 700 миңдин тегерегинде хадис жыйнап, алардын 7400 гана «аль-Джами’ ас-Сахих» жыйнагына киргизген. Бул бардык хадистердин 1% ашыгыраагын гана түзөт. Ал эми калган хадистерин шектүү же начар хадис деп санаган.Эң көлөмдүү жыйнактардын бири 40 миң хадис камтыган имам Ахмад ибн Ханбалдын «аль-Муснад» жыйнагы (Ибн Ханбал 1 миллионго жакын хадис жыйнаган).
Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

Сизге мумкун жагып калат...
2
Илимдин Аллах Таала ыраазычылыгы үчүн гана болуусу🌹♥ 🌹Абу Хурайра разияллоху
2
Намаз окуп жатканда рукундарда каерди кароо керек? 🌙★Кыямда жана кавмада
14
Бактылуулукка жетүүдө илимдин мааниси🌙🌹 Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхис
12
•Эки түрдүү булганыч бар• 1. Оор нажасат (булганыч): Адам баласынын денесинен
10
Таттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси🌹 🌹Мусулман адамдын жүзү жылмайган
13
Ъисам (рахматуллохи алайхи) Хатим Захид Альбалхи (рахматуллохи алайхи)ден
12
Алланы эскерүү (зикир чалуу) жүрөктүн бейпилдигинин куралы🌹 Алла таала
8
ИСЛАМ ДИНИ КАЧАН ПАЙДА БОЛГОНУН ЖАНА КАНТИП ТАРАГАНЫН БИЛБЕГЕНДЕРГЕ САБАК:
13
АККӨҢҮЛДҮК, ЖАРООКЕРЛИК ЖАНА БООРУКЕРЛИК🌹♥ Аккөңүлдүк Аллага жаккан сапат♥
16
ЧЫНЧЫЛДЫК🌙🌹♥ Чынчылдык — бул пайгамбарлардын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнөн🌹
9
ТОБОКЕЛ ЖАНА ТАСЛИМИЯТ-МОЮН СУНУУ🌙♥ Тобокел — «таваккуль» деген арап сөзү.
12
Имамга уйуунун туура болуусу үчүн он шарт бар🌙♥ 1♥Намазга туруп жатканда
20
Шайтандын алдоо жолдору Шайтан ар түрдүү жолдор менен адамга васваса берүүгө аракет кылат.
3
“Хырка-и шариф” (Пайгамбарыбыздын ыйык чапаны)♥ 🌹Мухаммед алейхиссаламдын
10
Ахли сүннөт ишеними (акыйдасы) Имам Мухаммед Газали (рахметуллахи алейх) «
4
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат♥ Мен Пайгамбарыбыз (саллаллооху
26
ТҮБӨЛҮК БЕЙИШКЕ БАРУУНУ КААЛАЙСЫҢБЫ? Эх, ким гана каалабайт бейишке барууну?
55
Боорукер жана ырайымдуу Аллах аты менен баштаймын! Лайс бин Саьд даанышман,фикх
24
АДАМДЫН ЖАРАТЫЛГАН КЕЗИ ТУУРАЛУУ БАЯНДАГАН КУТТУУ ХАДИСТЕР Абу Хурайра
29
Ардактуу Пайгамбарыбыздан хадистер «Сыйлыктын чоңдугу балээнин оорлугуна жараша.
10
АЛЛАДАН КОРКУУ- КОРКУНУЧ ЖАНА ҮМҮТ ♥Сүйүү жана таазимдин таасиринен
18
Сахабалардын бөлүнүшү♥ Ахли-Сүннөт аалымдары сахабаларды үчкө бөлгөн♥ 1. Мухажирлер —
20
ХАДИСТЕРДИН САНЫН БИЛЕСИЗБИ? Хадис, сүннөт жана кабар деген үч сөздүн мааниси
5
Мунаралардын үнү🌙 🌙Мунаралардан чыккан үн кылымдар бою элибиздин үнү болуп келген.
24
Аллаху Таалага ишен, сени куткарат♥ Аллаху Таала дуба кылгандарды, өзүнө
3
Диндеш мусулманга🌙 бапестелген сүйүү🌹♥ Кулпенденин жүрөгүндөгү Аллага бапестелген
8
ТААЗИМ🌹🌙 Таазим-ыймандан жаралган такыбаалык, сүйүү, сыпаалык, баам-парасаттуулук
9
АМАНАТКА БЕК БОЛУУ ЖАНА УБАДАНЫ ТАК ОРУНДАТУУ♥ Аманат жана ыйман деген
13
Асссаламу алейкум! Бүгүн сиздерге пайгамбарыбыз саллалоху алейки вассаламга
21
~НИЕТ ЖАНА ЫКЛАС~ Абу Хафс Умар бин Хаттаб баяндаган хадисте Пайгамбарыбыз(саллаллоху