Хадис:

https://kyrgyzcha.site/?p=44625&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Хадис:

«Менин Раббим мени эң сонун адеп менен адептендирген»

Улуу Сүннөттөр адеп болуп эсептелет.

Түпкүлүгүндө бир нур, бир адеп болбогон эч бир маселеси жок! Расул Акрам Алейхиссалату Вассалам айткан:

«Менин Раббим мени эң сонун адеп менен адептендирген».

Ооба, Пайгамбарыбыздын турмушуна көңүл бурган жана Улуу Сүннөттөрдү билген адам Аллах Таала өзүнүн сүйүктүүсүндө акактай адептердин түрлөрүн топтогонун айкын түшүнөт.

Анын Улуу Сүннөттөрүн таштаган адам адептерди да таштаган болот.

1) эрежесин тастыктаган болуп, зыяндуу бир адепсиздикке түшөт.

Суроо:

Бардык нерсени билип турган жана көрүп турган жана эч бир нерсе андан жашырына албаган Алламул Гуюбга (Гайыпты билүүчү Аллах) карата адеп кандай болушу керек?

Уялууга себепкер болгон абалдарды андан жашыра албайсың.

Адептин бир түрү – жамынуу болуп эсептелет да, жийиркенүүгө себепкер болгон абалдарды жаап-жашыруудан турат. Анда Алламул Гуюбдан жамынып-жашырынуу кандай болот?

Жообуңду ал:

Биринчиден:

Саани Зулжалал өзүнүн чеберчилигин өтө маани берүү менен сулуулап көрсөткүсү келет. Жийиркеничтүү нерселерди пардалар артына коюп жатат жана ошол нээматтарын көрктөндүрүү менен көңүлдөрдү аларга бурдурууда.

Так ошондой эле:

Макулуктарын жана кулдарын бөлөк акыл ээлерине чырайлуу көрсөткүсү келет. Алардын үрөй учурган абалдарда көрүнүүлөрү — Жамил, Музеййин, Латиф жана Хакиим сыяктуу ысымдарына карата баш ийбестик жана адепке терс болуп эсептелет. Ошентип Улуу Сүннөттөрдөгү адеп дагы ошол Саани Зулжалалдын ысымдарынын чегиндеги адептердин анык абалын алгандык болот.

Экинчиден:

Кандайча бир табып доктурлук кесибине байланыштуу бейтап аял же эркектин уяттуу жерине карай алса жана зарыл болгон учурда ага көрсөтүлсө, бул адепке терс болбойт. Анткени бул абалды медицина адеби талап кылып жатат. Бирок ошол табып эркек катары же болбосо насаатчы катары, же болбосо аалым катары уяттуу жерлерге карай албайт. Ага көрсөткүлө деп адеп чечим бере албайт жана ага көрсөтүү адепсиздик болот. Ошондой эле Саани Зулжалалдын көптөгөн ысымдары бар. Ар бир ысымынын өзүнчө бир чагылуусу бар.

Мисалы:

«Гаффар» ысымы, күнөөлөрдүн бар экендигин, «Саттар» ысымы кемчиликтердин бар болуусун кабыл кылган сыяктуу, «Жамил» ысымы да көрксүздүктү көрүүнү каалабайт. «Латиф, Карим, Хакиим, Рахим» сыяктуу чыйрайлуу жана мыкты ысымдары, барлыктардын сулуу бир көрүнүштө жана мүмкүн болгон абалдардын эң жакшысында болууларын талап кылат. Ошол сулуу жана мыкты ысымдар периште, рух ээлери, жин жана инсандардын назарында, барлыктардын сулуу абалдары менен жакшы адептери аркылуу өздөрүнүн сулуулуктарын көрсөткүсү келет.

Мына ошентип Улуу Сүннөттөрдөгү адептер да – бул улуу адептин белгиси, эрежелери жана үлгүлөрү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️