Гусулга байланыштуу маалыматтар.

https://kyrgyzcha.site/?p=64102&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Гусулга байланыштуу маалыматтар.

1- Жунуп кезде аялына жакындоо күнөө эмес, жаиз. Даараттуу болгон жакшы.

2- Туалетте гусул алууга болот. Мончого оң бут менен кирилет.

3 – Шафииде дарат алууда тартип фарз. Жунуп болгон Шафии мазхабындагы адам гусулга ниет кылып деңизге кирип чыкса, ошол бойдон намаз окуй алат. Анткени, гусулда дене бир орган болуп саналат.

4 – Гусулда аврат жерлери жабык кезде кыбыланы кароо макрух эмес.

5 – Гусул албастан намаз убактысын өткөрүп албоо шарты менен уктоого болот.

Пример HTML-страницы

6 – Адам бир түндө эки жолу ихтилам болсо, жада калса, он жолу ихтилам болсо дагы бардыгы үчүн бир жолу гусул алуу жетиштүү.

7 – Түнү жунуп болуп ойгонгон адам багымдат намазынын убактысынын чыгуусуна аз калганын көрсө күнөөгө кирбөө үчүн убакыт чыгып үлгүрбөй кала турган болсо да дароо гусул алууга аракет кылат. Баары бир үлгүрбөй калам депкүндүн чыгышын күтүүсү туура эмес.

8 – Аялдар гусул алып жатканда алдына жана аркасына манжасын тыгып тазалоолору керек эмес. Мындай нерселердин эч кандай негизи жок. Ансыз деле дененин ичинде нажасат болот. Көрүнбөгөн жерлерди эмес, көрүнгөн жерлер гана жуулат.

9 – Эгер аял жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болууну каалаган кезде шприц менен жатынга урук салынып бойго бүтсө гусул алуусу керек. Эркектин жыныс мүчөсү аялдын жыныс мүчөсүнө эмес анын сыртына сүртүлүп сперма чыкса жана ошол сперма кийин аялдын жатынына кирсе аял гусул албайт. Эгер ушундайча боюна бүтө турган болсо гусул алат жана ошол күндөн берки окуган намаздарынын казаларын окуйт. Сууда чөгүп өлүү

Суроо: Жунуп кезинде деңизде же көлдө чөгүп өлгөн адам жунуп бойдон өлгөн болобу? Жооп Жок, даараттуу өлгөн болот. Сууга киргенде бүт жерине суу тийип, оозуна, мурдуна суу киргендиктен гусул алган болуп саналат. Ыйманы бар болсо шейит болуп өлгөн болот. Мончого кирип баратканда

Суроо: Мончобузда унитаз бар. Мончого кирип баратканда оң бут менен кирүү керекпи же сол бут мененби? Жооп Жуунуу максатында кирип баратканда оң бут менен, туалетке кирип баратканда сол бут менен кирилет. Чыгып баратканда болсо тескериси кылынат. Жылаңач жуунбаш керек

Суроо: «Мончодо жылаңач жуунуу макрух” деп айтылууда. Кандай кылганда макрухтан кутулган болобуз? Жооп Киндик менен тизенин арасын жаап турган пештамал (ороно турчу кездеме, материал) менен жуунуу керек. Пештамал табылбаса хашама (сууга түшкөндө кийилген купальник) колдонуу керек. Ханбали мазхабын таклид кылып, бир гана алдынкы жана арткы аврат жерлерди жапкан бир шорты менен жуунуу керек.

Пештамал же хашама болуп туруп Ханбали мазхабын таклид кылып, шорты менен жуунууга болбойт. Экө тең жок болсо гана таклид кылынат. Мазхаб таклиди бир зарылдык болгондо гана кылынат. Зарылдык болбосо кылынбайт. Жунуп адам көлгө кирсе

Суроо: Жунуп адам деңизге же көлгө кирип чыкса гусул алган болобу? Жооп Бассейн, көл, дарыя, деңизге кирип чыккан же жамгырда бүт жери суу болгон жунуп оозун жана мурдун дагы жууса гусул алган болот. Деңизге башы менен кирип, бирок, оозуна суу кирбеген болсо, чыкканда суу ичсе гусул алган болот. Тактап айтканда суу ичкенде оозу дагы жуулган болот.

Бирок, жунуп кезде оозду жуубай суу ичүү макрух. (С. Эбедиййе) Көлгө кирген же түшкөн жунуп колу-бутун кыймылдатып, суунун ичинде бираз күтсө, гусулдун сүннөтүн дагы орундаган болот. Ханафиде ниет фарз болбогондуктан көлгө, деңизге түшкөн адамдын оозуна жана мурдуна да суу кирген болсо гусул алган болот.

Шафииде болсо эгер сууга кирип баратканда жана суунун ичинде гусулга ниет кылса гусулу сахих болот. Маликиде болсо ниет дагы, дененин бүт жерин делк кылуу (жышуу) керек. Жунуп чакага колун салса

Суроо: Жунуп адам даарат албай чакадагы сууга колун салса суу мустамел (колдонууга жараксыз абалга келген) болобу? Жооп Жок, мустамел болбойт. Жада калса, чакадан колу менен суу алып даарат алса дагы чакадагы суу мустамел болбойт. Мончонун курнасынан дагы ошол сыяктуу колу менен суу алып, даарат алса дагы курнадагы суу мустамел болбойт. Бул суу менен даарат жана гусул алууга болот.(С. Эбедиййе) Гусулда дуба окуу

Суроо: «Гусул алып жатканда даарат дубалары окулат, кыбыланы караса дагы болот”, — деп айтылууда. Аврат жерлерибиз ачык кезде ушуларды кылууга болобу? Жооп С. Эбедиййе китебинде айтылат: «Гусулдун сүннөттөрү мустахабдары, даараттын сүннөттөрү жана мустахабдары сыяктуу. Бир гана гусулда тартип б.а., кезеги менен жуу сүннөт эмес.

Гусулда кыбылага каралбайт жана дуба окулбайт. Бир гана бисмиллах жана келиме-и шахадат окулат.” «Эгер киндик менен тизенин арасын жаап турган пештамал, хашама сыяктуу бир нерсе бар болсо ошондо гана кыбыланы кароого болот.” (Радд-ул мухтар) Аврат жери жабык болгон адам дуба дагы окуй алат. Жунуп болбосо аврат жерлери жабык бойдон Куран дагы окуса болот. Бирок, өзүнүн аврат жерлери ачык кезде жана аврат жерлери ачык болгондордун жанында Курани карим окуу макрух.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️