Пример HTML-страницы

Хадис… 

https://kyrgyzcha.site/?p=59870&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Хадис

 

Абу Абдурахман Абдулла бин Масууд баяндаган хадисте ал мындай дейт:

Туура сүйлөгөн жана чынчыл Пайгамбарыбыз (САВ) айтты:

«Силердин ар бириңердин жаратылышыңар эне курсагында кырк күндө суюк абалда топтолот жана ошончолук убакыт ичинде уюган канга айланат. Андан кийин дагы ошончолук убакытта бир үзүм эт абалына келет, андан кийин ага бир периште жиберилет. Периште ага рух үйлөйт жана периште төрт нерсеге буйрулат: түйүлдүктүн ырыскысын, ажалын, аткара турган иштерин, бактысыз (тозокко кирүүчү), бактылуу (бейишке кирүүчү) боло тургандыгын жазат. Алла Таалага ант ичем, силердин бирөөңөр бейишке ылайык иш аткарып бейишке бир кулач калганда «бактысыз» деген жазуу басымдуулук кылып, тозокко ылайык иш аткаруу менен тозокко кирет. Ошондой эле, силерден бирөөңөр тозокко ылайык иш аткарып жүрүп, тозокко бир кулач калганда «бактылуу» деген жазуу басымдуулук кылып бейишке ылайык иш жасап бейишке кирет».

(Бухари жана Муслим)

 

Хадиске түшүндүрмө:

 

«Жаратылышыңар эненин курсагында кырк күндө суюк абалда топтолот…» деген сөздүн мааниси, аял менен эркектин суулары кошулат жана андан бала пайда болот деген мааниге келет. Буга Алла Тааланын төмөндөгү аяты далил болот: «Ал (эркектин) бели менен (аялдын) көкүрөк капасы ортосунан атылып чыгуучу бир суудан жаралган го!» Андан кийин эне курсагында түйүлдүктүн өөрчүүсү хадисте баяндалгандай, уюган кан, этке айлануу, төрт ай толгондо жан кирүү сыяктуу баскычтарды басып өтөт жана адам баласы ушундайча дүйнөгө келет. Хадистин аягында кээ бирөө өмүр бою бейишке ылайыктуу иш аткарып жүрүп, өмүрүнүн аягында тозокко ылайык иш жасап тозокко кире тургандыгы жана башка бирөөнүн өмүр бою тозокко ылайык иш жасап журуп, өмүрүнүн аягында бейишке ылайык иш жасап, бейишке кире тургандыгы айтылган, албетте, бул жазмыштан.

 

Хадистен алынган өкүмдөр:

 

— Адам баласы төрөлөөрдөн мурда бактылуу, бактысыздыгы маңдайына жазылат.

— Бардык иштер натыйжасы менен бааланат…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE