ГЫЙБАТ ДЕГЕН ЭМНЕ ЭКЕНДИГИН БИЛЕСИҢЕРБИ?!
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, (сахабалардан): «Гыйбат (ушак) деген эмне экендигин билесиңерби?!» – деп сурады. «Аллах жана Анын Элчиси билет»,– деп айтышты. Ал айтты: «Гыйбат деген – бул бир адамга тийиштуу ал жаман көргөн нерсеси тууралуу сөз кылганың». (Сахабалардан) бир адам: «А эгер менин айтканым ал адамда болсочу?!» – деп сураганда, Аллахтын Элчиси айтты: «Эгерде сенин айтканың ал адамда болсо, анда аны ушактаган болосуң. А эгер сенин айтканың ал адамда жок болсо, анда жалаа жапкан болосуң». (Имам Муслим)
Имам ан-Навави айтты: «Гыйбат деген бул – адамдын денесине, динине, жашоосуна, жеке өзүнө, дене-боюна, мүнөзүнө, мал-мүлкүнө, ата-энесине, бала-чакасына, аялына, кызматчыларына, кийимине, кыймыл-аракетине, түнт же жайдары мүнөзүнө жана башка ага тийиштүү ал жаман көргөн нерсеси тууралуу сөз кылуу. Гыйбат – сөз, белги же ишарат менен болот». (“аль-Азкар”)
Бир топ сахабалар Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдында отурган кезде бир адам тууралуу сөз кылышып: «Тамак бермейинче өзү жей албайт, (атына) мингизмейинче өзү мине албайт»,– деп айтышты. Пайгамбар айтты: «Силер аны гыйбат кылдынар». Айтышты: «О, Аллахтын Элчиси! Биз андагы болгон нерсени гана айттык». Ал айтты: «Андагы болгон нерсени айтуунун өзү эле сага жетиштүү». (аль-Асбахани; “ат-Таргиб уа ат-Тархиб”)
Гыйбат кылуу – бул бир адамды анын жок кезинде ал укса жаман көрө турган сыпатын башкаларга айтуу же аны жамандоо. Бул анын динине, дене-мүчөсүнө, тегине, кулк-мүнөзүнө же кийимине байланышабы, баары бир гыйбат болуп саналат.
Аллах Таала Ыйык Куранда мындай деп айтты:
«Эй, ыйман келтиргендер! Көп (жаман) ойлордон алыстагыла. Чындыгында, кээ бир ойлор күнөө. (Бири-бириңерди) аңдыбагыла жана бири-бириңерди гыйбат кылбагыла. Силердин кимиңер өлгөн бир тууганынын этин жегенди жакшы көрсүн?! А силер мындан жийиркенесиңер! Аллахдан корккула.Чындыгында, Аллах тообаларды кабыл Кылуучу жана Ырайымдуу». Хужурат сүрөөсү (49:12)
Башкача айтканда, бирөөнүн артынан жаман сөз айтып аны ушактабагыла. Андан соң Аллах Таала гыйбат кылган адамды мисал кылып: «Силердин кимиңер өлгөн бир тууганынын этин жегенди жакшы көрсүн?!»,– деп айтты.
Аллах Таала жогорудагы аятта бирөөнү ушактоо адамдын өлүк этин жегени сыяктуу деп мисал келтирди жана «А силер мындан жийиркенесиңер!»,– деп гыйбат кылуунун күнөө экендигин мисал кылып баяндады.
Эч бир адам өлүктүн этин жемек турсун, аны кармоого дагы батынбайт. Ал эми көпчүлүк адамдар ушактоонун канчалык күнөө экендигин билбестен туруп бири-биринин артынан эринбей ушак айткандары четтен чыгат. Ал эми кээ бир адамдар мунун күнөө экендигин билсе да, ушактаган адамга: “Муну өзүнө барып айт, мага айтып эмне кыласың”,– деп айтууга да оозу барбайт.
Аиша, радыяллаху анха, айтты: «Бир жолу Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Сага Сафийянын мындай-тигиндей болгону деле жетишет (б.а бою кичине)»,– дедим. Ошондо ал айтты: «Сен ушундай сөздү айттын, эгерде ал деңиздин суусуна аралашса, анда деңиздин суусун да бузуп жибермек». (Имам Абу Дауд; Имам ат-Тирмизи)
Бул хадисте бироонун кемчилигин айтып жамандоо күнөө экендиги айтылды.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Ар бир мусулмандын каны, мал-мүлкү жана ар-намысы башка бир мусулман үчүн арам». (Сахих Муслим)
Билгиниң, ушактаган адам да, ушакты угуп жатканы да бирдей күнөөкөр. Уккан адам күнөөдөн алыс болуш үчүн ушактаган адамды тили менен тыйсын. Эгерде муну кыла албаса, жүрөгүндө жаман көрсүн же ал жерден туруп кетсин. А эгер тыюуга кудурети жетсе, анда “мындай кылбагын” деп айтып токтотуу ал үчүн важип.